Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:21

"Алдын алуу иштери жүргүзүлбөй жатат". Тоңдогу селге шалаакылык себеппи?


Ысык-Көлдүн Тоң районунда катуу жаандан соң сел жүрүп, бир нече үйдүн короосун каптады. Балыкчы-Каракол жолу убактылуу жабык турду. Жабыркагандар селдин алдын алуу аракети жүрбөй жатат деп нааразы болууда.

Тоң районундагы Болот Мамбетов айыл аймагында 24-август күнү саат 15:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн сел Ак-Сай айылынын көчөлөрүн, он үйдүн короосун, беш үйдүн ичин каптаган.

Ошондой эле Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 33-34-40-чакырымдарындагы Ак-Сай айылына тушташ унаа жолун каптап, каттам убактылуу токтогон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тоң райондук бөлүмүнүн башчысы Эркин Мукамбетовдун айтымында, сел агып кетчү чоң арыктын көпүрөсүнүн оозуна бетон плита кулап калгандыктан суу ташып, айылды каптаган.

"Тийиштүү инженердик техника менен сууну өз нугуна салдык. Жаңы салынып аткан жолдун көпүрөсү бар. Бирок анын сыйымдуулугу аз, ал сел келгенде буулуп калгандыкта,н суу андан ашып кетип, берки айылга чейин кирип кеткен. Биз көпүрөнүн оозун тазалап, дамба жасап, бекемдеп койдук. Бул айыл чөйчөкчөдөй болуп тургандыктан кокту-колоттон келген сел канал менен агышы керек. Бирок ошол канал бөгөттөлүп калган. Чоң арык коюлуп аткан, ошонун бетон плитасы кулап калган да, оозун жаап калган. Суу өтпөй калып, шагыл менен бекемделген дамба да кармай албай калганда айылды суу каптаган. Анан айылдын 10 чакты короосун каптап, арасында беш үйдүн жер төлөсүн каптаган. Биз тазалап чыктык түндө".

Ак-Сай айылы
Ак-Сай айылы

Тоңдун Ак-Сай айылынын тургуну, пенсионер Айнура Токтомушеванын үйүн сел каптады.

"Кечки саат беш болгон, мончо жагып, күйөөмө чай берип аткам. Бир маалда мөндүр жаап баштады да кайра ал жаанга айланды. Бир маалда терезени карасам эл ызы-чуу болуп атыптыр, дароо сыртка чыксак суу өйдө жактан каптап келатыптыр. Биздин үйгө маңдайлаш жерде жол куруп аткан, кытайлыктар көпүрө салган, ошого суу оргуштап куюлуп атыптыр, көз ачып-жумгуча көпүрөгө кирген суу ашып, биздин үйдү каптап кетти. Үйдөн документ алмак турсун, жылуу кийингенге жетишпей калдык. Үйдүн жер төлөсү, чоң үйдүн өзү бүт суу болду. Жолдошум биринчи топтогу майып, аны үйдөн араң чыгардык. Бүгүн камсыздандыруу уюмунан кишилер келип, чыгымдарды санап атышат. ӨКМ сууну сыртка чыгарып, жардам берип атат. Бирок аким келбеди. Былтыр деле өзүбүз менен өзүбүз калганбыз. Менин үйүм камсыздандырылган, эми чыгымдын бир бөлүгүн төлөп берер деп турабыз. Бирок жыл сайын коркуп кантип жашайсың, уктап жатканда суу каптаса эмне болот?".

Айнура Токтомушева жол куруучулардын ишин жергиликтүү бийлик көзөмөлгө алып турса болмок деген пикирин кошумчалады.

Ушул эле айылдын тургуну Чынара Апыкееванын да үйүн сел суу каптап, азыр үйүнөн чыга албай отурганын билдирүүдө:

"15 мүнөт эле жааган жаан ушундай кесепеттерге алып келди. Биздин бул үй жаңы эмес, эски, бирок абдан карап, жакшы кармап келатканбыз. 1995-жылы да ушундай эле сел жүргөн экен, эми кайра былтыр августта, быйыл да кайра августта сел каптады. Өйдө жактагы дамбаны жакшы куруп койсо ушул болбойт эле да. Анын үстүнө жол да салынып атат, коопсуздук каралбайт. Үйдү айланта каптады, жер төлө сууга толду. Былтыр суу каптаганда мамлекет карап да койгон эмес, быйыл да келип, "суу үйдү айланып кеткен турбайбы" дешти. Деген менен суу полдун астына чейин кирди да, ал аз убакыттан кийин отуруп баштайт, анда ким жооп берет? Сырттагы септик, ажаткана калкылдап толду, кире албай отурабыз. Үйдөгү жытты айтпай эле коеюн. Бул эми жетекчилердин шалаакылыгы, дамбаны жакшы куруп койсо ушу көйгөй болбойт беле".

Суу Ак-Сай айылындагы Ж.Жамгырчиев көчөсүн каптаган.
Суу Ак-Сай айылындагы Ж.Жамгырчиев көчөсүн каптаган.

Ысык-Көл облусунда былтыр да сел жүргөн. 2024-жылдын 18-августунун кечиндеги нөшөрдөн улам кокту-колоттон келген селден Ысык-Көлдүн Темир, Кашат, Бостери, Корумду, Булан-Сөгөттү айылдарында жана Чолпон-Ата шаарынын айрым көчөлөрүндөгү 500гө жакын турак үйдү суу каптап, айрымдары жараксыз абалга келген.

Мындан тышкары “Аврора”, “Аврора плюс”, “Карвен”, “Нептун”, “Семиран” пансионаттарынын короосуна суу кирген. Селден Темир айылы эң көп жабыр тарткан.

Өткөн жылы 21-августта болсо Тоң райоунун Туура-Суу айылынын тургундары үйлөрүнөн эвакуацияланган. Буга чейин тоодогу Зындан көлү жырылып, Тоң суусунун деңгээли көтөрүлүп, айылды суу каптоо коркунучу жаралган эле. Бул айылдын эли беш күндө эки жолу айылдан көчүрүлгөн болчу.

Ысык-Көл облусунун жетекчилиги селдин кесепеттери боюнча маалымат элек. Тоң районунун акими Бактыбек Осмонов жерине барып, айыл тургундары менен жолуккан.

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Тоң районунда жыл сайын сел каптаган үч участок бар экенин, бирок ага жергиликтүү бийлик көңүл бурбай жатканын айтат. Түлөбаевдин пикиринде, район акимдери, айыл аймак башчылары өзү жетектеген аймактарда кооптуу жерлерди аныкташы керек.

Балбак Түлөбаев
Балбак Түлөбаев

"Ар бир райондун акими паспорт жасашы керек. Бул мэрлерге да тиешелүү. Анын ичинде элге коркунуч жарата турган эмне бар? Мисалы, Кажы-Сайдагы уран калдыктарын сактоочу жай, сел каптай турчу участоктор, авариялык абалдагы мектептер жана башка. Ошонун негизинде мамлекеттик органдар, ӨКМ менен иштешүү зарыл. Тоң району боюнча негизги үч жерде жылына сел жүрөт, бул - Кызыл-Туу менен Кескен-Белдин ортосу, Кара-Талаа менен Кара-Шаардын ортосу жана Тоң менен Бөкөнбаев айылдарынын ортосунда. Бул жерлерде жылына жок дегенде бир жолу сел жүрүп турат. Бул тууралуу жылда маселе көтөрүп, айтып келгенибиз менен алдын алуу иштери жүрбөй атат. Жергиликтүү бийликте акча жок эмес, бар. Алар элдин үнүн уга билип, бир көйгөйлөрүнө көңүл бурса болот эле".

Үйлөрдү тазалоо иштерине жергиликтүү тургундар да кол кабыш кылууда. Бул айылда сел өткөн жылы да болуп, ондогон үйлөрдү каптаган.
Үйлөрдү тазалоо иштерине жергиликтүү тургундар да кол кабыш кылууда. Бул айылда сел өткөн жылы да болуп, ондогон үйлөрдү каптаган.

Ысык-Көл облусу боюнча 99 миң 495 турак үй бар, анын 22 миңи камсыздандырган. Тоңдогу 24-августтан 25-августка караган түнү болгон селден жабыркаган үйлөрдүн канчасы камсыздандырылыганы азыр такталууда.

Ысык-Көл облустук камсыздандыруу башкармалыгынын башчысы Нурлан Абдыкеев элди бул маселеге көңүл бурууга чакырууда. Уюм өткөн 2024-жылы дээрлик 14 млн сом компенсация төлөп берген. 2015-жылдан бери турак үйлөрдү камсыздандыруу милдеттүү деп бекитилген.

"Бүгүнкү күндө бул атайын социалдык долбоор. Айыл жергесинде жашагандар 612 сом төлөп, үйүн камсыздандырып кое алышат. Ушундай табигый кырсыктар болгон учурларда аларга биз 500 миң сомго чейин төлөп бере алабыз. Ал эми шаарларда тургандар 1200 сомдон жылына бир жолу төлөйт жана кырсык болсо 1 миллион сомго чейин камсыздандыруу уюмунан ала алышат. Азыр айыл жергеси болобу, шаар жергеси болобу биздин кызматкерлер жер-жерлерде иштеп, элге бул камсыздандыруунун маанилүүлүгүн түшүндүрүп жатышат. Мисалы, былтыр Темир айылында сел жүрүп, 11 турак үйгө камсыздандыруу каражаттарын төлөгөнбүз, анын арасынан 500 миңден алган төрт үй-бүлө болду. Калганы чыгымдарына жараша каражат алышты. "Аврора" пансионаты болсо 4 млн 600 миң сом алган".

Былтыр, 31-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл районуна караштуу Садыр-Аке айыл аймагында селден жабыр тарткандарга жаңы салынган үйлөрдү тапшырган.

Жараксыз абалга келген 29 турак жайдын ичинен үч киши башка жерлерден там сатып алса, башкаларына үй курулуп берилген.

Расмий маалымат боюнча, президенттин фондунан бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн 75 миллион 900 миң сом бөлүнүп, жабыркагандарга топтогон документтеринин негизинде каражат берилген.

Ага ылайык, 32 адамга 1 миллион сомдон, 41 кишиге 500 миң сомдон, 234 тургунга 100 миң сомдон берилген.

Кыргызстанда өткөн жылы аймактарда жүргөн 300дөй селде 20дан ашуун адам каза тапкан.

Окумуштуулар табият кырсыктарынын көбөйүшүнө климаттык өзгөрүүнү, мөңгүлөрдүн эришин, жер кыртышынын бузулушун ж.б. бир топ көйгөйлөр себеп экенин айтышат.

Шерине

XS
SM
MD
LG