Орусияга иштегени кеткен казакстандык тууралуу маалыматтан кийин «Азаттыкка» ушундай эле жагдайга туш болгон дагы эки жигиттин апалары кайрылды. Алардын айтымында, уулдары күзөтчү болуп иштейбиз деп барып, кийин орус армиясына кошулуп калган. Азыр энелери аларды мекенине кайтарууга аракет кылууда.
Адабият жаатындагы Нобел сыйлыгынын 2026-жылдагы лауреаты Энн Карсон болду. Стокгольмдагы Швед академиясы ага сыйлыкты классикалык адабияттын салттарын жаңычылдык менен колдонуп, заманбап адабиятта жаңы формаларды жаратканы үчүн ыйгарган.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри, буга чейин Мамлекеттик курулуш агенттигин жетектеген Нурдан Орунтаев "Азаттыкка" маек курду. Ал курулуш тармагындагы көйгөйлөр, реновация, реформа тууралуу суроолорго жооп берип, өзүн коштогон айрым талаштуу окуяларга комментарий берди.
Кыргызстандын мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулайманов 8-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен бошотулду. Ага чейин ал коррупция беренеси боюнча айыпталып кармалганы белгилүү болуп, эки айга камакка алынган эле.
Ушу күндөрү Бишкекте Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде (КУУ) түркологдордун эл аралык симпозиуму өтүп жатат. Анда азербайжан тилинин жана адабиятынын илимдеги орду, түрк тилдүүлөрдүн фольклору жана орток алфавит жөнүндө сөз болууда.
Кыргызстан USDKG деп аталган алгачкы мамлекеттик криптовалютасын жойду. Мурдараак Улуу Британия аны чыгарган компанияны санкциялык тизмесине киргизген. Президент Жапаров дүйнөдөгү эң ири криптобиржа – Binance'нин негиздөөчүсү Чанпэн Чжаону өзүнө кеңешчи кылган соң бул криптовалюта жүгүртүүгө чыккан.
Орусиянын Иркутск облусунда кара тумоо тууралуу маалымат тараган соң “Азаттык” аймактагы кыргызстандык мигранттар менен байланышып, жериндеги абалды сурады. Алардын айтымында, күнүмдүк жашоо кадимки нугунда өтүп жатат. Бирок айрым адамдар этияттык үчүн беткап тагына баштаганы байкалууда.
8-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Бийликти күч менен басып алуу”, “Массалык башаламандыктар” беренелери менен айыпталып, жапырт кармалган саясатчылардын иши боюнча чечим чыгарды. Темирлан Султанбеков төрт жылга, мурунку иши кошулуп жети жыл, Кадырбек Атамбаев төрт жылга кесилди.
Бир жылдан ашуун убактан бери Казакстанда камакта отурган эки орусиялык жаран - чечен активисти Мансур Мовлаев менен Навальный штабынын мурдагы кызматкери Юлия Емельянованын тагдыры кылдын учунда турат.
Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаева өзүн мандаттан ажыратууну талап кылгандардын үстүнөн арыз жазганын билдирди. Ушу тапта аны мандаттан ажыратуу боюнча петицияга 30 миңден ашуун киши кол койду.
Борбор Азия лидерлери экономикасынын өсүү темптери жогору болуп жатканын айтып, өз далилдерин келтирүүдө. Бирок ИДПнын көбөйгөнү дайым эле элдин жашоосу да жакшыргандык дегенди туюндурбайт. Өсүштүн туруктуулугун жана коом үчүн пайдалуулугун камсыздоонун бир ыкмасы деп адистер инновацияларды атоодо.
Октябрь окуяларына алты жыл болду. Ошол күндөрү өлкөдө шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон топтор чогулуп, Ак үйдү басып алган. Мындан улам өлкөдө башкаруу жоголуп, жер-жерлерде бийликти сүрмө топ менен басып алгандар пайда болгон.
Дагы жүктөңүз