Кыргызстан “Кумтөр” кенин толук өзүнө алып, иштете баштаганына үч жылдан ашты. Кыргыз бийлиги кендин жалгыз кожоюну мамлекет болгондон бери киреше артып, аны менен өлкөдөгү ири курулуштар, социалдык маселелер четинен чечилип жатканын айтат.
Орусиянын өкмөтүнүн токтомунун негизинде "Сахарово” көп функционалдуу каттоо борбору 1-сентябрдан тарта өлкөгө визасыз режим менен кирген бардык эмгек мигранттарын “Амина” аттуу тиркемени жүктөп алып, анда катталууну талап кылууда.
Дүйшөмбү күнү Газанын түштүгүндөгү Насер ооруканасына жасалган аба соккусунда кеминде 20 адамдын өмүрү кыйылып, алардын арасында медициналык кызматкерлер, жай тургундар жана беш журналист болгон. 2023-жылдын октябрында тутанган Жакынкы Чыгыштагы уруштар 190дон ашуун журналисттин өмүрүн алды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев сот тармагында коррупция тыйылбай жатканын, ири суммадагы пара менен кармалгандары аныкталып, жазага тартылып жатканын айтты.
Кыргызстандын Жеңиш чокусунда бутун сындырып, 7100 метр бийиктикте калган орусиялык альпинист Наталья Наговицинаны куткаруу аракеттери азырынча токтогон жок. Эл аралык топ кайра дрон учуруп, сегиз күндөн бери жалгыз жаткан аялдын абалынан так маалымат алууга аракеттенет.
53 жашында бөөдө кырсыктан каза болгон актер Руслан Курманалиевдин сөөгү 25-августта жерге берилди. Ал 35 жылга жакын чыгармачылык менен алек болуп, театр жана кинодо 80ге жакын роль жараткан.
Ысык-Көлдүн Тоң районунда катуу жаандан соң сел жүрүп, бир нече үйдүн короосун каптады. Балыкчы-Каракол жолу убактылуу жабык турду. Жабыркагандар селдин алдын алуу аракети жүрбөй жатат деп нааразы болууда.
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буту сынып Жеңиш чокусунда калган орусиялык альпинист Наталья Наговицинаны куткаруу операциясын аба ырайынан улам токтотту. 7 миң метр бийиктен аны алып түшүү боюнча үч жолу аракет көрүлдү.
Израил армиясы Газа шаарын оккупациялоо үчүн чабуулдун алгачкы фазасын баштады. Жөөт армиясы учактар, танктар менен соккуларын тездеткени шаардын дээрлик миллиондой тургунун башына караңгүн түштү. Шаардын түндүк жана чыгыш райондорунда жарылуулардын добушу тынымсыз угулуп жатканы кабарланды.
Дүйнөлүк банктын эсебине караганда Кыргызстан көп кирешелүү адамдардын өлкөсүнө айланышы үчүн 70 жыл керек. Банктын мындай баяндамасы боюнча Кыргызстандын дарамети Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында орто деп бааланган.
Кыргызстандын калкы таштандыны туш келди ыргытуу адатынан арылбай келет. Акыркы кезде өлкөнүн жогорку кызматтагы адамдары да бул тууралуу айтып, элди табиятты таза тутууга чакыра баштады. Ал арада мамлекеттен колдоо күтпөй, айлана-тегеректи өз алдынча жыйнап-тазалаган адамдар бар.
Кыргызстанда август айынын башында 1916-жылдагы Үркүн окуясын эскерген жүрүш өттү. “Тосор” коому жана “Эсимде” изилдөө аянтчасы уюштурган жүрүш быйыл жылдагыдан узагыраак болуп, төрт күнгө созулду.
Дагы жүктөңүз