Киев Орусиянын Волгоград облусундагы Мариновка аскердик аэродромуна жана күйүүчү май сакталган кампаларга сокку урулганын бышыктады. Тоңдун Туура-Суу айылынын тургундары үйлөрүнө кайтып келди. Ишкер Имамидин Ташовдун иши сотко өттү.
Ысык-Көлдө сел коркунучунан улам башка айылдарга көчүрүлгөн Туура-Суу айылынын тургундары үйлөрүнө кайтып келди. Буга чейин тоодогу Зындан көлү жырылып, Тоң суусунун деңгээли көтөрүлүп, айылды суу каптоо коркунучу жаралган эле.
Ысык-Көлдүн Темир айылында селден кийинки тазалоо иштери жүрүүдө. Тургундар үйлөрдүн тегерек-чети, көчөлөр тазаланбай жатканын айтышты. Жергиликтүү бийлик миңге чукул куткаруучу, элдик кошуундар жана күч кызматкерлери ишке тартылганын билдирди.
Кыргызстанда тоодо жайгашкан 2000ден ашуун көлдүн 370инде жырылуу коркунучу бар. Буга эмне себеп жана анын алдын алууга болобу?
"Азаттыктын" кабарчылары 18-19-августтагы катуу жааган жаандан кийинки селден жабыркаган Ысык-Көл облусунун бир катар айылдарындагы тургундардын үнүн укту. Катуу селге байланыштуу Ысык-Көл жана Тоң райондорунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Кыргызстанда тоо арасында көчүп-конуп жүргөн балчылар бал челектер менен улам жер которууга аргасыз. Глобалдык климаттын өзгөрүүсү үй-бүлөлүк бизнеске да таасир тийгизүүдө. Алар бал аарыларды Эки-Нарын өрөөнүнүн башына чейин ташып жатат. Бул тоолордон Сырдарыянын негизги башаты - Нарын агып чыгат.
18-августтун кечинде Ысык-Көл облусундагы бир катар айылдарда сел жүрдү. Украин армиясы Курск облусундагы Сейм дарыясына салынган үчүнчү көпүрөнү талкалаганын билдирди. Кыргыз өкмөтү Тажикстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктоо алдында турганын билдирди.
Катуу жааган жамгырдан соң 18-август күнү кечинде Ысык - Көл облусундагы бир катар айылдарда сел жүрдү. Буга байланыштуу Ысык-Көл районунда жана Тоң районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Катуу жааган жамгырдан соң 18-август күнү кечинде Ысык-Көл облусундагы бир катар айылдарда сел жүрдү. Жаратылыш кырсыгынан улам Ысык-Көл районунда жана Тоң районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Орусиянын Украина менен чектеш дагы бир - Белгород облусунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өкүл атасы делген Азим Ройго козголгон кылмыш иши токтотулганы кабарланды. “Ысык-Көл” аэропортунда учкучсуз учак кулады.
Кыргызстандын Жалал-Абад аймагында экотуризм тармагын өнүктүрүү аракети күч болууда дейт ишкерлер. Быйыл коңшу Өзбекстандан келген туристтердин саны көп болгон. Аймактагы кабарчыбыз экотуризм кеңири жайылып жаткан кооз жайлардын бири - Аксынын Кара-Камыш көлүндө болуп келди.
Бишкекте Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев кармалды. Курск аймагында "федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал" жарыялады. Парижде эркин күрөштөн 57 кг чейинки салмакта Бекзат Алмаз уулу коло медал үчүн күрөшөт. Кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты.
Дагы жүктөңүз