Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Август, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:51

Кумтөрдөгү алтындын кору канча жылга жетет?


Президент Садыр Жапаров Кумтөр кениндеги жер астынан казуу планы менен таанышууда. 27-август, 2025-жыл.
Президент Садыр Жапаров Кумтөр кениндеги жер астынан казуу планы менен таанышууда. 27-август, 2025-жыл.

Кыргызстан “Кумтөр” кенин толук өзүнө алып, иштете баштаганына үч жылдан ашты. Кыргыз бийлиги кендин жалгыз кожоюну мамлекет болгондон бери киреше артып, аны менен өлкөдөгү ири курулуштар, социалдык маселелер четинен чечилип жатканын айтат.

Президент Жапаров “Кумтөрдө” алтынды шахталык жол менен казуу ишинин башталышына катышып, кен кеминде 40-50 жыл кызмат кыларын белгиледи. Кумтөр кени мамлекетке өткөндөн бери эмне өзгөрдү жана ал кыргыз экономикасына дагы канча убакыт тирек болот?

Жапаров “Кумтөр” кенинде жер астынан казуу 17 жылга созулуп, бул убакыт аралыгында 147 тонна алтын өндүрүлөрүн билдирди. Ал үчүн 1600 метрдей терең казылып, тунель жасалат жана тоннасына 5 граммдан көп болгон баалуу рудалар алынат. Жапаров кен мамлекетке кайтарылары менен казуу иштерин жабык жүргүзүүгө басым жасоо тапшырмасын бергенин, ачык карьердик жол менен казууда бош тоо тектер көп казылып жатканын, анын кесепети мөңгүлөргө да тийгенин белгилеген.

“Буйруса, Кумтөрдүн келечеги алдыда, дагы 40-50 жыл өлкө кызыкчылыгы үчүн, элдин кызыкчылыгы үчүн иштей бермекчи. Элдин кызыкчылыгы үчүн дегеним акыркы үч жылда Мамлекеттик ипотекалык үйлөр карапайым элге тапшырылып жатканына күбө болуп жатасыздар. Мына ошол курулуштарга кеткен акчалардын баары ушул Кумтөрдөн түшкөн кирешелер экенин билип жүрүңүздөр. Салынып жаткан жолдор, мектеп, бала-бакчалар, эмгек акылардын, пенсия-жөлөк пулдун көбөйүшү, аскердик жана башка заманбап техниканын сатылып алынышы, иши кылса өлкөдө болуп жаткан жакшы иштердин баарына Кумтөрдөн түшкөн акча жумшалып жатат”.

Президент келтирген маалыматка караганда, “Кумтөр” 2021-жылдын май айынан бери 3 миллиард 445 миллион доллар киреше берди. Салык жана башка төлөмдөрдөн 891,6 миллион доллар түшкөн. Бул үч жылда 54 тоннадан ашык алтын өндүрүлгөн. Президент мындай пайда кенди чет өлкөлүк компания башкарган 28 жылда алынган кирешеден кыйла жогору экенин айтты.

Жапаров бул кирешелердин арты менен өлкөдө көптөгөн курулуштар жүрүп, экономикага да салым кошуп жатканын белгиледи.

Бийлик өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу аракетин көрүп жаткан маалда бюджетке салымы көп кендин узак иштеши маанилүү болуп турат.

Кумтөр кенин жер астынан казуу планы
Кумтөр кенин жер астынан казуу планы

Тоо-кен иштери боюнча адис Дүйшөн Камчыбеков жер астынан казуу иштеринен жана жаңы бөлүнгөн тоо-кен аймактарынан алтын казуу иши узарышы мүмкүн экенин жоромолдоп жатат:

“Азыр алтын казуу Кумтөрдөгү 21-блокто жүрүп жатат. Ал жер быйыл түгөнсө, кезекте 22-блок бар. Ал жерде 22 тоннадай алтын бар. 23-тоо-кен блогунда 33 тонна алтын болсо, анын 8-10 тоннасы алынды. Ошентип запаста 40 тоннадай алтын болсо, жылдык өндүрүмдүүлүккө жараша ачык жол менен казуу иштери канчага созулары аныкталат. Мисалы, жылына 10 тоннадан чыгарсак, төрт жылга, сегиз тоннадан чыгарсак, беш жылга барат. Ошентип ачык жол менен каза турган башка алтын жок. Калганы жабык ыкма менен алынчу запастар. Анда жылына жакшы болгондо беш тонна алтын алууга болот. Ошентип азыр иштетилип жаткан запастар менен 20 жылга барат деп ойлойм”.

Президент “Кумтөр Голд Компаниге” алтын өндүрүү үчүн Тоголок кени өткөрүлүп берилгенин, Жангарт аймагында геологиялык иштер жүрүп жатканын кошумчалады. Бул жаңы аймактардагы чалгындоодон табылган запастар Кумтөр кенинин өмүрүн узартат деп күтүлүүдө.

Кыргыз өкмөтү Кумтөр кенин улутташтырууда “Центерра” компаниясына бардык экологиялык дооматтарынан баш тарткан. Ага чейин чет өлкөлүк компания калдыктарды рекультивациялаган жок деген дооматтар айтылып келсе, кийин бул жоопкерчилик толугу менен кыргыз бийлигине жүктөлгөн. Президент Жапаров эми калдыктарды кайра иштетип, жүз тоннадан ашык алтынды ылгап алуу жана калдыктарды сактоо иши чогуу жүрөрүн кошумчалады.

Адистер калдыктан кайра алтын өндүрүү дүйнөдө татаал жана чыгымы көп жумуш экенин белгилешүүдө.

“Цианид кошулуп иштетилген рудадан калган калдыктан алтынды бөлүп алуу чоң көйгөй. Бул боюнча технологиялар жокко эсе. Бирок акыркы күндөрү кытайлык компания менен сүйлөшүп, Кумтөрдөгү калдык сактоочу жайды кайра иштетебиз деген сөздөр жүрүп атат. Мында да бир канча маселе чыгышы мүмкүн. Кенге чоң көлөмдөгү күйгүзүүчү каражаттарды алып баруу жана жогорку басымда күйгүзүүчү технологияны колдонуу керек. Эсептөөлөр боюнча ал жердеги алтындын 20-25% эле ылгап алууга мүмкүн экен”, - деди тоо-кен боюнча адис Дүйшөн Камчыбеков.

"Кумтөр Голд Компани" ишканасы калдыктарды кайра иштетүү кандай жүрөрү тууралуу кийинчерээк толук маалымат берилерин "Азаттыкка" маалымдады.

Кенди чет элдик компания иштетип келгенде маал-маалы менен алтын өндүрүү тууралуу маалыматтарды кеңири баяндама кылып жарыялап келген. Учурда Кумтөргө толук ээлик кылган “Кыргызалтын” ишканасы да түшкөн пайда, сатылган алтындын көлөмү тууралуу кабарлап турганы менен маалыматтар мурдагыдай ачык болбой калды дегендер бар.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев буларга токтолду:

“Алтын саткандан жакшы эле пайда көрүп атабыз. Азыр жашыруун маалымат болуп калгандыктан, атайын кайрылбасаң, ачык беришпейт. Жыйынтыктарды “Кыргызалтын” ишканасы маалымат каражаттарына берип жатат. Техникалык киреше-чыгашаларды ачык айтпай жатат, ал үчүн кайрылуу жолдош керек. Акыркы эки жылдан бери алтынга кызыккан деле жокмун. Өкмөт толук мойнуна алгандан кийин өздөрү жооп берет. Депутаттар мурдагыдай көзөмөл кылып, каражат каяктан түштү, каякка кетти деген чукуламай токтогон”.

Президент Садыр Жапаров бир апта мурда “Кабарга” берген маегинде Кыргызстан жылына Англияга 1 миллиард долларга алтын сатарын айткан.

  • Расмий маалымат боюнча, 2021-жылы кенден 14,6 тонна алтын алынган. Мунун 4-5 тоннасын Кумтөргө ага чейин ээлик кылган канадалык “Центерра Голд” компаниясы чыгарып кетсе, 10 тоннасы Кыргызстандын өзүндө калган. 2022-жылы 17,3 тонна алтын, 2023-жылы 13,5 тонна өндүрүлгөн. 2024-жылдын 10 айында 9 тонна 316 килограмм алтын чыгарылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG