Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:19

"Жакты баспа, бөлүшпө". БШК эрежеси элге да иштейби?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) эки талапкерин үгүт өнөктүгүнүн эреже-талабын бузган деп айыпка жыкты.

Мунун алдында, аталган мекеменин төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров атайын кайрылуу жасап, шайлоонун бардык катышуучуларын мыйзам бузбоого чакырган жана кол тийгис адамдар жок экенин, баарына бирдей чара көрүлөрүн эскерткен.

Шайлоо тууралуу жаңы мыйзамга ылайык, талапкерлерге эреже-талап катаалдашкан. Ушул тушта айрыкча социалдык тармактардагы чектөөлөр талкуу жаратууда.

БШК бир талапкерге мечитте үгүт жүргүзгөнү үчүн, дагы бир талапкерге агитацияны эрте баштаганы үчүн айып салынганын билдирди.

Мунун алдында Боршайкомдун төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров мыйзам бузгандардын баарына чара көрүлөрүн, "кол тийгис эч ким жоктугун" эскерткен.

Тынчтыкбек Шайназаров.
Тынчтыкбек Шайназаров.

"Бардык талапкерлерге жана алардын тарапташтарына эскертем - үгүт иштери мыйзамдын так алкагында, шайлоочуларга жана атаандаштарга сый-урмат менен жүргүзүлүшү зарыл. Эгерде мыйзам бузуулар аныкталса, талапкердин каттоосун жокко чыгарууга чейинки катуу чаралар көрүлөт. Кол тийгис адамдар жок. Баары мыйзам алдында бирдей. БШК өз ыйгарым укуктарынын чегинде белгиленген эрежелерди бузгандарга карата - талапкерби, анын штабы болобу, же жалган жалаа тараткан адамдарбы - тиешелүү чараларды көрөт. Мыйзамдын талаптарын так сактагыла, жарандардын тандоосун сыйлагыла жана бул кампания чыныгы адилеттүү саясий атаандаштыктын үлгү болуусуна көмөктөшкүлө", - деп жазылган кайрылууда.

БШК 30 округдан ат салышуучу 467 талапкерди каттаган, 12-ноябрга карата алардын экөө шайлоого катышуудан баш тартты. Үгүт өнөктүгү 10-ноябрда расмий башталган жана 29-ноябрда соңуна чыгат.


БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов 11-ноябрда "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүндө бул жолку үгүт өнөктүгүнүн өзгөчөлүктөрүнө токтолгон.

"Мурдагы шайлоолордон айырмасы, бул - талапкерлерге, алардын өкүлдөрүнө жана жалпыга маалымдоо каражаттарына коюлган талаптар катаалдады. Анткени буга чейинки шайлоолордон алган сабактардан, терс жактарын укуктук талаага алып келиш үчүн бир катар нормалар кирди. Мунун баары шайлоо процессинин катышуучуларынан укуктук талаада иш жүргүзүүсүн талап кылат".

Ушул тушта айрыкча социалдык тармактардагы үгүт өнөктүгүнө байланыштуу талаш-талкуу жаралды. Шайлоого катышып жаткан талапкерлердин бири агитация жүргүзүүдөгү тыюу-чектөө тууралуу тууралуу карапайым тургундарга толук маалымат жетпей жатканын белгиледи.

"Мамлекеттик кызматта иштебеген мисалы айылда дыйканчылык кылган жаран "биз деле үгүт иштерине аралашпашыбыз керек окшойт, интернетте лайк басып, жактырган талапкер тууралуу билдирүүнү бөлүшпөшүбүз керек окшойт" деп түшүнүп алып, активдүүлүк дагы төмөн болуп жаткандай. Шайлоонун ачык-айкын өткөнү, мамлекеттик кызматкерлердин шайлоого аралашпаганы албетте жакшы. Бирок карапайым тургундар деле бизге деле тыюу бар окшойт деп ойлоп жатат. Социалдык тармактардагы чектөөлөр ушул жактан терс таасирин дагы тийгизип жатат. Шайлоодо акча тараткан, берген талапкерлерди кармайбыз деп жатышат. Жетекчилердин ушул сөздөрүнүн баары ишке ашса карапайым талапкерлер үчүн дагы жакшы болмок".

Ушул тушта үгүт өнүктүгүнө байланыштуу арыз-дооматтарды, социалдык тармактардагы билдирүүлөрдү БШКнын жумушчу тобу карап жатат. Бул топтун мүчөсү, журналист Семетей Аманбеков "Азаттыкка" комментарий берип жатып, арыздар кандай шартта караларын айтып берди.

Семетей Аманбеков.
Семетей Аманбеков.

"Бизге биринчиден арыздар түшөт, алардын баарын каттап, карайбыз, экинчиден, бизде өзүнчө мониторинг жүргүзгөн топ бар, алар социалдык тармактарды, ЖМКларды карап турушат. Анын баарын Вотсаптагы тайпага салып, баарын талкуулап, БШКнын жалпы жыйынына чыгарабыз. Андан сырткары укук коргоо органдарынан дагы каттар келет. Алар кылмыш ишин козгогондон баш тартып, бирок укук бузуулар тууралуу бизге кат жиберип турат. Биздин жумуш ушул үч компоненттен турат. Биз кабыл алган чечимди БШК өзүнүн токтому менен бекитет. Мамлекеттик кызматкерлер шайлоого аралашпашы керек деген норма мыйзамда буга чейин эле бар болчу. Азыр ошол талап социалдык тармактарга дагы тиешелүү болуп калды, лайк басып, бөлүшпөөсү керек деп белгиленди. Лайк басуу, билдирүүнү бөлүшүү деле бул үгүт деп эсептелинип калды. Бул шайлоодо айрыкча үгүт өнөктүгүн мөөнөтүн бузган учурлар болду, үгүт баштала электе эле агитация жүргүзсө болбойт дегенди билип туруп, айрым талапкерлер подкасттарга барып, интервью берип жатышты".

Семетей Аманбеков социалдык тармактарда үгүт жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрүнө, лайк басып, бөлүшүүдөгү талаптарга токтолду.

"Эгерде жөнөкөй жаран эч кандай каражат албай, кайсы бир талапкерди колдоп билдирүү жазып койсо бул анын укугу. Бул жерде эч кандай келишимдин кереги жок. Ал жөн эле оюн билдирип жатат. Бул ошол жарандын конституциялык укугу. Бирок бул жерде башка бир кыянатчылыктар болуп жатат. Мисалы катталуучусу көп айрым блогерлер талапкерлердин атайын даярдалган ролигин алып аны өз баракчасына чыгарып жатат. Ушундай ар бир учурду өзүнчө карап, жумушчу топ ар бирине корутунду чыгарат. Айылдашы катары талапкер тууралуу пост жазып койсо ага албетте чара көрүлбөйт. Эгер бүгүн бир талапкер, эртең башка талапкер тууралуу пост чыгарып, ролигин жарыялап атса анда ага жоопкерчилигин өзгөчө карайбыз, чаралар көрүлөт. Эгер мамлекеттик же муниципалдык кызматкер, же диний ишмер болбосо, жөнөкөй карапайым жаран болсо албетте лайк баса алат. Бул деген эми ошол жарандын эркиндиги, сөз эркиндиги, үгүт эркиндиги, мунун баары Конституцияда жазылган. Талапкерине лайк бассын, өзүнүн атынан билдирүү жазсын, болгону жалган маалымат таратып, каралап, мыйзам бузбасын. Болбосо эч кандай маселе жок. Эмне үчүн ал лайк баспашы, өзүнүн колдоосун көрсөтпөшү керек? Бул жерде болгону финансылык кыянатчылык кылган блогерлерде кеп болуп жатат. Алар атайын фонддон каржыланып, келишим түзүлүп, салыктар төлөнүп, баары ачык-айкын болушу керек".

Шайлоо тууралуу жаңы мыйзамга ылайык, парламентке шайлоонун тартиби өзгөргөн. Анын негизинде өлкөдө жалпы 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт).


Шерине

XS
SM
MD
LG