Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Газа секторунун Газа шаарынын 40% көзөмөлдөп турарын жана жакынкы күндөрдө операция кеңейтилерин билдирди. Бул тууралуу ЦАХАЛдын басма сөз катчысы Эфи Дефрин маалымдады.
Анын айтымында, израилдик аскер бөлүктөрү Зейтун жана Шейх Радван райондорунда иштеп жатышат. Ошол эле учурда шаардын жүз миңдеген тургундарын эвакуациялоо үчүн инфратүзүм даярдалууда. Акыркы эки жумада 70-80 миң адам коопсуз аймактарга көчүрүлдү.
Израил АКШ менен Евробиримдикте террордук деп табылган ХАМАС тобу эвакуацияга тоскоолдук жаратып, жарандарды тирүү калкан катары колдонуп, пропагандалык кампаниясын жүргүзүп жатканын билдирүүдө.
Ошол эле учурда бул топ ар тараптуу келишимди, барымтадагы бардык израилдиктерди камактагы палестиндерге алмаштырууну, согушту токтотууну, израилдик аскерлерди чыгарууну, гуманитардык жардам үчүн өтмөктөрдү ачууну жана тилкени көз каранды эмес башкарууну сунуштоодо. ХАМАСты куралсыздандыруу сунушта камтылган эмес.
Израил бийлиги бул сунуштарды четке какты. Премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси согуш барымтадагылардын бардыгын бошотуу, ХАМАСты толук куралсыздандыруу, тилкени демилитаризациялоо жана коопсуздукка Израилдин көзөмөлүн орнотуу менен гана бүтүшү мүмкүн экенин белгиледи.
АКШнын президенти Дональд Трамп согушту тез арада токтотууну убада кылып, ХАМАСты барымтадагылардын бардыгын кайтарууга чакырды.
2023-жылдын 7-октябрында Израил Газа тараптан ХАМАС тобунун кол салуусуна кабылганын, 1197 кишиси өлтүрүлгөнүн, 251 кишисин барымтага алып кетишкенин, эртеси күнү Ливан тараптан "Хезболланын" ракеталык аткылоосу болгонун билдирген жана аларга каршы согуш баштаган. Ошондон бери Газада 64 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылганын анклавдын саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө.
Шерине