Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Мургабчы: Oоган кыргыздарынын кейпин кийбесек экен

Тагайбек Турдукулов аксакал, Корумду жайлоосу, Мургаб.
Тагайбек Турдукулов аксакал, Корумду жайлоосу, Мургаб.

Тагайбек Турдукулов Памирде большевиктер ыңкылабынан кийин туулган. Коммунизм доорун башынан өткөргөн аксакалдын уулу азыр топоз багып, турист тосуп, жаңы доорго күбө болуп жашап жаткан чагы. Мургабдын Ооганстан менен чектеш аймагындагы Корумду жайлоосунда аксакал менен Жаңыл Жусупжан баарлашты.

Жаңыл Жусупжан: Бул Корумду жайлоосунда сиздин үч боз үйүңүз тигилип турат, өзүңүз да боз үйдө туулгансызбы?

Тагайбек Турдукулов: Ооба, мына ушундай боз үйдө, мындан да жетесыраак (кыйыныраак) турмушта туулгам. Өз атамдын турмушу өтө начар болгондуктан, мен көрүнөөргө (төрөлөөргө) жакын апамды таятамдардын үйүнө алып барып коюп, ошол жерде жарыкка келгем, ошон үчүн атым Тагайбек (“тага”, “тай” – “энеси жактан” деген мааниде) деп коюлуп калган. Кыйынчылык заманда туулгам. Союз 70 жыл турду, ошондогу жыргалчылыкка баштан-аягына чейин күбө болдум, үзүрүн көрдүм, мээнетин тарттым. Бысмылла дегенде эле Булуң-Көлдө (Аличор айылына жакын жер) комсомол комитетинин секретары болуп иштегем.

Жаңыл Жусупжан: Активист болгон турбайсызбы?

Тагайбек Турдукулов: Активист болгом, ошондон жогорулап отуруп, селсебетке секретарлыкка бардым, партияга да өткөм, партиялык уюмдун секретарлыгында да иштедим. Андан кийин жыйырма жылдан ашык стажым совхоздо өттү. Бул жагын “Аличор экинчи бөлүм”, мындан 30 чакырым алыс жердеги Баш-Күмбөздү “Биринчи бөлүм” деп коет эле. Ошол эки бөлүмдө он беш жылдан ашыгыраак ферма башчысы болуп иштедим. Анан төрт жылдай профсоюздун төрагасы болдум, пенсияга чыктым. Анан союз тозуп (кыйрап) калды, "аренда ыкмасы” деп 1989-жылы 3500-4000гө жакын малды арендаторлорго мүмкүнчүлүгүнө жараша бөлүп бердим. Адегенде 150-200дөн кылып койду, декабрь айында котозду (топозду) бөлүп бергем. "Экинчи бөлүмдө" 1860 баш топоз бар эле, ошонун баарын бергем. Ар бирине 75тен топоз тийген. Өзүмдүн бир балам да арендатор, малдан калганыма эки жыл болду.

Маекти толук бул жерден угуңуз:

please wait

No media source currently available

0:00 0:06:34 0:00

Жаңыл Жусупжан: Сиздин сүйлөгөнүңүз тиги чек аранын нары жагында жашаган ооган кыргыздарыныкына окшош экен, Рахманкул хан сизге тууган эмеспи?

Тагайбек Турдукулов: Рахманкул хан тууган эмес, бирок ошол жакта чоң aта, чоң энемдер калган, эжемдин көзү өттү. Ал жакта жээндерим бар, бирок чек ара жабык, катнаш жок. Согуш мезгилинде баргандар болду эле, турмуштары абдан кыйын деп келишти.

Жаңыл Жусупжан: Уулуңуз азыр туристтер менен иштейт экен. Туризм жакшы нерсе бекен?

Тагайбек Турдукулов: Туризм деген Кудайдын берген ырыскысы экен, үйүнө бирөө келсе, ырыскы кошо келет деген кеп бар. Булар келет, ичсе бир пияла чайыңды ичет, ичпесе жок. Келет, тамаша кылып, атыңды, өгүзүңдү минип кетет, пулун берип жатат.

Мургап: Эже-инини зарланткан чек ара
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:54 0:00

Жаңыл Жусупжан: Кыргыздын мекени азыр Кыргызстан болуп калбадыбы, кантсе дагы көз карандысыз мамлекет. Ошол жакка баргансызбы? Көп кишилер ошол жакка кетишкен экен.

Тагайбек Турдукулов: Биринчи туулуп, өнүп-өскөн жериң кымбат. Ушул жерде туулуп, ушул жерде өсүп калыптырбыз. Кыйынчылык болду, Тажикстанда согуш чыкты, кеткендер кетти, азыр алардын турмушу бизден жакшы, жеңил. (Ошентсе да) башканы билбейм, жеке өзүм ушул жерден кетким келбейт. Кээде (Кыргызстанга кетсек) балдарга жеңил болобу, жакшыраак жашайбы деп ойлоп калам, бирок анын деле учуна жете албайм, кайтып эле туулуп-өскөн жериң... Тажикстан деле бизди сен кыргызсың деп жектеп, карабай койгон жери жок.

Памирдеги азыркы көчмөндөр

Деңиз деңгээлинен 4,250 метр бийиктикте турган Корумду жайлоосу Тажикстандын аймагына кирген Памир тоолорунда жайгашкан. Баш-аягы 15 кишиден турган үй бүлө эки айдай жайлоого чыгып, топоз багып, четтен келген туристтерди тосушат. 
1/15 Деңиз деңгээлинен 4,250 метр бийиктикте турган Корумду жайлоосу Тажикстандын аймагына кирген Памир тоолорунда жайгашкан. Баш-аягы 15 кишиден турган үй бүлө эки айдай жайлоого чыгып, топоз багып, четтен келген туристтерди тосушат. 
Кыргыздар жашаган Памир тоолору бир тарабынан Кытай, Ооганстан менен чектешсе, басымдуу тарабы Тажикстанга кирет. Совет доорунда тоо арасында ээн-эркин көчүп-конуп жүргөн эл күч менен отурукташтырылган. Эми болсо алар жайкысын жайлоого чыгып, боз үй тигип, топоз багып, турист тосушат.
Аккан суудан аттай чуркаган кыз топоз тоскону баратат. Топоз жергиликтүү элдин негизги байлыгы, аны сатып же керектүү нерсеге алмаштырса болот. Бир топозго баасы 300 доллардай турган боз үй келет.  
2/15 Аккан суудан аттай чуркаган кыз топоз тоскону баратат. Топоз жергиликтүү элдин негизги байлыгы, аны сатып же керектүү нерсеге алмаштырса болот. Бир топозго баасы 300 доллардай турган боз үй келет.  
Кыргыздар жашаган Памир тоолору бир тарабынан Кытай, Ооганстан менен чектешсе, басымдуу тарабы Тажикстанга кирет. Совет доорунда тоо арасында ээн-эркин көчүп-конуп жүргөн эл күч менен отурукташтырылган. Эми болсо алар жайкысын жайлоого чыгып, боз үй тигип, топоз багып, турист тосушат.
Taгайбек Турдукулов неберелери менен, ал совет доорунда комсомолдук жетекчи, 1990-жылдары колхоздун топозу менен коюн элге таратканда жооптуу болгон. 
3/15 Taгайбек Турдукулов неберелери менен, ал совет доорунда комсомолдук жетекчи, 1990-жылдары колхоздун топозу менен коюн элге таратканда жооптуу болгон. 
Кыргыздар жашаган Памир тоолору бир тарабынан Кытай, Ооганстан менен чектешсе, басымдуу тарабы Тажикстанга кирет. Совет доорунда тоо арасында ээн-эркин көчүп-конуп жүргөн эл күч менен отурукташтырылган. Эми болсо алар жайкысын жайлоого чыгып, боз үй тигип, топоз багып, турист тосушат.
Таң эртеден тарта түн бир оокумга чейин аялдын үйдөгү түйшүгү бүтпөйт. Тамак жасап, бала баккандан башка күнүгө эки маал топоз саап, отко жакканга терскен, куурай чогултат. 
4/15 Таң эртеден тарта түн бир оокумга чейин аялдын үйдөгү түйшүгү бүтпөйт. Тамак жасап, бала баккандан башка күнүгө эки маал топоз саап, отко жакканга терскен, куурай чогултат. 
Кыргыздар жашаган Памир тоолору бир тарабынан Кытай, Ооганстан менен чектешсе, басымдуу тарабы Тажикстанга кирет. Совет доорунда тоо арасында ээн-эркин көчүп-конуп жүргөн эл күч менен отурукташтырылган. Эми болсо алар жайкысын жайлоого чыгып, боз үй тигип, топоз багып, турист тосушат.
Көчмөндөрдүн дасторкону. Сакалдуулар жаштарга "Дасторконго береке, дайым жакшылыкка жайылсын" деп бата беришет. 
5/15 Көчмөндөрдүн дасторкону. Сакалдуулар жаштарга "Дасторконго береке, дайым жакшылыкка жайылсын" деп бата беришет. 
Кыргыздар жашаган Памир тоолору бир тарабынан Кытай, Ооганстан менен чектешсе, басымдуу тарабы Тажикстанга кирет. Совет доорунда тоо арасында ээн-эркин көчүп-конуп жүргөн эл күч менен отурукташтырылган. Эми болсо алар жайкысын жайлоого чыгып, боз үй тигип, топоз багып, турист тосушат.
Боз үйдөгү болгон кызык - балдар өзбек сериалдарды көрүшөт. Интернет байланыш абдан солгун, андыктан балдар дискке жаздырылган видеолорду көрүшөт. 
6/15 Боз үйдөгү болгон кызык - балдар өзбек сериалдарды көрүшөт. Интернет байланыш абдан солгун, андыктан балдар дискке жаздырылган видеолорду көрүшөт. 
Кыргыздар жашаган Памир тоолору бир тарабынан Кытай, Ооганстан менен чектешсе, басымдуу тарабы Тажикстанга кирет. Совет доорунда тоо арасында ээн-эркин көчүп-конуп жүргөн эл күч менен отурукташтырылган. Эми болсо алар жайкысын жайлоого чыгып, боз үй тигип, топоз багып, турист тосушат.
Корумду жайлоосуна бараткан жолдогу үй. Кең өрөөндү өрдөгөн жердеги бул үйдө Зилал менен Тажикбай Чоңбагышевдер небере кызы менен турушат. Алардын балдарынын көбү Кыргызстанга көчүп кетишкен. 
7/15 Корумду жайлоосуна бараткан жолдогу үй. Кең өрөөндү өрдөгөн жердеги бул үйдө Зилал менен Тажикбай Чоңбагышевдер небере кызы менен турушат. Алардын балдарынын көбү Кыргызстанга көчүп кетишкен. 
Кыргыздар жашаган Памир тоолору бир тарабынан Кытай, Ооганстан менен чектешсе, басымдуу тарабы Тажикстанга кирет. Совет доорунда тоо арасында ээн-эркин көчүп-конуп жүргөн эл күч менен отурукташтырылган. Эми болсо алар жайкысын жайлоого чыгып, боз үй тигип, топоз багып, турист тосушат.
Зилал апа топоздун сүтүнүн сүзмөсүнөн курут жайып кургатат. Кышында аны сууга эзип, ысык сорпого катыктап ичишет. 
8/15 Зилал апа топоздун сүтүнүн сүзмөсүнөн курут жайып кургатат. Кышында аны сууга эзип, ысык сорпого катыктап ичишет. 
Кыргыздар жашаган Памир тоолору бир тарабынан Кытай, Ооганстан менен чектешсе, басымдуу тарабы Тажикстанга кирет. Совет доорунда тоо арасында ээн-эркин көчүп-конуп жүргөн эл күч менен отурукташтырылган. Эми болсо алар жайкысын жайлоого чыгып, боз үй тигип, топоз багып, турист тосушат.
Жайлоодо күндүн көбү тышта өтөт. Боз үйгө болсо тамак ичкенде, анан жатканда эле киришет. Мындай бийик жерде абанын басымы төмөн үчүн тамак жай бышат. 
9/15 Жайлоодо күндүн көбү тышта өтөт. Боз үйгө болсо тамак ичкенде, анан жатканда эле киришет. Мындай бийик жерде абанын басымы төмөн үчүн тамак жай бышат. 
Кыргыздар жашаган Памир тоолору бир тарабынан Кытай, Ооганстан менен чектешсе, басымдуу тарабы Тажикстанга кирет. Совет доорунда тоо арасында ээн-эркин көчүп-конуп жүргөн эл күч менен отурукташтырылган. Эми болсо алар жайкысын жайлоого чыгып, боз үй тигип, топоз багып, турист тосушат.
Көчмөндөр туристтерге топоздорду даярдашууда. Жумуш жок жерде туризм тыйын табуунун жалгыз жолу. 
10/15 Көчмөндөр туристтерге топоздорду даярдашууда. Жумуш жок жерде туризм тыйын табуунун жалгыз жолу. 
Кыргыздар жашаган Памир тоолору бир тарабынан Кытай, Ооганстан менен чектешсе, басымдуу тарабы Тажикстанга кирет. Совет доорунда тоо арасында ээн-эркин көчүп-конуп жүргөн эл күч менен отурукташтырылган. Эми болсо алар жайкысын жайлоого чыгып, боз үй тигип, топоз багып, турист тосушат.
Ыдырыс туристтерге топоз мингизип, жер көрсөтөт. Топоз жылкыга караганда тоо-ташта тың жүрүп, колду карабай, өз тамагын өзү таап жейт. 
11/15 Ыдырыс туристтерге топоз мингизип, жер көрсөтөт. Топоз жылкыга караганда тоо-ташта тың жүрүп, колду карабай, өз тамагын өзү таап жейт. 
Кыргыздар жашаган Памир тоолору бир тарабынан Кытай, Ооганстан менен чектешсе, басымдуу тарабы Тажикстанга кирет. Совет доорунда тоо арасында ээн-эркин көчүп-конуп жүргөн эл күч менен отурукташтырылган. Эми болсо алар жайкысын жайлоого чыгып, боз үй тигип, топоз багып, турист тосушат.
Камыр жайып жаткан кыз. Ун башка көп азык-түлүктөй эле сырттан ташылат. Бул жерде көбүнчө эт менен сүт азыктарын жешет. 
12/15 Камыр жайып жаткан кыз. Ун башка көп азык-түлүктөй эле сырттан ташылат. Бул жерде көбүнчө эт менен сүт азыктарын жешет. 
Кыргыздар жашаган Памир тоолору бир тарабынан Кытай, Ооганстан менен чектешсе, басымдуу тарабы Тажикстанга кирет. Совет доорунда тоо арасында ээн-эркин көчүп-конуп жүргөн эл күч менен отурукташтырылган. Эми болсо алар жайкысын жайлоого чыгып, боз үй тигип, топоз багып, турист тосушат.
Чапаты нан. Нандын аты айтып тургандай эле памирликтердин Пакистан, Индия менен маданий алакасы болгонун көрсөтөт. Кыргызстанда мындай нанды калама дешет. 
13/15 Чапаты нан. Нандын аты айтып тургандай эле памирликтердин Пакистан, Индия менен маданий алакасы болгонун көрсөтөт. Кыргызстанда мындай нанды калама дешет. 
Кыргыздар жашаган Памир тоолору бир тарабынан Кытай, Ооганстан менен чектешсе, басымдуу тарабы Тажикстанга кирет. Совет доорунда тоо арасында ээн-эркин көчүп-конуп жүргөн эл күч менен отурукташтырылган. Эми болсо алар жайкысын жайлоого чыгып, боз үй тигип, топоз багып, турист тосушат.
Ниндзянын бет кабын кийген жигит. Тамашадан сырткары көпчүлүк учурда мындай бет капты ачуу тийген күндүн нурунан сактануу үчүн кийишет. 
14/15 Ниндзянын бет кабын кийген жигит. Тамашадан сырткары көпчүлүк учурда мындай бет капты ачуу тийген күндүн нурунан сактануу үчүн кийишет. 
Кыргыздар жашаган Памир тоолору бир тарабынан Кытай, Ооганстан менен чектешсе, басымдуу тарабы Тажикстанга кирет. Совет доорунда тоо арасында ээн-эркин көчүп-конуп жүргөн эл күч менен отурукташтырылган. Эми болсо алар жайкысын жайлоого чыгып, боз үй тигип, топоз багып, турист тосушат.
Жайлоодон терскен жүктөп кыштакка келаткан машине. Бир машинени толтуруу үчүн терскен терүүгө эки күн кетет.&nbsp;<br />
&nbsp;
15/15 Жайлоодон терскен жүктөп кыштакка келаткан машине. Бир машинени толтуруу үчүн терскен терүүгө эки күн кетет. 
 
Кыргыздар жашаган Памир тоолору бир тарабынан Кытай, Ооганстан менен чектешсе, басымдуу тарабы Тажикстанга кирет. Совет доорунда тоо арасында ээн-эркин көчүп-конуп жүргөн эл күч менен отурукташтырылган. Эми болсо алар жайкысын жайлоого чыгып, боз үй тигип, топоз багып, турист тосушат.
Артка
Алдыга

Жаңыл Жусупжан: Тажик бийлиги “бул жакка китептерди Кыргызстан жиберет, мугалимди Кыргызстан жиберет” деген ойдо экен. Кыргызстандан китептер келип турса, мугалимдерди стажировкадан өткөрүп жиберип турса, дарыгерлер келип турса, анда силер жакшы жашай берет белеңер?

Тагайбек Турдукулов: Жашай беребиз да, жашай беребиз! Союз тарагандан бери Кыргызстандын жардамы менен биз ушунча болуп жатабыз.

Жаңыл Жусупжан: Кандай жардам болуп жатат?

Тагайбек Турдукулов: Тиричилигибиздин 60% Ош менен байланыштуу. Адамдар барат, кем-карчысын алат, тыйын-тыпыр таап келет. Ушуга тыюу салган жери жок, ушундай болуп турса биздин турмушубуз жакшы боло берет. Эгер тыйып таштаса, анда биз дагы ооганстандык кыргыздарга окшоп калышыбыз ыктымал, ошондо бул жакка (тажик бийликтерине) көбүрөөк көз каранды болуп калышыбыз мүмкүн.

Жаңыл Жусупжан: Кыргызстанга кеткендер бул жакта калган ата-эне, туугандарын карабай кеткен жокпу?

Тагайбек Турдукулов: Атасы ал жакта, баласы бул жакта же, бир тууганы бул жакта, бир тууганы ал жакта калгандар бар. Алыс жүргөндө кайра тескерисинче тууганчылык бекем болот экен сагынышып... Атасын же туугандарын таштагандар жок.

Тагайбек аксакал жайлоодо неберелери менен.
Тагайбек аксакал жайлоодо неберелери менен.

  • 16x9 Image

    Жаңыл Жусупжан

    "Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011). 

Куржундар
XS
SM
MD
LG