20 жаштагы келин кайын атасы бир жылдан бери зордуктап жүргөнүн айтып, Акыйкатчы институтуна кайрылганы маалым болду. Анын күйөөсү дагы өз атасынын зомбулугуна туш болгонун, жаш түгөйлөр үч айлык наристесинен да ажырап калганын билдирген. Жакында милиция кылмышка шектүүнү кармап, иш козгоду.
Кыргызстанда 19-кылымда жашап өткөн казак тарыхчысы, этнограф Чокан Валиханов тууралуу даректүү тасма тартылды. Анын бет ачары кечээ, 21-августта Бишкекте өттү. Ага кыргыз-казак саясий жана маданий ишмерлери катышты.
Президент Садыр Жапаров кыргызстандык банктарга санкция салган АКШ жана Британиянын бийлигине нааразылыгын билдирип, мындай чечимде күмөндүү жагдайлар бар экенин белгиледи.
Бишкекте президент Садыр Жапаров менен Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулады. Стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо үчүн бир катар маанилүү документтерге кол коюлуп, соода, чек ара жана маданий алакаларды өркүндөтүүнүн жаңы демилгелери сунушталды.
Улуу Британия Кыргызстанга мамлекеттик “Капитал банкка” жана анын жетекчисине санкция салды. Лондон Орусия бул банкты аскердик товарларды сатып алууга пайдаланганын жана бул үчүн криптобиржа да колдонулганын билдирди.
Саясий айдыңда Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы тарап, күзүндө мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөрү жөнүндө сөздөр күчөдү.
УКМК Кыргызстандагы эттин кымбатташына байланыштуу айыл чарба министринин орун басары баш болгон бир нече адамды кармады.
Бишкекте төбө чачты тик тургузган оор кылмыш катталды. Көп кабаттуу үйлөрүнүн биринен аялдын сөөгү табылып, кылмышка шектүү катары анын уулу кармалган. Бул окуя коомдогу агрессия, психикалык саламаттык жөнүндө талкууну кайрадан жандантты.
Кыргызстанда эл аралык интернет трафигине мамлекеттик монополия киргизилди. Интернетти жеткирүү, таратуу жана трафиктин транзитине жалгыз укук “Элкат” мамлекеттик компаниясына берилди. Бул өлкөгө эмне берет?
Кыргызстанда жергиликтүү бийликтерге Лениндин аты коюлган борбордук көчөлөрдү Манас деп өзгөртүү сунушталганы маалым болду.
Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов “коррупцияга” шектелип камалды. Милиция Ормоновго козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат бере элек. Ал Ош шаарында вице-мэр болуп турган учурда жерге байланыштуу камалганы айтылып жатат.
Дагы жүктөңүз