Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:31

"Табыты келди, манжасы эле калыптыр". Орусия согушка барган мигранттарды мекенине жибербейт


Орусиядагы согушка үндөгөн баннер.
Орусиядагы согушка үндөгөн баннер.

Орусияда өкмөттүк комиссия Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, Украинага барып согушкан чет элдиктерди өз өлкөсүнө өткөрүп бербей турган болду. Эксперттер Москва Украинадагы урушка айдаган мигранттарды коргобой эле кайра аларды майданга жиберип, согуш капканынан чыгарбайт деп белгилешет.

Москва атайын мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү жактырганын орус медиасы жазды. Украинадагы согушка катышкан чет элдиктер өз өлкөсүндө кылмыш жообуна тартылат. Бул берене Кыргызстандын мыйзамында дагы бар.

Украинадагы согушка азгырылып барып, ал жактан сөөгү келген кыргызстандык мигранттын жакыны Салкын (аты өзгөртүлгөн)аты-жөнүн жашыруун калтырууну өтүнүп, ушу тапта так маалымат ала албай зарлап турганын айтып берди.

"Жараат алган баланы таза айыктырбай согушка салышыптыр да. Кийин бала өлгөндөн кийин өз убагында жеткирилген эмес. Сөөгүн цинк табытка салып беришет. Баланын манжалары эле калыптыр дейт. Калган жагы баары күйүп кетиптир. Бала танк бөлүгүнө барган экен”.

Украинанын мамлекеттик "Хочу жить" долбоору согушта орус тарапта жүрүп каза болгон чет элдиктердин тизмесин жарыялап турат. 31-октябрда долбоордун Телеграм каналына чыккан тизмеден кыргызстандык делген 143 кишинин аты-жөнүн, аскердик наамын, качан туулгандыгын, кайсы аскердик бөлүктө кызмат кылганын, жетон номурун жана каза болгон датасын көрүүгө болот.

Ага чейин 10-апрелде аталган долбоор Орусия тарапта украиндерге каршы согушту деген 360 кыргызстандыктын аты-жөнүн жарыялап, алардын 38и каза болгонун белгилеген.

5-августта "Хочу жить" жарыялаган маалыматта Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн кыргызстандыктардын саны кеминде 327ге жеткени көрсөтүлгөн.

Бул долбоор буга чейин жарыялаган маалыматтарга таянсак, Орусия тарапта согушуп жүрүп кеминде 181 кыргызстандык окко учкан.

"Азаттык" радиосу Украинадагы урушка ар кандай себеп менен тартылып, майданда набыт болгон бери дегенде 75 кишинин тек-жайын өз алдынча аныктаган.

Бирок алардын канчасы Орусиянын жарандыгын алганын тактоого мүмкүн боло элек.

Орусиядагы мигранттарга укуктук жардам көрсөтүп келген адвокаттардын бири Эрлан Токтосунов акыркы убактарда кылмыш жоопкерчилигине тартылып, миграциялык мыйзамдарды бузган мигранттарды согушка үгүттөп же мажбурлоо аракеттери күчөгөнүн иш тажрыйбасына таянып айтып берди:

"Учурдагы биздин адвокаттык ишмердүүлүгүбүздө кескин көбөйүп бараткан кылмыш иши боюнча жоопко тартылып жатканда келишим түзүлө турган болсо, кылмыш иши кыскартылып, бат эле согуш болгон жерге жөнөтүлүп атат. "Сахароводо" административдик чара колдонуп, Орусия федерациясынын аймагында миграциялык мыйзамдардын бузгандыгы үчүн жоопко тартылган биздин жарандарыбыз бар. Алар ошол "Сахарово" миграциялык борборунда жазасын өтүп жатканда келишим түзгөн, үгүттөгөн иштер дагы көп кездешүүдө".

Ал арада Орусияда өкмөттүк комиссия Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн чет элдиктерди кылмыш жообуна тартуу үчүн өз өлкөсүнө өткөрүп бербөөнү шарттаган жаңы өзгөртүүлөрдү жактырды.

Бул тууралуу орус медиасы кабарлады. Өзгөртүүлөр орус армиясы жана башка аскердик түзүмдөр менен келишимдин негизинде кызмат өтөгөн жана өтөп жаткан, алардын курамында согуштук аракеттерге катышкан чет элдиктер менен апатриддерге да тиешелүү.

Орусиянын юристтер ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Игорь Черепанов ТАСС агенттигине мындай комментарий берген.

“Мыйзам долбоору кабыл алынса, бул категориядагы адамдар депортацияланбайт, реадмиссияланбайт жана Орусияда убактылуу жүрүү мөөнөтү кыскартылбайт. Аларга убактылуу жашоого (анын ичинде билим берүү максатында) же туруктуу жашоого уруксат берүүдөн баш тартууга же жокко чыгарууга болбойт".

Игорь Черепанов мындай чараны аскердик сыр менен маанилүү маалыматты сактоо максаты катары түшүндүргөн.

Юрист Эрлан Токтосунов Кыргызстан, Борбор Азия өлкөлөрү жана Орусия эл аралык конвенцияга кол коюшканын айтып, эгер орус өкмөтү аталган мыйзам долбоорун кабыл ала турган болсо, анда ал эл аралык келишимдерди бузууга жатарын айтты:

"Бербей койгонго акысы жок. Себеби, анда Орусия Федерациясы бир тараптуу ал конвенциядан чыгып кеткендей болуп калат. Анда ал конвенциядан Кыргызстан дагы чыгып кетиши керек. Ички мыйзамдардагы эл аралык милдеттенме алган мыйзамдарга, конвенцияларга эл аралык келишимдерге ылайыктуу болушу керек да".

Кыргызстандын мыйзамына ылайык, кыргыз жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейин абакка кесилет.

Журналист Адил Турдукулов эгер орус тарап кыргыз жарандарын согушка тартып, кийин аларды кыргыз тарапка өткөрүп берүүгө мыйзам долбоорун кабыл ала турган болсо, кыргыз өкмөтү тиешелүү деңгээлде реакция көрсөтүшү керек деп эсептейт.

"Тышкы иштер министрлиги, биздин мамлекеттегилер буга каршы бир нота жибериши керек. Анткени бул биздин мыйзамдарга дал келбейт. Сөзсүз түрдө кандай кылмыш жасабасын, ал кайсы жерде болбосун, биздин мыйзамга ылайык жоопко тартылышы керек. Чет жактагы согушта катышуу кайсы тарапта болбосун, ал абдан чоң күнөө болуп эсептелинет да. Сөзсүз түрдө ошондуктан бул жерде биздин мамлекет буга кайдыгер каратпай, көмүскөдө калтырбай, сөзсүз реакция жасашы керек деген ойдомун".

Буга чейин орус армиясынын катарына кошулуп, Украинадагы согушка катышып, Кыргызстанда соттолгондор дагы бар. Алардын бири Аскар Кубанычбек уулу орус армиясы менен кайрадан келишим түзүп, согушка аттанганы маалым. Ал буга чейин Кыргызстанда жети жылга соттолуп, кийин пробация менен бошотулган соң чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Орусияга чыгып кеткени белгилүү болгон. Араванда Украинадагы согушка катышкан деп шек саналган жаран беш жылга соттолсо, Нарында Орусиянын “Вагнер” менчик аскер компаниясы менен согушка барганы үчүн соттолгон Бекназар Бөрүгул уулу мунапыс менен абактан бошотулганы маалым.

"Каза болуп калса же бир оор жараат ала турган болсо, Орусия Федерациясынын мыйзамынын негизинде өз учурунда компенсация төлөп бергенге мамлекет милдеттүү. Бирок ошол милдеттерин кээ бир учурларда так аткарышпайт же болбосо аркасынан түшмөйүнчө жанагы кенемтелерди төлөбөгөн учурлар көп кездешүүдө. Биз ошондойлорго дагы юридикалык жардам берүүдөбүз", - деди Эрлан Токтосунов.

Орусиянын Украинага бастырып кирип, үч жарым жылдан бери улантып жаткан согушуна постсоветтик өлкөлөрдөн барган мигранттар ар кандай жагдайлар менен азгырылып, майданда алдыңкы катарда жүрөт. Ушундай чакта Орусиядагы соңку сунушту көптөр кооптуу коңгуроо деп, Москва Украинадагы урушка айдаган мигранттарды коргобой эле кайра аларды майданга жиберип, согуш капканынан чыгарбайт деп белгилешет. Бирок азырынча бир дагы расмий реакция боло элек.

  • 16x9 Image

    Наргиза Асекова

    Наргиза Асекова “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинин журналисти. Кыргыз-Орус Славян университетинде журналистика адистигине ээ болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG