30-июлда Ысык-Көлдүн 4 району жана 2 шаарында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, бир нече үйлөр жана жолдор жабыркаган. Караколдо 100 миң долларга салынган River park эс алуу жайын суу алып кеткен. Азыр айрым үйлөрдө жарык жок. Каракол суусунун нугун буруу үчүн техника жетишсиз экени айтылууда. Ал эми чет элдиктер көп каттаган Жети-Өгүз районунун Көк-Жайык жайлоосуна каттам үзүлгөн жок, жолчулар альтернативдүү жолду ачып берди. Селдин кесепетин жоюу үчүн бери дегенде 100 млн. сом керектелерин облус жетекчилиги билдирди.
Кырсык
Жалал-Абад облусунда июль айында болгон бир канча сел тогуз кишинин өмүрүн алды. 500дөй үйдүн ичин жана короо жайын суу басты. Сузакта учурда 27 бүлө жаш балдары менен чатырларда күн кечирип келүүдө. Арасында кош бойлуу аялдар да бар.