Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Август, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:05

"Элди жарга такап кырышкан". Көмүскөдө калган Үркүн тагы


Коллаж.
Коллаж.

Кыргызстанда август айынын башында 1916-жылдагы Үркүн окуясын эскерген жүрүш өттү. “Тосор” коому жана “Эсимде” изилдөө аянтчасы уюштурган жүрүш быйыл жылдагыдан узагыраак болуп, төрт күнгө созулду.

Жүз тогуз жыл мурда болгон кандуу кыргын азыр кандай изилденип жатат? Адамдар жапырт өлгөн жерлерде археологиялык иштер жүрүп жатабы? Үркүндү эскерип туруу эмне үчүн маанилүү жана эскерүү иш-чаралары кандай форматта жүрүшү зарыл?

“Куугунтук курмандыктары” подкастыбызда ушул маселени талкуулайбыз. Студиянын коноктору ишкер, “Тосор” коомунун жетекчилеринин бири Айбек Сарыгул жана изилдөөчү, тарыхчы Гүлзат Алагөз кызы.

- Айбек мырза саламатсызбы? Үркүндө каза тапкандарды эскерүү жүрүшү быйыл мурдагы жылдарга караганда узагыраак болгонун окуп калдык. Кандай болду, кимдер катышты?

Айбек Сарыгул.
Айбек Сарыгул.

Айбек Сарыгул: Быйыл бешинчи жолу уюштуруп жатабыз. Жүрүштү 2019-жылы баштаганбыз, 2020-жылы пандемияга байланыштуу өтпөй калган. Жети-Өгүз районунун Тосор айылына жакын Кыргын-Сай деген жерден баштап, жылына бир күндөн кошуп келебиз. Быйыл 4,5 күнгө созулат деп пландаганбыз, төрт күндө эле аяктады. Биринчи күнү 18, экинчи күнү 15, үчүнчү күнү 15, төртүнчү күнү 28 километр жөө бастык.

Кыргын-Сайдан башталган сапарыбыз деңиз деңгээлинен 3442 метр бийик Сары-Мойноктон аяктады. Башында 41 киши элек, аягына чейин 33 киши жетти. Жүрүш жакшы болду, оору-сыркоо, кырсык болгон жок. Кийинки жылы 5,5 күн басып, Сөөк ашуусуна, андан ары Беделге чейин баруу максатыбыз бар.

"Тосор" коому уюштуруу ишин көздөдү, маалыматтык кампанияны “Эсимде” коомдук аянтчасы жүргүздү. Быйылкы катышуучулардын эң улуусу 69 жашта, кичүүсү 17де. Казакстанда иштеген кыргыз жигиттер келди. Абылхайыр деген казак жигит эки жылдан бери катышып жүрөт.

- Үркүндө айтылбай, көмүскөдө калган окуялар көп дешет. Азыр аларды изилдөө иштери жүрүп жатабы?

Гүлзат Алагөз кызы.
Гүлзат Алагөз кызы.

Гүлзат Алагөз кызы: “Эсимде” изилдөө аянтчасы түптөлгөндөн бери эле тарыхтын көмүскөдө калган жагдайларын изилдеп келет. 2021-жылы "Тосор" коомунун жарыясын Фейсбуктан көрүп калып жүрүшкө кошулганбыз. Ошондон бери бирге чыгып келебиз.

2022-жылы “Эсимде” аянтчасы масштабдуу жүрүш уюштурган. "Тосор" коому менен биргеликте Бишкектен баштап Ысык-Көлдү тегерете 12 күн басканбыз. Ошол учурда биз үчүн чоң ачылыш - эс тутум жайлары болгон.

Боомдо, Ысык-Көлдүн айланасындагы ар бир капчыгайда, ар бир айылда Үркүнгө байланыштуу эс тутум жайлары, арналган эстеликтер, мүрзөлөр бар экенин биринчи жолу байкап, документтештирип, ал жөнүндө илимий макала да жаздык.

Мына быйыл Үркүн окуясына 109 жыл болду, бир кылымдан ашуун убакыт өткөндөн кийин бул трагедия кандай эскерилип жатат? Эс тутум саясаты кандай жүрүүдө? Мамлекет кандай иш-чараларды алып барууда? Коомдук кыймылдар, жергиликтүү коомчулуктар, үй-бүлөлөр кандай иштерди алып барып жатат? Бул дагы бир чоң иш. Бул кыймылды академиялык чөйрөдө жүргөндөр сөзсүз изилдеши керек. Ушундан кийин гана сунуштарды берсек болот.

- Айбек мырза, жүрүш беш жыл мурда башталганын айттыңыз. Аны уюштуруу идеясы кимге таандык? Эмнеден улам пайда болду эле?

- "Тосор" коому тарабынан Тосордогу белгилүү жерлерди таанытуу ниетинен башталган. 2018-жылы Кыргын-Сайдын оозундагы Үркүндүн 100 жылдыгында коюлган таштын жанына Куран окутуп коелу деп анан уланып кеткен. Бирок ошол ташты туура эмес жерге орноткон экенбиз. Үч жылдан кийин, 2021-жылы чыныгы Кыргын-Сай кайда экенин тактай алдык. Жүздөн ашык киши набыт болгон дагы бир жер бар экен. Тоң менен Жети-Өгүздөн топтолгон адамдар жардын кырынан атылган экен. Биз аны билбей калыптырбыз. Ошондой жерлер абдан көп.

Үркүндү эскерүү жөө жүрүшү.
Үркүндү эскерүү жөө жүрүшү.

Эми биздин идея кандай болуп калат? Биз союздун тарбиясын көргөнбүз да. Бурмаланган саясаттын, бурмаланган тарыхтын негизинде ой-пикирибиз калыптанып калган.

Жөө жүрүштүн максаты - 1916-жылкы окуяларды кайрадан эстеп, эс тутум жараталы деген эле ой. Анткени чындап эле трагедиялуу окуя болгон, расмий эмес эсепте 150 миңден 200 миңге чейин адам өлгөнү айтылат. Бул ошол убакта 2 млн кыргыз болсо, анын ондон бири жок болгонго тете. Бул кайгылуу окуя, анчалык чоң жоготуу кийин Экинчи дүйнөлүк согушта гана болгон. Жаш муундар, бизден кийинкилер сабак алсын, жөө жүрүш кылып Беделге, керек болсо Кытайдын Турпан, Ак-Суу, Текесине чейин баралы деген ниет менен баштаганбыз. Эмнеге 1916-жылы Улуттук боштондук көтөрүлүшү болгон? Эмнеге биз трагедияны унутуп сабак чыгарган жокпуз? Эмнеге кара такты актай албай жатабыз? “Эсимде” коомдук аянтчасы менен биргелешип иш кылып жатканыбыз да ошондон. Бул кара такты биз акташыбыз керек.

Кыргызстанда 90-жылдары дагы жөө жүрүш болгон. Бишкектен баштап Караколго, бул жагы Ат-Башыга чейин басышкан. Кийин, Сөөк, Бедел ашууларында көмүлбөй калгандарды жерге жашырышкан.

- Кыргын-Сай деп айтып жатпайсыздарбы, 1916-жылдан кийин тарыхый аталышы өзгөрүп кеткен жер-суулар жөнүндө маалыматыңыздар барбы?

Гүлзат Алагөз кызы: Тоң районунда Кырк-Шейит деген жер бар. Ал жерде кырк адам өлтүрүлгөнү айтылат. Азыркы күнгө чейин мүрзөлөр бар. Кийин "Кырк-Шейит - 1916-жыл" деген жазуусу менен чоң мемориал орнотулган. Тоң районундагы Туура-Суу айылында “Шейиттер” деген көрүстөн бар. Анын тарыхы дагы 1916-жылкы окуялар менен байланышкан. Кыргын-Сай бар. Тарыхый аталышы өзгөрбөгөн, бирок Үркүн менен байланышкан жерлер дагы көп. Мисалы, Кара-Баткак. Түп районунда Үркүн жөнүндө сөз болгондо Кара-Баткакты баары эскеришет. Бул жерде өтө көп кан төгүлүптүр.

1991-жылы Үркүндүн 75 жылдыгына карата “Ашар” коомдук фонду, “Асаба”, КДК партиялары уюштурган "Өмүр көчү" жөө жүрүшүндө Кара-Баткакка, Түп айылына, Санташка эстелик орнотуп коюшкан. Келечекте бул жерлерде чоң мемориал тургузулат дешкен, тилекке азыркыга чейин жок. Мындай жерлер көп. Чүйдөгү Туюк деген капчыгайдын ичинде дагы эскерүү ташы турат. Ал жакта дагы кийин чоң мемориал орнотобуз дешкен, калып кетти.

Кырк-Шейит.
Кырк-Шейит.

Баса белгилей кетчү бир нерсе бар, Үркүндү эскерүүдө “Кыргыз эл” коомдук фонду көп иштерди аткарыптыр. Мисалы, Түп айылынын кире беришиндеги эстеликти ошол фонд орнотуптур. Санташтан бир аз өткөн жерде да эстелик турат. Кыргызстанда августтун башы Үркүндү эскерүү жумалыгы деп жарыяланган. 2000-жылдардан тарта жыл сайын ушул айда жолугуп, Түштүк дарбазадагы эскерүү ташынын жанында Куран окуп, түрдүү акцияларды уюштуруп турушкан. Муну дагы баса белгилеп, өзүнчө бир феномен катары изилдөө керек.

Үркүндү эскерүү жүрүшү.
Үркүндү эскерүү жүрүшү.

Айбек Сарыгул: Жүрүштү беш жылдан бери уюштуруп келебиз. Бир-эки күн басканда кыйналчу эмеспиз. Бирок былтыр тамак-аш жагынан кыйналып калдык. Быйыл "Супара" этно-комплексинен суранып, күлазык дайындаттык. Төрт күн бою "Шоро", "Супаранын" күлазыгы бизге күч-кубат берди. 76 чакырымдык жерди төрт күндө, 3500-4000 бийиктикте бастык. Үркүндө эл күлазыктын аркасы менен Кытайга жетиптир. Ата-бабаларыбыз жеген тамак-ашты кайрадан жандандырсак, бул да биздин улуттук аң-сезимибизди толуктоого жардамчы болот.

Кыргыздын улуттук даамдары, оозеки чыгармачылык, тарыхый аталыштар улуттун эс тутумун, мындайча айтканда, көөдөнүбүздү толуктайт. Качан гана көөдөнүбүз толуп, тарыхтагы кара тактарды жокко чыгарганда жаркын келечек, жаркын мамлекет курулат деген ойдобуз.

- Эс тутум демекчи, ал окуяларды көргөн күбөлөр азыр калбаса деле керек. Урпактары менен жолугуп, жаздырып алуу иштери жүргүзүлүп жатабы?

- Эс тутум теориясын карасак, ал үч муун жашайт деп айтылат. Азыр Үркүндү көргөн, ата-энесинен уккан адамдар да арабыздан өтүп кетти. Үркүн жөнүндө маалымат чогултуш азыркы күндө өтө кыйын. Ага карабай, 2022-жылы аракет кылып көрдүк. Жамааттык эс тутум ушундай иштейт экен, кайра анализдегенде көп учурда окшош эс тутумдар чыга берет. Анткени ошол жөнүндө уламыштар, кинолор, чыгармалар, эстеликтер баары биригип, азыркы эс тутумубузда жашап калды да. Карапайым адамдар деле “Ажарды" же болбосо Кадыр аке өз уурусун кантип сактап калганы жөнүндө айта беришет. Бул көп убакыт өткөндөн кийин адамдар эскерүүнү эмес, эскерүү тажрыйбаларын жамааттык эс тутумга сиңирип, айтып жатканын түшүндүрөт. Академиядагы изилдөөчүлөр буга карабай коддоп, анализдеп, бир жыйынтыкка келет деп ишенем.

- Айбек мырза, сиз Жети-Өгүздүн Тосор айылында чоңойгонсуз да, бала кезиңизде мындай окуяларды көп эле уксаңыз керек?

Айбек Сарыгул: Кыргын-Сайдагы кан төгүүдө бир айылдан жалгыз 12 жаштагы кыз аман калган экен. Апасы аны үзүк менен жаап, катып коюптур. Калган элди колун байлап, штык менен сайып өлтүрүшкөн экен. Бир айылды төрт эле орус жок кылган дешет. Анан ошол кыз түн ортосунда өлүктөрдүн ортосунан сойлоп чыгат. Ай жарык экен, аябай суусап караса, булак агып жаткан болот. Кочуштап ичсе, кан экен. Ошол жерден кайра эстен таныптыр. Өйдө жакта Чалба-Булак деген жер бар, ошол жакка барып, булактан суу ичип, уктап жатканда балдар таап алыптыр. Биздин айылда көчпөй калган беш-алты түтүн бар экен, алар багып алыптыр. Кийин кыз биздин айылдыктардын бирине турмушка чыгып, ошол окуяны айтып бериптир. Биз ошол кыздын жолу менен тоого чейин басып жатабыз да.

Мындай аянычтуу окуялар аябай көп. Азыркы эс тутумубуз көбүнчө көркөм чыгармаларга негизделип жатат. Бирок ырасталган, так, тарыхый фактылар аз. Орустун жазалоо отряддарынын бул жерде мынча киши кармалды, бул жерде мынча киши атылды деген отчеттору бар дешет. Бирок аларга кол жетпей жатат. 150-200 миң киши өлгөн деп жатабыз, андан да көп болушу мүмкүн. Биз азыркыга чейин Үркүндү советтик бийликтин, Москванын көз карашы менен талдап жүрөбүз. Анан дароо эле ким күнөөлүү дегенге жооп издейт экенбиз. Жок, эмне болгонун, кантип чыкканын талдашыбыз керек. Ошондо биз эс тутумубузду тууралай алабыз.

- Мына жакында эле белгилүү кинорежиссер Актан- Арым Кубат "Азаттыкка" интервью бергенде “Ажарды", Үркүн темасын тарткысы келип жүргөнүн айтты. Бул теманы түрдүү жанрда тартса болот да?

Айбек Сарыгул: Биздики эми жарандык демилге болуп жатат да. Андай масштабдуу иштерге мамлекет дагы кошулушу керек. 2006-жылы Үркүндүн 90 жылдыгында август айынын биринчи жумасында бул окуя эскерилиши керек эле. Андан кийин 2016-жылы 4-август болуп бекитилсин деген. Бирок ал аткарылбай жатат. Кийинки жылы Үркүнгө 110 жыл болот. Балким ошондо мамлекет бир иш-чараларды уюштуруп, көңүл бурат? Азыр Үркүндү экиге бөлүп, эстеп жаткандайбыз. Августта деп коюп, Тарых жана эскерүү күнү деп 7-ноябрга, биздин тарыхка тиешеси жок күнгө такап жатабыз. Үркүн ноябрда бүтүп калган болбосо. 22-23-июлда Ысык-Көл, Чүй тарапта башталып, августта биринчи көтөрүлүштүн мизи кайтып, жазалоо отряддары ишке киришип жатпайбы. Мамлекет бир аз көңүл бурса, саясий эркин көрсөтсө эле бул жаатта иш жылмак. Азыркы президентибиз Садыр Нуркожоевичтин өзүнүн ата-бабалары дагы Үркүндө запкы чеккенин эске алганда, балким кийинки жылы башкача бир өңүттө белгиленет деп үмүттөнөбүз.

Негизи Үркүн тууралуу 1930-жылдарга чейин жакшы эле айтылып, жазылган экен. Падышалык бийликке каршы чыккан көтөрүлүштүн натыйжасы деп каралыптыр. 1950-жылдардан кийин такыр эле жокко чыгарылып, 1990-жылдардан кийин гана эстеп жатабыз.

Өзүмдүн чоң энемдин оозунан уккам “Алты жашар кыз элем, Үркүндө Турпанга чейин барганбыз” деп айтканын уккам. Бизден кийинки муун бул тууралуу эстейби? Анткени тарых китептеринде жок. Адабий китептерге ойдон чыгарылган деп олуттуу деле карашпайт экен. Илимдер академиясынын фондунда Үркүндө запкы чеккендердин оозеки эскерүүсү бар дешет. Ошону деле топтоп, бир жыйнак чыгарса болот.

- Гүлзат айым, “Эсимде” изилдөө аянтчасы "Чиеш тагдырлар" деп китеп чыгаргансыздар, анда Үркүндү көргөндөрдүн да тагдыры камтылган. Негизи эле Үркүн темасы элге дагы кандай форматтарда жетиши керек деп ойлойсуз?

Гүлзат Алагөз кызы: Чынында эле Үркүндү эскерүү күнү жумалыгы расмий түрдө жок. Ушул маселени туура көтөрүп, чечүү керек го. Өз убагында, августта эскерүү күндөрүн өткөрсөк жакшы болмок. Расмий эс тутум тууралуу сөз кылып жатпайбызбы, менин оюмча, жергиликтүү коомчулуктун же үй-бүлөлөрдүн эскерүү тажрыйбалары андан да баалуу жана жандуураак.

Балыкчы шаарында мисалы, Нажүмүдүндүн неберелери "чоң аталарыбыз 1916-жылкы Улуттук-боштондук көтөрүлүшүнө катышкан" деп тактайчаларды илип койгон. Барскоон айылында Жолой аттуу байке Сөөк ашуусуна эстелик орнотуп, мергенчи атасы Үркүндө элди кантип сактап калганын жазып койгон.

Мындайча айтканда, өйдө жакты эле карабай, ылдый жактан эскерүү өтө маанилүү. Ошол себептен, “Эсимде” изилдөө аянтчасы жеке тагдырларды да чогултабыз. Анткени, статистика көп учурда көңүл сыртында калат, андан көрө бир үй-бүлөнүн мисалы алда канча таасирдүү келет. Ошон үчүн аны жеке тагдырлар, микро тарых деп коёт.

"Чиеш тагдырлар" китебинин төртүнчү басылышын аял тагдырларына арнаганбыз. Ал жакта тарых илиминин доктору Гүлзада Абдалиеванын Марал-Ташы жөнүндө макаласы да бар. Үркүндө Кытайда сатылган кыздар ушул жерде жыл сайын чогулуп, ата-бабасына куран окуп турган экен. Нарында, Көлдө Кытайдан кайтып келген аялдардын баяны дагы камтылган. Баарын Esimde.org сайтынан жүктөп алып окуса болот.

- Үркүн бир эле Кыргызстандын аймагында эмес, коңшу Казакстандын аймагында, Фергана өрөөнүндө да болгону айтылып келет. Мына кийинки жылы Үркүндүн 110 жылдыгы белгиленгени турат. Коңшу өлкөлөрдүн тарыхчылары, изилдөөчүлөр менен байланышыңыздар барбы?

Гүлзат Алагөз кызы: 1916-жылкы көтөрүлүш биринчи Тажикстанда, Хожентте башталганын тарыхчылар айтып келет. Андан сырткары Казакстанда, Кыргызстандын түндүгүндө болгон. Тарыхчылар жолугуп, көп эле иш-чараларды уюштурушат. 2016-жылы Үркүндүн 100 жылдыгына карата бир канча илимий конференциялар болуп, Казакстан, Өзбекстан, Түркиядан бери окумуштуулар келген. Кийнки жылы Үркүндүн 110 жылдыгына карата кандай иш-чаралар өтөрү азырынча белгисиз.

Айбек Сарыгул: Түркияда докторантурада окуп, илимий ишин жактап жаткан эки-үч бала бар. 1916-, 1937-жылдардагы окуяларды изилдеп жатышат. Дастан Раззак уулу деген жаш окумуштуу маалыматтарды топтоп, түрк тилинде китеп чыгарды. Бирок коомдук демилге менен белгилүү жерге чейин эле бара алабыз да. Окумуштуулар, мамлекет кийин мындай болгон деп түшүндүрмө бергенге түрткү болууга биз азыраак болсо да салым кошуп жатабыз. Эгер мамлекет унутта калып бараткан тарыхты кайрадан изилдейм десе, биздей болгон коомдук уюмдар дагы колдон келген аракетин кылат эле. “Кыргыз эл коому” дагы ошол иштерди 2000-жылдан баштап белгилүү бир убакытка чейин кылып келген.

Бул эми Биринчи дүйнөлүк согушта жеңилип бараткан орус армиясынын тыл жумуштарына тартууга каршы көчмөн элдин боштондук көтөрүлүшү болгон да. Улуу көтөрүлүш десек да болот. Андан жыйынтык чыкпаганы үчүн, Эгемендик жылдарында үч көтөрүлүш кылдык, эмдигиче келечекке жолду түздөй албай жатабыз.

- Негизи эле кан төгүлгөн жерлерде, көрүстөндөрдө археологиялык иштер жүрөт турбайбы? Бизде ошондой изилдөөлөр барбы?

- Гүлзат Алагөз кызы: Үркүн темасына байланыштуу археологиялык казуулар жүргөн эмес. Ата-Бейиттен башка жерде репрессияга байланыштуу казуулар да жүрбөй келет. Бул дагы чоң маселе. Коомдук кыймылдар эле өз демилгелери менен Үркүндөн калган сөөктөрдү жашырып келет, балким археологдор дагы чогуу иштесе илимге салым болот беле...

Үркүндү кантип эскеребиз деп жана суроо берип кеттиңиз го. Үркүндү эскерүү тажрыйбалары ар түрдүү болууга тийиш, канча көп болсо, ошончо жакшы. Көркөм жана даректүү тасмаларды тартып, оозеки тарыхты чогултуп, китептерди чыгаруу керек. Азыр өспүрүмдөр академиялык китеп окубай калды, аларга ылайыктап рилс, кепшн видеолорду даярдап берүү зарыл. Эскерүү бардык форматта жүрбөсө, бул тема кийин унутта калышы дагы мүмкүн.

Үркүнгө байланыштуу экспонаттар бар, бирок Үркүндүн өзүнө арналган атайын музей ушул күнгө чейин жок. Бирок өз алдынча аракет кылып жаткандар бар, активист Алтын Капалова айым виртуалдык, анан мындай дагы музей түзөм деп экспонаттарды чогултуп жатат. Андан сырткары биздин изилдөөчүбүз Асел Рашидова онлайн-виртуалдык музей түзүп жатат. “Эсимде” изилдөө аянтчасына жакынкы убакта чыгып калат деген үмүттөбүз.

Айбек Сарыгул: Ысык-Көл менен Нарында дагы көптөгөн Кыргын-Сайлар бар. Көп адамдар ошол жерлерде өлгөн. Ошол жерлерден баштап жөө жүрүштөр уюштурулса дегим келет. Суусамырдан баштап Кытайга качкандар болгон экен. Түптөн жетишпей калгандар Каракол ашуусу аркылуу көчкөн экен. Баары келип, Сөөктөн же Беделден бириге тургандай жүрүштөр уюштурулса жакшы болмок. Үч жылда Кыргын-Сайдын кайда экенин аныктадык дебедимби. Сел жүрө берип азыр ал жерди казсак да эч нерсе таппайбыз. Тамга менен Тосордун ортосунда жүздөн ашуун киши атылган жер бар. Ал жакка бара да элекпиз. Кырк-Шейитте көмүлгөн сөөктөр идентификацияланган эмес. Ошол жылдардагы сөөкпү, кантип өлтүрүлгөн бул дагы белгисиз. Бүгүнкү күнгө чейин сөөк жашыруу иштери эле болуп жатат. Кичүү Үркүнбү же Улуу Үркүнгө таандык сөөктөрбү, муну дагы аныктаган киши жок. Үркүндү эптеп эле эскерип жатабыз, максаттуу иштер жүрө элек.

Подкаст кыскартылып терилди. Калганын видеодон толук көрө аласыз.


Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG