Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:18

Жеңиш чокусу: Ак кар, көк музда калган аялды ким куткарат?


Жеңиш чокусу
Жеңиш чокусу

Кыргызстандын Жеңиш чокусунда бутун сындырып, 7100 метр бийиктикте калган орусиялык альпинист Наталья Наговицинаны куткаруу аракеттери азырынча токтогон жок. Эл аралык топ кайра дрон учуруп, сегиз күндөн бери жалгыз жаткан аялдын абалынан так маалымат алууга аракеттенет.

Кыргызстандын альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов куткаруу операциясына эл аралык альпинизмдин өкүлдөрү кошулганын айтты. Буга чейин куткаруу операциясы токтотулганы кабарланган эле.

Ак кар, көк музда калган альпинист

19-августта дрон менен тартылган видеодо альпинист Наталья Наговицина баш калкалаган чатыр айрылып, бир жагы шамалга желбиреп учуп жатканы көрүнөт. Бирок андан бери 47 жаштагы аялдын кандай абалда экени белгисиз.

12-августта Наговицина кошулган төрт кишиден турган топ Жеңиш чокусуна чыгып, кайра түшүп келатканда аялдын буту сынып, баса албай калган. Тоодо калган альпинистке үч ирет куткаруу тобу жөнөп, бирок ал жаткан жерге жете алган эмес.

Ошону менен куткаруу операциясы жыйынтыкталганы, ал 2026-жылы жайда гана уланары айтылган.

“Эл аралык альпинизм системасындагы абройлуу өкүлдөрдүн бири – Анна Пиюнова. Ал 25-августта дрон учурууга аракет жасаларын билдирген. Наталья Наговицинанын абалын, тирүү экенин билүү үчүн кайрадан дрон 7 миң 125 метрге көтөрүлөт. Анын жыйынтыгы менен дагы чечимдер кабыл алынат. Азырынча куткарууну токтотуу боюнча акыркы чечим боло элек”, - деди Эдуард Кубатов "Азаттыктын" кабарчысына.

Кубатов атаган Анна Пиюнова 25-августта Фейсбук баракчасына кыска билдирүү коштогон видео жарыялады:

25.08.2025. Жеңиш чокусундагы базалык лагерде аба ырайы бузулду. Куткаруу операциялары токтоду. Италиялык топ кетти.

Наталья Наговицина менен бул чокуга чыгууга төрт кишиден турган топ: немис Гюнтер Зигмунд, италиялык Лука Синигалья жана орусиялык Роман Мокринский жөнөгөн.

Гюнтер менен Лука буту сынган аялды эки жолу ылдый алып түшүүгө аракет кылышкан. Бирок андан майнап чыкпаган соң чоң таштын жанына чатыр тигип, аялды жылуу ороп жаткырып, жылыткыч, газ баллон берип коюп, өздөрү ылдый жөнөшкөн.

Экөө бороон-чапкынга калып, колу-бутун үшүккө алдырып ийген. Эки күндөн кийин Лука 6900 метр бийикте көз жумат, адистер анын мээсине суу толуп кеткен деп болжолдошот. Гюнтер менен Романды куткаруучулар Бишкекке алып келет.

Жеңиш чокусунда калган Наговицинаны куткаруу аракети уланат
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:02 0:00

Эдуард Кубатов 5000 метрден жогору бийикте куткаруу иштери адистешкен гана кызматкерлердин колунан келерин белгилейт:

"Бийиктикте альпинисттерди альпинисттер гана куткара алат. Анткени алар гана ошондой бийикте жүрүүгө көнгөн, ал маршруттарды билишет. Ал жерде эң мыкты спорттук даярдык талап кылынат. Башкача айтканда, ошончо бийик жерде кишини сактап калуу керек. Ал адискөй альпинисттердин гана колунан келет. Өзгөчө кырдаалдар министрлигиби же Коргоо министрлигиби 5000 метрден бийик жерде куткаруу иштерин аткара албайт".

Учурда Альпинизм федерациясы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн куткаруучуларды даярдап жатканын Кубатов кошумчалады. 5000 метр бийиктикте куткаруу иштерине катышуу үчүн спорттун чебери болуш керек. Андай адистерди даярдоого бир нече жыл кетет.

Тоо башында коопсуздукка ким жооптуу?

Жеңиш чокусуна альпинисттердин сапарын уюштурган Ak-Sai Travel компаниясын негиздөөчүлөрдүн бири, тажрыйбалуу альпинист жана “Түштүк Эңилчек” базалык лагеринин жетекчиси Дмитрий Греков Наговицина кошулган топко аба ырайы тууралуу маалымат, ошондой эле альпинисттин даярдыгы тууралуу эскертүү да берилгенин билдирди.

Ал эми Наговицина кошулган топту баштаган альпинист Роман Мокринскийдин Ak-Sai Travel компаниясына тиешеси жоктугун белгиледи.

“Роман гид эмес, ал чогуу келген киши болчу. Алар жөн гана жолдоштордой макулдашып, чогуу бара турган болушкан. Алар “арзан пакет” башкача айтканда, тейлөөнүн эң эле минималдык пакети менен келишкен. Алар базалык лагердин кызматын пайдаланууну каалаган эмес. Тик учак менен келип, өздөрүнүн чатырында жашаган. Мен аларга радиостанцияларды гана бердим. Анан алар өздөрү кетти. Мен базанын аймагында тургандар үчүн гана жооп бере алам. Базадан тышкары аймакта алар өз алдынча болуп саналат. Кыргызстандын Конституциясы боюнча алар кайда кааласа, ошол жакка бара алышат. Мен аларга тыюу сала албайм. Совет жылдарында биз квалификациясына карап уруксат берчүбүз, азыр андай эмес. Мен аларга тыюу салмакмын, анткени мен ким даяр, ким даяр эместигин дароо эле көрөм”.

7000 метр бийикте жалгыз калган орусиялык альпинистти куткаруу дүйнөлүк медиада кызуу талкууланып, ар кыл пикирлер айтылууда. Чокуга чыккан альпинисттерде "ишенимдүү байланыш" болгон эмес, аларга кызмат көрсөткөн компания "дрон колдонгон жок" деген сөз арбын айтылды.

Греков чокуну багындырам деп келген альпинисттердин камсыздандыруу пакетине көңүл бурууга кеңеш берди.

"Биринчиден, биз бардыгынан [альпинисттерден - ред.] жок дегенде тик учактын чыгымын жапкыдай акчага камсыздандыруу алышын талап кылабыз. Адатта бул 30 миң доллар. Эгер бара турган район алыс болсо, бул сумма дагы көбөйүшү мүмкүн. Андан сырткары биздин кызматтан пайдаланып, тейлөө пакетин сатып алгандарга адистердин кеп-кеңеши, радио байланыш сыяктуу каражаттар менен камтып, такай байланышта болуунун жолун табабыз. Азырынча ал жакта дрондор жок. 5000 метр бийикте Ленин чокусунда колдоно баштадык, 7000 метрде колдоно элекпиз”.

“Түштүк Эңилчек” базалык лагеринин жетекчиси Жеңиш чокусунун аймагында радио байланыш толук тартарын ырастады.

Альпинисттерди ким тескейт?

16-августта Жеңиш чокусуна альпинисттерди эвакуациялоо үчүн бараткан Ми-8 аскердик тик учагы кырсыктап, тоого катуу конуп, борттогу бир нече адам жараат алган.

19-августта Коргоо министрлигинин эки аскер учагы алты жолу учуп, Жеңиш жана Хан-Теңири чокуларынан 60тан ашуун кишини эвакуация кылган. "Түштүк Эңилчек" жана "Поляна" лагерлеринен альпинисттер, куткаруучулар, туристтер эвакуацияланып, 16-августта Хан-Теңириде каза болгон орусиялык Алексей Ермаковдун сөөгү да чыгарылган.

Куткарылгандардын арасында Кыргызстандын, Британиянын, Кытайдын, Казакстандын жана Орусиянын жарандары бар.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Асанов мекемеде 5000 метр бийиктикте куткаруу операциясын жүргүзө алчу топтор бардыгын айтты. Бирок четтен келген туристтер жеке фирмалар менен келишим түзүп, расмий электрондук түрдө гана катталып коюшат.

“Кыргызстанга келген туристтер Хан-Тенгри, Жеңиш, Ленин чокуларына чыгардын алдында Ak-Sai Travel дегенге окшогон фирмаларга катталышып, туристтерди жана альпинисттерди камсыздандыруу деген келишимдерди алар менен түзүп, алар менен иштешет. Бизге туристтер электрондук форматта гана катталат”.

Ал арада коомчулукта “альпинисттердин коопсуздугуна ким жооп бериши керек? Алардын даярдыгын ким текшерет?” деген суроолордун айланасында талкуу күчөдү.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев тоо туризмине кызыккан чет элдиктерди көзөмөлдөөнүн механизмин парламентте сунуштаган.

“Биздин өлкөдө бийик тоолордо Хан-Тенгри, Жеңиш чокусу, дагы 4-5 чоку бар да. Ошолорго чет мамлекеттен туристтер келет. Өлкөнүн казынасына алардан эч кандай налог түшпөйт, алар өкмөттөн камсыздандыруу да сатып албайт. Жеке фирмалар менен сүйлөшүп, келип кете беришет. Аны эч ким көзөмөлдөбөйт. Ал эми дүйнө жүзүндө биздикиндей бийик тоолорго чыкканда пермит [акча төлөп, атайын уруксат сатып алат - ред.] болот. Бул деген жергиликтүү бийликке түшө турган каражат. Биз ушуну киргизсек, ошол келген альпинисттер катталат да. Кимге келди, канча күнгө келди, кандай камсыздандыруусу бар? Коштоп жүргөнү ким, кийин ким жооп берет деген суроолорго так жоопту билип турмакпыз. Биз дагы ошондой пермит киргизип, ошол эле чокуларда тазалыкты сактабасак да болбой калды. Таштанды тонналап жатат, аны кийин кантип тазалайбыз?”

Жети миңдиктин бири - Жеңиш чокусу

Эң бийик жери 7439 метрге жеткен Жеңиш чокусу кыргыз-кытай чек арасындагы Тянь-Шань тоо кыркасында жайгашкан.

"Жеңиш чокусу дүйнөдөгү эң татаал 10 чокунун бири. Чокуга чыгам дегендердин [альпинисттердин - ред.] 30% өлүмгө учурайт",- деген Эдуард Кубатов Би-Би-Си радиосуна берген комментарийинде.

Альпинисттердин эсебинде 1955-жылан 2017-жылга чейин бул чокуда 70 киши каза тапкан, алардын көбүнүн сөөгү ак кар баскан тоо боорунда калган.

Жер планетасынын түндүк чокуларынын бири саналган Жеңиш чокусунун жолу техникалык жактан өтө татаал, шамалдын күчү секундасына 100 метрден ашат. Чокуга чыгуу үчүн сезон июлдан август айынын ортосуна чейин гана созулат.

Кыргызстандын аймагында жети миңдик үч чоку: Хан-Тенгри (7010 метр), Ленин (7134 метр) жана Жеңиш (7439 метр) бар.

Тажикстандын аймагында Исмаил Самани (мурдагы Коммунизм - 7595 метр) жана Азаттык чокусу (мурдагы Корженевская - 7105 метр) жайгашкан.

Бул беш жети миңдикти багындырган альпинистке "Ак илбирс" наамы ыйгарылат. Жакында бул наамды Эверестке чыккан кыргыздын биринчи кызы Асел Байбагышева алды.

Шерине

XS
SM
MD
LG