Ак-Тоого (французча «Монблан», Батыш Европадагы эң бийик тоо чокусу) бараткан жолдогу бул чакан жайда жети киши чогулдук. Жетинин бири Кыдыр болуп, баары франсуз, мен жалгыз кыргыз.
Жаңы жыл алдында Жаңыл Жусупжандын жол дептеринен бир баян.
Эмнеге көчөгө сөзсүз кишинин атын коебуз? Гүлдүн же планетанын атынан атасак болбойбу?
Франция жаңы президентин тандап жаткан ушул тапта cапар буюруп, бул өлкөнүн мурдагы президентинин айылына барып калдым.
1950-жылдардын башында Тажикстандагы Жерге-Талдан өлкөнүн түштүгүндөгү Шаар-Туз пахта талааларын өздөштүрүүгө жергиликтүү калк күч менен көчүрүлгөн. Ошондо көчкөндөрдүн бири - Дөөлөт Бабай уулунун Шаар-Туздагы үйүндө Жаңыл Жусупжан болуп кайтты.
Тажикстандагы Жерге-Тал менен Чоң-Алайдын кызматташтыгын бекемдөөнү аркалаган уюмдун жетекчиси чек арадан өтүү жеңилдеп, ортодо карым-катыш көбөйсө, достук да чыңалат эле деген ишенимде. Кыргызча суудай сүйлөгөн Абдували Пирназаров мырзанын Жерге-Талдын Жайылган айылындагы кеңсесине Жаңыл Жусупжан баш бакты.
Тажикстандын түштүгүндөгү Шаар-Туз айылына өткөн кылымдын 50-жылдары Жерге-Тал районунан кыргыздар көчүрүлгөн. Ысыкка чыдабай, тоолуктардан көп киши набыт болгон.
Тажикстанда бийликтер Жерге-Тал районунун атын өзгөртүүгө киришкени тууралуу кабарланууда. Бул аймак СССР мезгилинде Кыргызстан тарабынан окуу-китеп, мугалим, гезит-журнал менен кaмсыздалып турган. Постсоветтик доордо, согуш мезгилиндеги эң оор кезеңде да кыргыз өкмөтү бул аймакты унутта калтырган
Тажикстанга караган Жерге-Тал районунда кыргыздардын дээрлик баарынын тууган-туушкандары Кыргызстанда. Канча адам менен баарлашсаңыз да, көбү бак-шактуу үй-жайын таштап, баса бергени тургандыгына күбө болосуз.
Мургаб районунда социалдык тармактар аркылуу кыздар алданып калган учурлар жок эмес. Бул тууралуу "Азаттыкка" мургабдык келин айтып берди.
Тажикстандын Жерге-Тал районунун жарандык согуш мезгилиндеги раиси Нусратулло Хасанов ички согушта Кыргызстанга качкан. Кийин тажик парламентинин депутаты болуп, азыр пенсияда. Хасанов аксакалга Жаңыл Жусупжан Дүйшөмбү калаасындагы батиринде жолугуп, ал сүйгөн ырлардан угуп кайтты.
Тагайбек Турдукулов Памирде большевиктер ыңкылабынан кийин туулган. Коммунизм доорун башынан өткөргөн аксакалдын уулу азыр топоз багып, турист тосуп, жаңы доорго күбө болуп жашап жаткан чагы. Мургабдын Ооганстан менен чектеш аймагындагы Корумду жайлоосунда аксакал менен Жаңыл Жусупжан баарлашты.
Дагы жүктөңүз