Маркум Руслан Курманалиев акыркы сапарга Ак-Ордо конушундагы үйүнөн узатылды. Биз барган тушта сөөктү жайга алып кетишкен экен.
Мыкты уул, мыкты Ата
Маркумдун апасы Эркинбүбү Кары кызы уулу өтө жапакеч, боорукер жан болгонун айтып отурду.
“Руслан тун балам. Атасы 1981-жылы жүрөк оорудан каза тапкан. Ошондо сегиз жашта эле. Беш эркек бала менен жесир калдым. Эң кичүү кызым атасы кайтыш болгондон үч ай өткөндө төрөлдү. Рускем карындашын өзү бакты. Бир жолу иштен келсем, жер чийип ойноп отурат. Колунда бала. Жерге түшүрүп кой десем, жыгылып калат деп болбойт. Өз балдарына да үйрүлүп түшчү”.
Жакындарынын эскерүүсүндө актер балдарды жакшы көрчү экен. Ошондонбу ал өмүрүнүн соңунда бир катар сериал, социалдык роликтерде, "Курманжан датка" тасмасында Атанын ролун ойноп, жаштардын эсинде ошол образ менен калды.
“Төрт бир тууганбыз. Мен улуусумун. Атам бизди багам деп гастролдо көп жүрдү. 90-жылдары оор жылдар эле. Ошого карабай бир жакка барган сайын, кийим-кече ала келчү. Бизди эч нерседен кем кылбай бакты. Ыраазыбыз. Кичинемде атам ойногон спектаклдерге барганды жакшы көрчүмүн. Карьерасы болуп, киного чакыруулар болуп турган кезде кете берди да”, - деди маркумдун кызы Касиет.
Руслан Курманалиев сахнага биринчи жолу 80-жылдардын этегинде ырдап чыккан. Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын студенти анда 18 жашта болчу. Аккордеонду, ырды ал өмүрүнүн соңуна чейин таштаган жок.
“Руслан атасын тартты. Ал киши сүрөтчү эле, кыяк тартып ырдачу. Анын таланты уулуна өтүптүр. Рускем 8-классты бүткөндө борборго окуйм деп калды. "ЯК-40" деген учак менен келдик, дароо эле Күрөңкеевге тапшырды. Роза Аманова экөө курсташ. Балам окуп жүргөндө жайкысын үйгө барчу эмес. Гастролго кетчү. Бир жолу жатаканада ырдап отурса Сатыбалды Далбаев менен Мираида Далбаева угуп калган экен. Өнөрүн жактырып калып, ээрчитип жүрүп тарбиялашты. Студент кезинде айыл чарба иштерине барып жүрдү. Жумушка тың эле, ал жерден жакшы иштеп, мактоо баракчаларын алган. Андан кийин армияга кетти. Орусияда кызмат кылды. Кыргызстанга кайтып келгенден көп өтпөй 1993-жылы үйлөндү”, - деп эскерди апасы.
Театрда калган из
Руслан Курманалиев театрда 90-жылдары, доор алмашкан кезде иштей баштаган. Оор жылдары канча кыйынчылык тартса да, кесибин таштап кеткен эмес.
Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театры анын өмүрүнүн ажырагыс бөлүгү болгон. Уулу төрөлгөндө атын Бакенбий деп койгон экен. Өмүрүнүн соңунда сүйүктүү театрынын көркөм жетекчиси болуп иштеди.
Кесиптештеринин айтымында, актер отуз жылдан ашуун убакыт ичинде 80ден ашуун роль жараткан. Анын басымдуусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын каармандары болгон.
Эл артисти Назира Мамбетова актер Даниярдын ролун өзүндөй ойногонун эскерди.
“Руслан мектеп жашынан бери өнөр өргөсүндө жүргөн бала. Күрөңкеевде, театралдык студияда, кийин Б.Бейшеналиев атындагы искусство университетинде билим алган. Экөөбүз отуз жыл чогуу иштедик. Бир жылы Чыңгыз Айтматовдун “Жамийласын” койдурдум. Режиссер Талант Апиев эле. Ошондо көрүүчүлөр, Эл жазуучусу Султан Раев өзү “Руслан тубаса Данияр турбайбы!” деп баа берген. Аны угуп катуу сыймыктангам. Руслан жумшак, кичи пейил бала эле. Иш учурунда өйдө-ылдый болот экен. Ошонун баарын көтөрдү. Жашоодон эрте кеткени өкүндүрөт”.
Театр сынчысы Тыныбек Сыдыков актер кайсы образ болбосун жашап ачкан деп баа берди.
“Кайсы роль болбосун, аны жашап ачкан. Аз жашады, саз жашады. Бакен Кыдыкеева атындагы театрдын түптөлүп, иштеп кетишине чоң салым кошту. Элүүдөн ашык көркөм тасмада кайталангыс, чечкиндүү образдарды жаратты. Бардык ролдору оригиналдуу чыкчу. Анын аткарган ролдору кыргыз театрынын казынасын байытып кала берет”.
Актриса Нурай Аскарбекова актер менен көп спектаклде ойногон. Ал театрда да, кинодо да жылдызы жанып турганда кете берген Руслан Курманалиев тууралуу буларды айтты:
“Экөөбүз “Каракыз” спектаклинде чогуу ойномокпуз. Даярданып жаткан элек. Байке абдан сезимтал адам болчу. Театрда ремонт болуп жатканына байланыштуу бир жылдай эмгек өргүүдө жүрдүк. Ремонт бүткөндө аябай толкунданды. Грим жасаган бөлмөнүн тактайын шымаланып жууп жаткан экен. "Ушунча жылдан бери биринчи жолу ремонт болсо, жууш керек да" дегени көз алдымда калды. Тилекке каршы, ал бөлмөгө кирип, грим жасоого жетишпей калды”.
Актриса Айнура Акылбек кызы Руслан Курманалиевдин шакирти. Ал актер чыгармачылык жолунда агасындай колдоо көрсөткөнүн айтып берди.
“2014-жылы театр босогосун аттагандан тарта Руслан байке сахнадагы өнөктөшүм болду. Биринчи жолу кыз-жигитти ойнодук. Мен аябай уялдым, жашмын да. Руслан байке болсо, сахнадан да “шашпа, шашпа” деп шыбырайт. Кийин “Жамийлада” мен Жамийланы, ал Даниярды аткарды. Кучактагандан тартынып жатсам, “Айнура уялба, байкең экенимди унутуп калсаң” деген. Кийин театрдын көркөм жетекчиси болду. Эч кимге катуу айтчу эмес. Бир да жолу бирөөгө үнүн өктөм чыгарганын уккан эмесмин. Эми мен Руслан байкени агам катары, сахнадагы өнөктөшүм, актер катары дайыма жоктойм го”.
Театрдын адабий бөлүмүнүн жетекчиси Мырзагүл Үсөналиева актер менен бир иш бөлмөдө үч жылдай иштеген. Ал Руслан Курманалиев дүйнөлүк адабиятты көп окуган, өтө билимдүү, сабаттуу инсан болгонун айтты:
“Бир иш бөлмөдө үч жылдай чогуу отуруп калдык. Адамгерчиликтүү инсан эле. Театрга жаңы орношкондо 280-300 сом айлыкка иштегенин, жыртык батинкени эки-үч жыл катары менен кийгенин айтып калчу. Ошондон уламбы жаштарды аяп, роль жетпей калса өзүнүкүн берип койчу. Андай айкөлдүккө актердун баары эле бара бербейт. Абдан сабаттуу киши эле, үтүр-чекитке чейин маани берчү. Дүйнөлүк адабиятты, айрыкча пьесаларды көп окучу. Өзүнө сын көз менен карачу. Көркөм кеңеш быйыл аны Эмгек сиңирген артист наамына көрсөткөн. Ошондо “Мырзагүл мен ушул наамга татыктуумунбу?” деп кайра-кайра сураган. Апрелде документтерин көтөрүп, Маданият министрлигине барган. Кадрлар бөлүмүндө отурган жаш бала "2019-жылы КРдин президентинин Ардак грамотасын алыпсыз, 2026-жылы тапшырыңыз" десе, документтерин көтөрүп келе бериптир. Ошондо ичим аябай ачышкан”.
Капилет тооруган кырсык
Актер чыгармачылыгы гүлдөп турган кезинде кете берди. Анын өлүмү жамы журт үчүн күтүүсүз болду. Актердун аталаш агасы Орозбек Оморов трагедияга электр тогу себепкер болгонун айтты:
“Мен Чүйдө турам. Ошол күнү баласы чалып калды. Алсам, ыйлап алган. "Атам ушинтип калды" дегенинен келсем, милиция кызматкерлери жүрөт. "Тез жардам" менин алдымда эле келип кетиптир. Көр оокат да, Руслан үйгө келсе электр жарыгы өчүп калган экен. Баласын суу алып кел деп дүкөнгө жиберип, өзү үстүңкү кабаттагы эсептегичти оңдоп жатканда жарык күйгөн экен. Көрсө, көчө боюнча жарык өчүптүр. Баласы үйгө келсе жерде жатыптыр. Иним менен сыймыктанып, Сүймөнкул Чокморовго окшоштура берчүмүн. Атасын тартып жакшы ырдачу. Жакында тойго чакырганбыз, "флешкамды унутуп калыпмын" деп өз үнү менен ырдап берген. Аябай жакшы ырдаган. Эмне дейбиз эми, кырсык болду”.
Маданияттын мыкты кызматкери, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын ээси Руслан Курманалиев 1972-жылы Нарын районунун Сары-Ой (Пионер, Жылан-Арык) айылында төрөлгөн. Төрт баланын атасы.
Эмгек жолун “Жайсаң”, “Туңгуч” театрларында баштап, 2000-жылдан тартып Кыргыз Мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында иштеген. Отуз жыл ичинде театрда, кинодо 80ден ашуун ролду жараткан. “Курманжан датка”, “Президент жана бомж”, “Мезгил жана Алыкул” тасмаларында ойногон ролдоруна көрүүчүлөр жана сынчылар жогору баа берген. 2021-2024-жылга чейин Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын Көркөм жетекчиси болуп иштеген. Анын жетекчилиги алдында театр тогуз эл аралык фестивалга катышып, ийгилик багынткан.
Маркумдун сөөгү Чүйдүн Маевка айылында жерге берилди. Артында анын караанын жоктогон жакындары жана талантын сыйлаган күйөрмандары калды.
Шерине