Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:58

Альпинисттердин коопсуздугуна ким жооптуу?


Наталья Наговицина Тажикстандагы Коммунизм (И.Сомони) атындагы чокуда. Сүрөт анын социалдык тармактагы баракчасынан алынды.
Наталья Наговицина Тажикстандагы Коммунизм (И.Сомони) атындагы чокуда. Сүрөт анын социалдык тармактагы баракчасынан алынды.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буту сынып Жеңиш чокусунда калган орусиялык альпинист Наталья Наговицинаны куткаруу операциясын аба ырайынан улам токтотту. 7 миң метр бийиктен аны алып түшүү боюнча үч жолу аракет көрүлдү.

19-августта акыркы жолу дрон көтөрүлгөндө анын тирүү экени билинген. 23-августта ал кыймылсыз болуп калганы жана катуу суукта каза болушу мүмкүндүгү тууралуу маалымат чыкты. Анын өлүмү расмий ырастала элек, бирок орусиялык Телеграм каналдар буга чейин дрондон алынган маалыматка таянып, ал эч кандай белги бербей калганын.

Альпинисттердин саякатын уюштурган “Ак-Сай Трэвел” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, “Түштүк Эңилчек” лагеринин башчысы Дмитрий Греков "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Альпинисттердин коопсуздугу үчүн кандай шарт түзүлгөн? Азыр Наталья Наговицинаны куткаруу иштерине, италиялык альпинистгин өлүмүнөн улам ар кыл сөз айтылып жатат. Альпинисттерде сапаттуу байланыш болгон эмес, компанияда дрондор жок деген сыяктуу...

Дмитрий Греков
Дмитрий Греков

- Эмнеге? Биринчиден, биз баарынан камсыздандырууну жок дегенде вертолеттун учуусун жапкан сумманы болуусун талап кылабыз. Бул адатта 30 миң доллардын тегерегиндеги сумма. Эгерде район өтө алыс болсо сумма мындан да чоң болушу ыктымал. Ошондон кийин гана биздин кызматты колдонуп, тейлөө пакетин сатып алгандарга кеңеш берип, радио байланыш жана башкалар менен камсыздайбыз. Алар менен байланыштын болушун терең ойлонуп чыгабыз. Бирок ал жакта азырынча дрондор жок. Биз аны жаңы гана 5 миң метр бийиктикте колдоно баштадык, мисалы Ленин чокусунда. Ал эми бул бийиктикте (ред: 7000) азырынча жок.

- Сиз радио байланыш бар деп айтып атасыз. 7 миң метр бийиктикте ал кантип иштейт? Киши чокуда калып калган учурда ал канча убакытка чейин иштөөгө жөндөмдүү?

- Албетте иштейт, болгону станция болушу керек. Менин аймагымда (ред.: Жеңиш чокусунда) станциялар бардык районду камсыздай алат. Баарын угуп турам. Эгер көп сүйлөшсө, кечке жуук батарейка отуруп калат. Эгер жылууда кармап, азыраак сүйлөшсө, бир аптага жетет.

- Наталья Наговицинанын командасында тажрыйбасы жок гид (туристтерге жол көрсөтүүчү) Роман Мокринский болгону да талкууланууда.

- Роман гид эмес! Ал шериги болчу. Алар достордой эле тоого чогуу чыгууну макулдашып, жөнөшкөн. Алар тейлөөнүн эң арзан пакетин сатып алышкан (ред.: 1800 доллар же 157 миң сом). Алар базалык лагердин кызматын пайдаланууну да каалашкан жок. Вертолет менен учуп келип, лагердин айланасында өздөрүнүн чатырында жашады. Мен аларга болгону радиостанцияга уруксат бердим. Анан алар өздөрү кетишти.

- Альпинист сиз айтып аткан “арзан пакет” сатып алганда компания алардын коопсуздугуна жооп бербейби?

- Мен алар үчүн базалык лагердин аймагында гана жооп берем. Андан ары ар ким өзү үчүн жооп берет. Аймактан чыккандан кийин алар өз алдынча болушат. КРнын Баш мыйзамына ылайык алар кайда кааласа, ошол жакка бара алышат. Мен аларга тыюу сала албайм. Андай укук болсо жан дилим менен тыюу салмакмын, себеби мен кимдин даярдыгы мыкты, кимдики жок, дароо билем. Бирок менде андай укук жок. Алар вертолеттон түшкөндө эле даярдыгы барбы, жокпу байкалат. Дайыма айтам: "балдар, силер ал жакка бара албайсыңар" деп. Бирок сиз билесиз да, азыр адамдар өзүнө абдан катуу ишенет.

- Аба ырайы тууралуу айтсак. Силер маалыматты саат сайын бересиңерби? Азыр аба ырайы туруксуз болору алдын ала эле белгилүү болот деген сын айтылып атат.

- Албетте, сөзсүз! Аба ырайы тууралуу божомолду карап, ар бир топко, ар бир кишиге жеткирип турабыз. Кандай шамал болорун, кандай жаан-чачын, кар күтүлөрүн... Ансыз болбойт.

- Наговицина кирген топ аба ырайы тууралуу бардык маалыматтарды билчү беле?

- Биз аларга эскерткенбиз. Мен аларга айткам, 11-августта түштөн кийин аба ырайы бузулат деп. Ал бийиктиктен баары кетиши керектигин айткам. Бирок, менин билишимче, балдарга чокуга чыгуу үчүн аз калган болчу, ошого балким жолубуз болот деп ойлошкондур.

- Альпинисттер арасында өлүмдү азайтуу үчүн эмне кылуу керек? Куткаруучулар, техника кандай болушу керек?

Советтик доордогудай керектүү билими жок болсо ал районго чыгууга тыюу салынышы керек. Азыр андай эреже жок.

- Дагы кандай техникалык шарттар керек? Сиздин компанияңызда вертолет барбы?

- Бизде жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде бар. Бирок бизде 7 миң метр бийиктикте иштөөгө жөндөмдүү учкуч жок.

- Мындай бийиктикте жардам бере ала турган тажрыйбалуу альпинисттер, куткаруучулар барбы?

- Бул маселе да татаал. ӨКМде башка милдеттер бар, ал жакка кесипкөй альпинист барбайт, айлыгы аз. Куткаруу отрядын өзүбүз түзгөнгө туура келет.

- Акыркы жолу Натальяны тажрыйбалуу альпинисттер жана адистерден турган топ куткарат деген ишеним болуп атты эле, бирок алардын да жолу болбоду.

- Ооба, мен базалык лагерде болуп, операцияны башкарып турдум. Куткарууга башка тажрыйбалуу балдар, мурда Жеңиш чокусуна жана башка бийиктиктерге чыккандар көтөрүлдү. Бирок алардын жетекчиси анын алдында катуу конгон вертолеттун ичинде болчу. Ал өзүнүн жарааты жеңил деп ойлогон окшойт. Алар 6500 бийиктикке чыккандан кийин ооруп калды. Андан кийин алардын баарына кайра кайтууга команда бердим. Андан ары жүрүү кооптуу болчу. Жетекчиси жок топту бийикке эч ким кое бербейт. Эгерде, мисалы, андан ары жүрө албай калса, бир киши экинчисин кошо сүйрөп кетпей турган болсо аларды 2x2 кылып бөлүүгө туура келет.

Мындай учурда жолду андан ары улантууга уруксат берүү - кылмыш. Мен ал кезде аларды кайтаруу менен балким өмүрлөрүн сактап калдым. Жеңиш чокусу - дүйнөдөгү 7 миң метр бийиктиктеги эң түндүктөгү чоку. Башкача айтканда, аба ырайы катаал, ал жакта шамалдын ылдамдыгы да белгилүү. Сезон 1,5 айга созулат. Августтун аягына чейин болушу мүмкүн, бирок аны эч ким алдын ала так айта албайт.

Маалымат үчүн: Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жеңиш чокусунда калган орусиялык альпинист Наталья Наговицинаны куткаруу иши токтотулганын билдирген. Ага ылайык, куткаруучулар 6 100 метр бийиктикке чейин жеткен жана аба ырайынын туруксуздугуна байланыштуу операция белгисиз мөөнөткө токтотулган. Наговицина кошулган төрт кишиден турган альпинисттер тобу Жеңиш чокусуна чыгып кайтып келатканда, 12-августта буту сынып, баса албай, 7 100 метр бийиктикте калган.

Орусиялык басылмалар -25 градус суук жерде жаткан альпинист каза болгонун жазышты.

Экспедициядагы италиялык дагы бир альпинист андан төмөнүрөөк жерде, 6 900 метр бийиктикте каза болгон. Альпинисттер тобунун башка мүчөсү билдиргендей, ал орусиялык альпинистке көмөктөшмөк болуп суукта көп жүрүп калганы үчүн мээ шишигинен улам көз жумган.

16-августта Жеңиш чокусуна альпинисттерди эвакуациялоо үчүн бараткан Ми-8 аскердик тик учагы кырсыктап, тоого катуу конуп, борттогу бир нече адам жаракат алган.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги Наговицинанын окуясынан кийин билдирүү таратып, жарандарын тоого чыгар алдында өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кабар берүүсү керектигин эскерткен.

Жеңиш чокусу кыргыз-кытай чек арасындагы Тянь-Шань тоо кыркасында жайгашкан. Бийиктиги 7439 метр.

Шерине

XS
SM
MD
LG