Газа шаарында чатырда башкалкалап турган, 38 жаштагы беш баланын атасы Абу Язан ал-Жади жубайы жана балдары менен кантип күн көрүштү билбей калды.
"Түштүккө кантип жетем, жол киреге акча жок. Өзүм майыпмын. 9 жаштагы кызым мен отурган арабаны кантип түртөт? 100 метрдей түртүп барып, "ата, колум талыды" дейт. Анан түштүккө таш жол менен качан жетебиз?" - деди майыптын арабасында отурган, буту тизеден ылдый таңылган жергиликтүү тургун.
Жадинин үй-бүлөсү 2023-жылы октябрда Израил согуш баштаганда Газа шаарынын ал-Шааф районунан чыгарылган. Чиедей балдарын жетелеп, Нусейрат, Хан Юнис жана Рафахка чейин жер которууга аргасыз болгон. Быйыл жыл башында биринчи ок атышпоо режими күчүнө киргенде бул үй-өбүлө Газа шаарына кайтып келген.
“Гедеондун арабалары-2”
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху “Гедеондун арабалары-2” деп аталган Газа шаарын ээлеп алуу боюнча алдыдагы операциянын мөөнөтүн кыскартуу талабын койгону кабарланды.
Нетаньяхунун айтымында, бул операция масштабы жана мааниси жагынан Экинчи дүйнөлүк согуштун аягындагы Берлин салгылашуусуна тете болуп, ХАМАС тобу (АКШ, Евробиримдикте террордук уюм деп табылган) “толугу менен талкаланышы” керек.
Израил армиясынын жердеги операциясынын так убактысы азырынча беймаалым.
“Биз алдыдагы күндөрдө аракетибизди күчөтөбүз”, - деп билдирди жөөт армиясы - ЦАХАЛдын Башкы штабынын башчысы Эял Замир.
Соңку эки аптадан бери Израил Газадагы бир канча аймакта, анын ичинде Газа шаарынын эң чоң кварталы – Зейтунда операцияларын жүргүздү. Божомолдорго ылайык, жер үстүндөгү ири чабуулдардын сентябрдан мурда башталышы күмөн.
Анын жүрүшү Израилдин Газанын түндүк бөлүгүнөн түштүккө бир миллиондой тургунду эвакуациялоо иштеринен көз каранды.
Жергиликтүү элди көчүрүү олуттуу кыйынчылыктар менен коштолууда.
Нетаньяхунун кооптуу планы
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газа тилкесинде дээрлик эки жылга чукул барымтада жаткан бардык туткундарды бошотуу жана согушту токтотуу боюнча дароо сүйлөшүүлөрдү баштай турганын өткөн аптада билдирди.
“Барымтадагыларды бошотуу жана согушту Израил кабыл ала турган шарттарда токтотуу боюнча дароо сүйлөшүүлөрдү баштоого көрсөтмө бердим”, - деди жөөт өкмөт башчысы.
Ал өткөн бейшембиде Газа тилкесиндеги ЦАХАЛдын дивизиясына келип, Газада барымтада отурган израилдик тутукундарды бошотуу үчүн чукул арада сүйлөшүүлөрдү баштоого көрсөтмө бергенин айтты.
Бул жерге ЦАХАЛдын Газа шаарына көзөмөлдүк орнотуу жана ХАМАСты талкалоо планын бекиткени келдим", - деди Нетаньяху видео кайрылуусунда.
Бир күн мурун Израилдин Коргоо министрлиги палестин анкалавында ХАМАСтын эң кубатуу таянычы саналган Газа шаарын оккупациялоо үчүн такоолдогу 60 миң жоокерди армияга чакырган планды бекитти.
Палестин анклавынын жүрөгү саналган, калк жыш жайгашкан Газа шаарын басып алуу тууралуу Нетаньяхунун кооптуу планын Израилдин коопсуздук кабинети ушул айда кабыл алынган.
Бирок Израилдин эң жакын союздаштарынын көбү Тель-Авивди бул чечимди кайра карап чыгууга үндөгөн. Соңку 10 күндө Израилдин танктары Газа шаарына жакындаган сайын миңдеген палестиндер үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду.
Учурда жөөт армиясы тилкенин болжол менен 75-80% көзөмөлдөп турат.
"Эки элди тең азапка салат"
Израилдин билдирүүсүнө жооп катары, Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Газа шаарында өткөрүлчү операция массалык өлүм-житим жана кыйроо менен коштолорун эскертти.
“Газада ок атышууну дароо токтотуу жана эч кандай шартсыз бардык барымтадагыларды бошотуу өтө маанилүү экенин дагы бир жолу баса белгилейм. Газа шаарында массалык өлүм-житимге жана кыйроого жол бербеш керек. Ошол эле учурда, Израил бийлиги Батыш жээкти бөлүп-жарган мыйзамсыз конуштарды кеңейтүү чечимин артка кайтарышы керек. Андай конуштарды куруу - эл аралык мыйзамдарды бузат”, - деди БУУнун баш катчысы.
Израил бийлигинин кооптуу планын Батыштын бир катар өлкөлөрү сындап, анын кесепти оор болоруна көңүл бурушту. Франциянын президенти Эммануэл Макрон Газаны басып алуу "эки элди тең азапка салып, жалпы аймакты узакка созулган согушка кептей турган тобокелдик турганын" белгиледи.
Эл аралык Кызыл Чырым уюму газалыктардын дагы жер которгону жана согуштук аракеттердин ыкчамдашы Газа элинин ансыз да араңжан абалын дагы оорлоторун жарыялады.
Ал ортодо эл аралык арачылар ок атышууну убактылуу токтотуу тууралуу жаңы сунушту эки тарапка тең берген. ХАМАС анын шарттарына макул болгону менен Израил өкмөтү расмий жооп бере элек.
Катар менен Египет даярдап, эки жакка тең берген сунуш 60 күн ок атышууну токтотууну жана ХАМАСтын барымтасындагы 10 тирүү туткунду чыгарып, 18 сөөктү кайтарып берүүнү камтыйт.
Израил болсо узактан бери түрмөлөрүндө жаткан 200дой палестиналыкты бошотмок.
Израил өкмөтү Газада барымтада отурган 50 кишини чогуу бошотулсун деп талап кылган. Туткундардын болжол менен 20сы тирүү экенине ишенишет.
2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын согушкерлери Израилге жасаган террордук кол салуудан 1100дөн ашуун адам өлтүрүлүп, 251 киши барымтага алынган. Андан бери 148 туткун аман-эсен кайтарылды.
Газа тилкесинин саламаттык сактоо мекемеси согуш башталганы 62 миңден ашуун киши каза тапканын маалымдады. Анклавдын согушка чейинки 2 миллион калкынын 90% үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Ушул тапта анклавдын калкына тамак-аш жетпей, ачарчылык тооруп турат.
Шерине