Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Август, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:29

"Тоо кырынан карадым төмөндөргө". Табиятты сүйгөн Улук акын


Улук Рысалиев.
Улук Рысалиев.

Кыргызстандын калкы таштандыны туш келди ыргытуу адатынан арылбай келет. Акыркы кезде өлкөнүн жогорку кызматтагы адамдары да бул тууралуу айтып, элди табиятты таза тутууга чакыра баштады. Ал арада мамлекеттен колдоо күтпөй, айлана-тегеректи өз алдынча жыйнап-тазалаган адамдар бар.

Талас районунун тургуну, акын Улук Рысалиев Өтмөк ашуусуна жакын жерде жүргүнчүлөр ыргыткан ыпыр-сыпырды күн алыс терип турат. Элди табиятты булгабоого чакырып, дубал бооруна төрт куплет ыр дагы жазган. “Жер эне” подкастыбызда жаратылыш менен эриш-аркак жашаган акын тууралуу айтып беребиз.

Талас районунда Өтмөк ашуусуна чыга бериш жерде жүргүнчүлөр токтогон там бар. Союз маалынан бери бул жерге ары-бери каттаган жолоочулар чай кайнамдык тыным алышчу. Эгемендик жылдары тамды ашканага айлантып иштеткендер көп болду.

Быйыл жазда жалгыз тамга социалдык тармакта Ашык Карып деген псевдоним менен таанымал акын Улук Рысалиев көчүп барган.

Акын токтогондорго кыргыздын нукура көмөч наны, каймагы менен кымызын сунуштаган ашкананы бир тууган агасы эл экологиялык таза азык жесин деген максатта ачканын айтып отурду.

"Бул эми байкем менен жеңемдин идеясы. Ошолор ачып, иштетип жатат. Мен жөн эле жардам берип жүрөм. Илгеркидей көң калап, казан көмөчкө нан жапкандар жок эле болуп калды да. Баары эле электр мешке нан жабат. Биз нанды илгерки апаларыбыздай бышырабыз. Келип, даам таткандар кийин дагы “Баягыдай наныңыздар барбы?” деп сурап жатышат. Көбүнчө көмөч нанды бала кезинде жеп салган ортоңку муундагылар көп сурайт".

Чакан бизнес баштардан мурда бир туугандар тегерек-четке ишембилик уюштурган. Андан кийин актап-жуулган, эски ажаткананын дубалына төрт сап ыр жазылган.

Акыл эс бар, айбандардан өйдөбүз,
Таза болсун жаратылыш чөйрөбүз.
Мусор, пакет, желим, кагаз-калдыкты,
Суранабыз жерге таштай көрбөңүз!

Акын бул ыр эле катуу таасир этти дейт:

"Атайын урналарды алып келдик, жол таза болсун деп күнүнө эки маал калдыктарды терип жатам. Көбүнчө эле ошол кагаз, салфетка, желим баштыктарды таштап кетишет. Балдардын жалаяктарын дагы ыргытышат. Анан даараткананын бетине ыр жазып койдум, азыр ошонун таасири билинип жатат. Мурункудай туш келди ыргытпай калышты. Кирип келе жатып эле окуйт, анан эки жагын карап, таштандыны урнага ыргытып калышты. “Мурда ушул жердин дааратканасына эч ким кире албай калды эле, азыр оңолуп калды” деп жатышат. Бул жерге илгертен эле жүк ташыган машинелер токтойт да. Тамак-ашынын калдыгын, өздөрүнө кереги жок буюмдарын урнага алып барып ташташат. Адамдардын сезимине жете тургандай нерселерди ойлоп тапса, тазалыкка көңүл бура баштайт тура деп ойлоп калдым".

Улук Рысалиевдин элди тазалыкка чакырган ыры. Талас.
Улук Рысалиевдин элди тазалыкка чакырган ыры. Талас.

Акын айлана-тегеректи күндө эки маал тазалап турат. Ал кан жолдун боюндагы айылдар жүргүнчүлөрдүн таштандысынан тажап бүткөнүн айтты:

"Бул жер эми кан жолдун бою. Өйдө-ылдый өтүшөт. Кээ бир адамдар таштандысын жол боюна ыргытып кетишет. Бир-экөөнө айтып, эскертип, уяткардык. Жаратылыш, чөйрөбүз таза болсо, адамдын өзүнө эле жакшы. Көрктүү болуп турганы жагымдуу го. Маданияттын башаты ажаткана эмеспи, жол боюнда кымыз сатып отургандар ушуну эске алса".

Акын ат менен эл сейрек барган алыскы жайлоолорду кыдырып келет. Мөңгүлөрдүн абалын өз көзү менен көргөндөрдүн бири.

"Мөңгүлөрдүн азайып кеткени мындай деле көзгө урунуп жатат. Миң-Жылкы жайлоосунун кире беришинен ары Чоң-Төрдүн чаты көрүнүп турат. Мурда ал жердеги мөңгүлөр аппак болуп жатчу. Өткөндө барсам, кадимкидей тартылып, азайып калган экен. Жайлоо салкын болчу мурда, быйылкы ысык тоонун жанынан да сезилип жатты", - дейт акын.

Өтмөк ашуусу башталган жер.
Өтмөк ашуусу башталган жер.

Окурмандар акындын ырлары тоонун шамалындай эркин экенин айтышат. Бул ырларынын көбү тоо аралап жүргөндө жазылган экен.

"Өзүмө дагы, окурмандарыма дагы көбүрөөк жаккан ырларым ошол тоолорду кезип жүргөндө келген эргүү менен жазылган. Алыскы төрлөргө, тээ кырларга барганда адамдын өзүнө байкалбаган шык, дараметтери ачылат окшойт. Таза абанын, бийиктиктин касиети бар. Анан калса, биз тоонун балдарыбыз.

ТООЛОРГО ЧАКЫРУУ

Чылк ылдыйга ат чаптым шагылдардан,
Чылымымды тутанттым чагылгандан.
Тоо койнуна чакырам, тоо койнуна,
Турмушунан чалынып, жаңылгандар!

Тоо кырынан карадым төмөндөргө,
Төмөндө эмне? Окшош күн көгөндөлгөн...
Булуттарды сыладым балтырынан,
Бул дүйнөнүн эркеси- мен өңдөнөм!..

Кийик көрөм аскадан, элеңдеген,
Коён качат бадалдан сереңдеген.
Тоо үйрөттү мүнөзүн мага дагы,
Токтоолукту, бар-жокко кебелбеген.

Тыңшап калам улардын ышкырыгын,
Таңдайымда ширеси ышкынынын.
Көөдөн толуп кусага турган кезде,
Тоодон оңой чыгат го, үшкүрүгүм...

Булгай албас көр түйшүк касирети,
Бийиктиктин башкача касиети.
Жыйыштыр да бардыгын тоого жөнө,
Жапыз жерден болбосо, башың эки!..

Ушакташпайт арчалар артыңардан,
Уу сөзү жок чөптөрдүн жан чыгарган...
Сергийт денең, сергек мээң, уйкуң сонун,
Сериалдардан кутулуп, тантыраган...

Чылк ылдыйга ат чаптым шагылдардан,
Чылымымды тутанттым чагылгандан.
Тоо койнуна келгиле, тоо койнуна,
Турмушунан чалынып, жаңылгандар!..

Тоодо кээде он күндөп, конуп-түнөп жалгыз жүрөм, коркпойм. Өзүм көп элес албайт окшойм, сырдуу эч нерсе байкай элекмин, бирок тоо баштарынан адашкан кийиктерди көрүп калам. Кээде байкабай отурсаң, жаныңа оттоп келген учурлар көп эле болот. Аюнун изин көрдүм бир жолу. Суурдун ийинин казыптыр. Жанындагы топуракка изи түшүп калыптыр, түндө казса керек. Орто-Кошойдун башында жүргөм. Бир күн мурда так ошол жерден өткөндө соо эле болчу, кийинки күнү эки-үч ийин катарынан казылыптыр. Чарадай таштарды сыртка ыргыткан экен".

Табиятты сүйгөн акын бир маалда тоо чөбүнөн чай демдеп берди. Акыркы жылдары дары чөптөрдү чогултуу эрмегине айланган. Чатырды ала кетип, тоодо жумалап жүрүп терип келет.

Чөп чай.
Чөп чай.

"Тээтиги чокунун ары жагында эмне бар болду экен, төрдүн ары жагы кандай болду экен?", - деп кызыгып барам. Биздин айылдын жеринин көбү Токой чарбасынын карамагында. Өзүм бала кезден дары чөптөргө кызыгам. Атайын китептерди издеп, таап окуйм. Бозунач деген чөп бар, Чаткал тарапта, Таластын ылдыйкы кырка тоолорунда көп болот дейт. Ал жакты барып көрө элекмин. Бизде Бала Сандыкта эле бар. Аны боор ооруларын дарылоо үчүн ичишет. Жакында тоо карагаты бышат. Бирок анын машакаты көп. Тоого чыгып, тикен аралап териш керек. Акыркы жылдары эл мурдагыдай тербей калды. Чымчыктарга эле жем болуп атат окшойт. Бөрү карагаттын тамырын сары жыгач деп коюшат. Аны сарык болгондорго берет. Өрмө кара деген бар. Илимий аталышын билбейм, чөбү сабиздикиндей болуп чыгып, сары гүл ачат. Тоолордо, бийик жерлерде, шагылдуу жерлерде өсөт да. Тамырын казып кете берсең эки метрге чейин өрүлүп, оролуп барат. Анын курамында кальций көп. Сөөк сынганда ичсе бат бүтөт экен. Жоор болгон аттарга майдалап сепсе, бат жакшы болот. Тоо түйнөгү (ромашка) бар, анын чанагы чоң болот. Тундурмасы стоматит же оозул болгондо чайкаса, жакшы жардам берет".

Акын сөз арасында климаттын өзгөрүшү өсүмдүктөргө да таасир этип жатканын кошумчалай кетти. Айталы, кыргыздар мамыры (эдельвейс) деп атаган тоо гүлү азайып баратат дейт.

"Эдельвейс бизде ушул Чоң-Кошойдун башында Миң-Жылкыда көп болчу. Боорду, дегеле адамдын организмин тазалаганга жардам берген, абдан пайдалуу чөп. Мурда көп эле, быйыл барсам абдан эле азайып калыптыр. Мал жеп койгонбу же ошол климаттын таасириби, айтор жылдагыдай эмес".

Акын терип келген дары чөптөрдү көлөкөдө кургатат.
Акын терип келген дары чөптөрдү көлөкөдө кургатат.

Акын муну менен катар жайыттар какырап жатканына кейиди. Ал малдын санын эмес, сапатын көтөрүү зарыл деген пикирде. Ошол эле маалда өзүнүн байкоосунун негизинде экологиялык ой толгоолорун ортого салды.

"Мал чөп жетилип, урук чача электе эле жеп салып, жайыттар жабыркап жатат. Малдын санына эмес, сапатына карап бакпаса болбой калды. Этти, жүндү жакшы берген 50 кой бакса, 100 койдун кирешесин табат. Антпесе жайыттарда мурдагыдай чөп жок, азайып, тикен каптап кетти. Сиз бала кезде сууда балык көп эле. Көпүрөнүн астынан секирип ойношчу. Эч ким жебеген итикий деген балык азыр калбай калды. Эл муну форель чарбаларынан, норкадан көрүшөт экен. Мен дыйканчылык да таасир этип жатабы деп ойлойм. Картөшкө баккандар колорадо коңузуна каршы дарылап жүрүштү, жер семирткичтер чачылып атат. Анын баары таасир этет да. Экологдор келди өткөндө, сүйлөшсөм, пестициддер жерге сиңе берсе, кийин ошол аймак чөлгө айланып кетиши мүмкүн дешти. Биздин айыл деле жылып баратат, алма-өрүк бышып. Мунун баары мени ойго салат".

Акын бийлик экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө акын-жазуучуларды да тартса деген оюн билдирди.

"Климат, глобалдык темалар жөнүндө жазгандын жоопкерчилиги да чоң болот да. Андай нерсеге батынып киргенден жүрөксүнүп турам. Акындар уйкаштыгы, эл таппаган сөздөрдү таап алганы менен өзгөчөлөнөт эмеспи. Акындарды, чыгармачыл адамдарды, элге пайдалуу, экологияны коргой турган, жардам бере турган нерселерге пайдаланса эмне болсун? Жакшы болмок".

Улук Рысалиев бир кезде Талас облусундагы райондук, облустук гезиттерде иштеген. Кийин алардын айрымдары жабылып, иш орундары кыскарганда туулган айылы Талды-Булакка баса берген. Бирок чыгармачылыгын таштаган эмес.

"Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгында облусттук акын, жазуучулардын фестивалы уюштурулган. Ошондо биринчиликти беришти, 30 миң акчасы менен. 1997-жылы “Сорос” фонду уюштурган республикалык кароо сынакта гран-прини утуп алгам. Өмүрүмдө ошол эки эле сынакка катышткам. Быйыл ырларымдын баарын чогултуп, даярдап койдум, басмаканага берейин деп.

Таласта элге таанымал Мая Осмонкулова, Арзыкан Момунтаева, өзүбүздүн айылдан Шабдан Сулайманов баштаган акындар бар. Бирок бизде адабий иш-чараларды өткөрүүгө кызыкдар адамдар деле жок. Башка жакка караганда сейрек жолугабыз. Же мен сыртта жүрүп көбүнө катыша албай калып жатамбы? Укпай калат окшойм".

ЖОЛ
(А...га)
Жар бойлоп, тоо аралап, түзгө чыгып,
Жол өтөт сен тарапка ушул туштан.
Жалгыз баш жанда болмок эмне кызык,
Жүрөктүн тушун мыкчыйм кысылышкан.

Түркүн бир тагдырлардын таманында,
Тапталып, тасма болуп созулат жол.
Түшүнбөйм өзүм жакшы-жаманыма,
Түрүлгөн жол учунда сен аман бол!..

А менин жолум ушул - тикенектүү,
Азоодой ырларымды кишенеттим.
Мелжеген жолго жолдош боло албадым,
Мен балким, жакшы деле киши эмесмин...

Жол учу кайдан бүтөт, качан бүтөт,
Жоошутпайм, жооп издебейм жасап-түзөп.
Жол бою мени бир аз ойлоп койсоң,
Жетпеген бактым жээктен аша түшөт!

Жол кетет сен тарапка ушул туштан,
Жарк этет машиналар бурулуштан.
Жол айры. Жомок бүтөр. Өмүр-конок...
Жакшы арзуу калсын ырга жуурулушкан!..

Акын акыркы жылдары котормочулук менен да алектенип жаткан кези.

"Испандардын Хуан Рамон Хименес деген акыны бар экен. Ырларын кокусунан, ушул социалдык тармактардан көрүп калдым. Бир ырын орус тилине үч котормочу оодарыптыр. Ошолорду салыштырып окуп жатып эле кызыгып кеттим. Азыр төрт-беш ырын которуп койдум. Бир карасам жакшыдай көрүнөт, кайра карасам жакпай калат. Ырды да ушинтип жазам. Купулума толгондо гана жарыялайм. Испан акыны деңизди жакшы көргөнү билинип турат. Мен болсо тоону жакшы көрөм, тоону жазам. Ушул жагынан экөөбүз окшошуп кетебиз".

Улук Рысалиев которгон Хуан Рамон Хименестин ыры.

КҮЗГҮ ЖАМГЫР

Күзгү нөшөр тереземди чабат да,
тепкич ылдый чачырайт да, агат да
сиренди жууп, жалтыратты заматта.
Жүрөгүмө кең талаага төккөндөй...

Көктөн жамгыр төгөт, төгөт жадатма.
Ак туманга чөгөт бүл-бүл алыстык,
ушул чөлкөм тунат күдүк санаага.
Кыйгач түшкөн кызгылтым нур, агып тур.

Тереземдин бетинде суу салаалап...
Төгөт нөшөр бир калыпта жадатма.
Жүрөктө муң. Бопбош талаа-түз дагы,
Жанымда жок досум. Сүйгөн кыз дагы.

Жаштык бошко жандап өтүп баратат,
Чекеме өтөт алакандын муздагы.
Ал ансайын жаанын төгөт күз дагы.
Көз жаштай нөшөр... Кеч анан нөшөр көнөктөйт..

Жүрөккө анан талаага бир түш элестейт;
аларга тийчү бактылуу үзүм-үлүштөй,
асмандан жарык төгүлүп берсе үмүттөй?
Төгүлөт нөшөр, жадатма нөшөр көнөктөйт.

Улук Рысалиевдин "Жалгыздык" ыры Төрөкул Дооровдун көркөм окуусунда.


Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG