"Рейтер", "Ассошиэйтед Пресс" агенттиктери биргелешкен кайрылуу жасап, Израилден беш журналисттин өлүмү үчүн жоопкерчилик алууну талап кылышты. "Журналисттерди коргоонун эл аралык комитети" билдиргендей, 2023-жылдын октябрында тутанган Жакынкы Чыгыштагы уруштар 190дон ашуун журналисттин өмүрүн алды.
Анклавдын саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына ылайык, Reuters агенттигинин штаттан тыш кабарчысы Хуссам ал-Масри оорукананын чатырынан бир кабат ылдыйда түз обого чыккан жерде биринчи соккуда окко учкан. Оорукананын кызматкерлери жана күбөлөр ал жерге экинчи сокку тийгенде жардамга келген башка журналисттер, куткаруучулар жана медиктер да набыт болгонун айтышты.
Associated Press жана башка агенттиктер менен кызматташкан журналист Мариям Абу Дагга, Al Jazeera телеканалынын кызматкери Мохаммед Салама, бир катар маалымат агенттиктери менен иштешкен Моаз Абу Таха жана Ахмед Абу Азиз набыт болду. Reuters агенттигинин фотографы Хатем Халед жараат алган.
Израил согуш башталгандан тарта эл аралык агенттиктердин кабарчыларын палестин анклавындагы кырдаалды чагылдырууга киргизген жок. Андыктан көптөгөн агенттиктер жалгыз жергиликтүү кабарчыларга гана таянат.
Жөөт армиясы - ЦАХАЛ Нассер ооруканасынын аймагына сокку урганын моюнга алды. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху окуяны "каргашалуу калпыстык" деп атап, өлкөнүн аскер жетекчилиги иликтөө жүргүзөрүн айтты.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Израилдин ооруканага жасаган аба соккусун кескин айыптап, чукул арада иликтөө жүргүзүүгө чакырды.
"Соңку үрөй учурган киши өлтүрүүлөр - бул кандуу жаңжалда өз милдетин аткарып жүргөн медициналык кызматкерлер менен журналисттер кандай коркунучтарга туш болорун айкын көрсөтөт. Баш катчы карапайым адамдар, анын ичинде медиктер жана журналисттердин өмүрү бааланып, алар корголушу керектигин эскертет", - деди баш катчынын басма сөз өкүлү Стефан Дюжарик.
10-августта Газадагы "Аш-Шифа" ооруканасынын жанында ЦАХАЛдын соккусунан "Ал-Жазира" телеканалынын беш журналисти набыт болду. Телеканал Анас аш-Шариф жана Мохаммед Крейке, телеоператорлор Ибрагим Захер, Мохаммед Нуфал жана Муаммян Алива "Аш-Шифа" ооруканасынын дарбазасынын жанындагы журналисттер үчүн тигилген чатырдын ичинде отурганда бутага илингенин билдирген.
Израил армиясы Анас аш-Шариф "ХАМАСтын террористтик уюгун жетектеген" деп айыптап, аны жоготуунун так максаты болгонун жарыялаган. "Сокку урардан мурун башка карапайым кишилерге тийчү залакасын азайтуу үчүн чара көрүлгөн. Өтө таамай тийген курал колдонулуп, абадан байкоо жүргүзүлүп, кошумча чалгын маалыматтары алынган", - деп айтылган расмий билдирүүдө. ЦАХАЛ калган төрт журналист тууралуу эч маалымат берген эмес.
"Силкинүү күнүндө" жаңырган талап
26-августта Тел-Авивде демонстранттар кан жолдордун бирин тосуп, Израил бийлигине коюлган талапты кайталашты.
"Силкинүү күнү" деп аталган улуттук нааразылыкка катышкан жүздөгөн киши премьер-министр Биньямин Нетаньяхуну согушту токтотуп, барымтадагы туткундарды бошотуу үчүн ХАМАС менен макулдашууга барууга чакырышты.
Дээрлик үч жылга чукул жоочулардын колунда туткунда отурган Матандын энеси Эйнав Зангаукер израил өкмөтүнө кайрылды:
"690 күндөн бери өкмөт бир так максатсыз согуш жүргүзүүдө. Туткундар - тирүүбү же өлгөнүбү качан, кантип кайтарылат? Согуштан кийин Газаны ким башкарат? Өлкөбүздү кантип кайра калыбына келтиребиз? Нетаньяху бир гана элдин басымынан коркот".
Израил Газа тилкесинде жоочулардын барымтасында отурган 50 кишинин ичинен көзү тирүү деген 20 туткундун тизмесин жарыялаган.
Арачылардын аракети
АКШ президенти Дональд Трамп дүйшөмбүдө Газа боюнча "өтө олуттуу" дипломатиялык аракеттер жүрүп жатканын билдирди. Ак үйдөгү жолугушууга катышкан мамлекеттик катчы Марко Рубио президенттин сөзүн кубаттап, дипломатиялык иштер үзгүлтүксүз жүрүп жатканына токтолду.
"Биз бир чечим табууга такай эле аракет кылып келебиз. Акыры, президент айткандай, бул согуштун аякташын каалайбыз. Ал ХАМАСсыз аякташы керек", - деди Рубио.
Ак үйдөгү мындай билдирүүлөр АКШнын Газадагы жаңжал боюнча дипломатиялык аракеттерин жана Батышта террордук уюм деп таанылган ХАМАС тобуна басым көрсөтүү стратегиясын чагылдырат.
Египет менен катардык арачылардын аракети артында ХАМАС радикал уюму ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүү баштоого макул болгонуна бир жумага чукулдап калса да, Израилдин премьери Нетаньяху өз чечимин айта элек. Ал 60 күндүк ок атууну токтотуу келишимине "хамсчылар" барымтага алган бардык туткундар бошотулуп, Израилдин коопсуздук периметри боюнча талаптары аткарылганда макул болорун билдирген.
Шерине