22-23-октябрда Москванын Шереметьево аэропортунда Ош - Москва, Бишкек - Москва каттамы менен барган ондогон кыргызстандык артка кайтарылды. Орусиянын чек арачылары муну коопсуздук менен байланыштырган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, бул маселе көзөмөлдө экенин билдирди.
Күч органдарынын кызматкерлеринин ишине мыйзамсыз кийлигишип, cүрөт-видеого тартып, аларды каралоо максатында материалдарды интернетке жүктөөгө тыюу салган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин тармактык комитети жактырды.
Мындан туура эки жыл мурун 23-октябрда Кемпир-Абадды коргоо комитетин түзүү демилгесин көтөрүп, Бишкекте чогулган отузга жакын саясатчы, активист “бийликти күч менен басып алууга” айыпталып камалган. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган.
Жогорку Кеңеш интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабуу жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.
71 жаштагы Ыраткан Юсупбаева кыска убакытта келин-уулунан, көзгө басар небересинен айрылды. Сегиз айынан багып чоңойткон небереси Байжигит 22 жашында Украинадагы согушта каза болуптур.
“Клооптун” негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин президент Садыр Жапаровго кайрылып, басылманын жабылышы жөнүндөгү пикирине жооп кайтарды. Ал “Клооп” медиасы Жапаровду оппозицияда жүргөн учурундагы ишмердигин чагылдырып келгенин эске салып, эми соттун негизсиз чечими менен жабылганын билдирди.
Бишкек шаардык соту акын жана активист Аскат Жетигенди үч жылга абакка кескен райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды.
Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдын иши Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат. Ага айыптоо актысы убагында жазуу түрүндө берилбегендиктен, жараян 14-октябрга жылган.
Бишкектин Ленин райондук соту Temirov Live каналынын мурдагы жана азыркы 11 журналисти боюнча өкүм чыгарып, Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга кести. Журналисттер Актилек Капаров жана Айке Бейшекеевага үч жылдык пробациялык жаза чегерилип, калган жетөө акталды.
Канатбек Жолоев 10 жылдан ашык Орусиянын абагында отурду. Ал Орусияга айдап бараткан машинеден маңзат табылып, төрт киши кармалган. Канатбек 17 жылга кесилген. Ал азыр жазасын жеңилдетилген тартипте өтөп жатат. Көзөмөл органдын тыкыр текшерүүсү менен иштейт.
Жалал-Абаддын Сузак районунда 18 жаштагы жигиттин өлүмүнө байланыштуу 30-сентябрда маркумдун жакындары облустук бийликтин имаратынын алдына нааразылык акциясына чыкты. Алар тергөөнүн жүрүшүнө нааразы болуп жатышат.
Дагы жүктөңүз