Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:14

Украинанын согушта каза тапкан спортчулары


Жеңил атлетчи Володимир Андрощукту акыркы сапарга узатуу зыйнаты. Украина, январь, 2023-жыл.
Жеңил атлетчи Володимир Андрощукту акыркы сапарга узатуу зыйнаты. Украина, январь, 2023-жыл.

29-июлда Украина Париж Олимпиадасынын алгачкы медалын жеңди. Ольга Харлан фехтование жарышында коло медал тагынды. Орусия кол салгандан бери украиналык 488 атлеттин өмүрү үзүлдү. Кыянат согуш болбосо, кээ бирлери азыр Олимпиадага катышып, балким чоң ийгиликтерге жетишмек.

29-июлда Ольга Харлан фехтование жарышында үчүнчү орун үчүн мелдеште түштүк кореялык Чхве Себинаны утуп, Украина Париждеги оюндарда алгачкы медал алды. Бул оюндарга согуш оту алоолоп жаткан өлкөнүн 140 спортчусу катышууда. СССР ыдырагандан кийин украин командасы мынчалык чакан болгон эмес.

Орус аскерлеринин бомбалоо, аткылоосунан же майдандагы кармаштарда украиналык 488 атлет каза тапты. Арасында үмүт жаратып келген жаш таланттар да бар болчу.

Володимир Андрощук (2001-2023)

Жеңил атлетиканын 10 түрү боюнча (десятиборье) улуттук команданын мүчөсү 18 жашында эле чеберчилиги менен таанылган.

2019-жылы Украинанын 20 жашка чейинкилердин чемпионатын жеңген. Андан кийинки жылы ошол эле категорияда Европа биринчилигинде өлкөсүнүн намысын коргоп, алтынчы орунду алган.

Володимир быйылкы Олимпиадага даярданып жаткан, бирок 2022-жылы Орусия Украинага басып киргенде кыялынан баш тартып, ыктыярчы болуп майданга кеткен. 2023-жылдын январында Бахмуттун жанында окко учкан.

Максим Галиничев (2000-2023)

Мушкер 2017-жылы өзүнүн салмагында бокс боюнча Европа чемпиону болгон. Кийинки жылы Жаштардын Олимпиадасында жана 2021-жылы жаштар арасындагы Европа чемпионатында күмүш медал тагынган. Орусия басып киргенден кийин спорттук карьерасын токтотуп, ыктыярчылардын катарында мекенин коргоого аттанган.

Максим былтыр мартта Луганк облусунда мерт кеткен. Артында аялы менен үч жашар кызы калган. 2021-жылкы интервьюсунда маркум “балдарынын жаркын келечегин, үй-бүлөсүнүн аны менен сыймыктанышын каалаганын” айткан.

Галина Перегудова (2008-2022)

Оор атлетчи 2021-жылы 13 жашында Украинанын 17 жашка чейинкилер арасындагы чемпионатын жеңген. Оор атлетика боюнча улуттук курама командага мүчө болууга умтулган. Согуш тутанганда Галина Бахмуттан Мариуполго кеткен. Кийин орус аскерлери ал шаарды курчоого алганда аткылоодон энеси менен кошо каза болгону кабарланган.

Олександр Пелешенко (1994-2024)

Штанга көтөрүү боюнча Европанын эки жолку чемпиону Олександр 2016-жылы Рио Олимпиадасында күч сынап, төртүнчү орунга жайгашкан. 2018-жылы канында тыюу салынган препарат табылып калып, жарыштардан четтетилген.

Орусия согуш ачканда куралдуу күчтөргө жазылып, быйыл майда майданда каза болду.

Евгений Малышев (2002-2022)

Жаш биатлонист 2020-жылы Жаштардын Олимпиадасына катышкан. Ошол эле жылы украин армиясында келишим менен кызмат өтөй баштаган. Орусия кол салганда Харьковду коргоо үчүн майданга жөнөтүлгөн. Ошол эле жылы 1-мартта кармашта набыт болгон. Бир жумадан кийин спортчу 20 жашка чыкмак.

Былтыр декабрда Эл аралык Олимпиада комитети орусиялык жана беларус атлеттери жарыштарга бейтарап статуста, улуттук желегисиз жана башка атрибутикасыз катыша аларын чечкен. Андай мүмкүнчүлүк Украинага кол салууну активдүү колдобогон, өз армиялары, коопсуздук структуралары жана коопсуздук кызматтары менен байланышы жок атлеттерге берилери айтылган.

Бул эки өлкө өкүлдөрү оюндардын салтанаттуу ачылышына катышкан жок, командалык түрлөрдө мелдешпейт. Медалдарды тапшыруу маалында алардын улуттук гимндери жаңырбайт.

Орусиянын Улуттук Олимпиада комитети бул шарттарды адилетсиз деп атап, ошол эле маалда бойкот жолун тандабай турганын билдирген.

Украина Орусия менен Беларусту жарыштардан толугу менен четтетүүгө чакырып келди.

XS
SM
MD
LG