Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

Акыйкатчы жоокерлер менен аскер кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоого чакырды


Аскерге чакырылгандарды медициналык кароодон өткөрүү учуру. Акыйкатчы институту тараткан сүрөт.
Аскерге чакырылгандарды медициналык кароодон өткөрүү учуру. Акыйкатчы институту тараткан сүрөт.

Акыйкатчы институту өлкө боюнча 25 аскер комиссариатына мониторинг жүргүзүп, бир катар олуттуу кемчиликтерди аныктады. Мониторинг Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы аскер комиссариаттарын толук камтып, калган 6 облуста тандалма жүргүзүлгөнүн мекеменин басма сөз кызматы 5-сентябрда кабарлады.

Натыйжада аскерге чакыруу учурунда медициналык кароодон өткөрүү тартиби бузулган учурлар бар экени аныкталды. Айрым комиссариаттарда дарыгерлер жетишсиз экени белгилүү болду.

"Аскерге чакырылгандарды текшерген дарыгерлердин курамын хирург, терапевт, невропатолог, окулист, отоларинголог, психиатр жана башка адистер камтыйт. Бирок мониторинг жүргүзүлгөн комиссариаттардын айрымдары дарыгерлер менен толук камсыз болгон эмес. Мониторинг учурунда Свердлов райондук аскер комиссариатында адистештирилген дарыгерлердин жоктугунан башкы дарыгер (терапевт) калган адистердин ордуна кол коюп, аскерге жарактуулугун тастыктап жаткан. Ушундай кемчиликтерден улам саламаттыгында олуттуу көйгөйлөрү бар жигиттер да аскерге жөнөтүлүп, кызмат өтөө учурунда ден соолугу начарлап, оор кесепеттерге алып келген учурлар кездешет", - деп жазылган Акыйкатчы институту тараткан маалыматта.

Мониторингде белгилүү болгондой, быйылкы жылдын жазгы чакырылышында медициналык кароодон ийгиликтүү өткөн жоокерлердин арасынан төртөөнүн мурдагы өнөкөт оорулары күчөп, кайра текшерүүдө “кызмат өтөөгө жараксыз” деп табылган.

Быйыл сегиз айда Коргоо министрлигинин аскер госпиталына жалпысынан 783 адам кайрылса, анын 114ү катардагы жоокерлер. Январь-июль айларында 8 аскер кызматкери жаракат алган. Алардын алтоонун буту, бирөөнүн сол тарабындагы 4-5 кабыргасы жана дагы бирөөнүн омурткасы сынган. Дагы 2 жоокер күйүк алып госпиталга түшкөн.

Мындан улам акыйкатчы Жамиля Жаманбаева тиешелүү мамлекеттик органдарды жоокерлердин жана аскер кызматкерлеринин укуктарын сактоого жана коопсуздугун камсыздоого чакырды. Ал аскер госпиталындагы ар бир окуяны тыкыр иликтөө зарылдыгын белгиледи.

Кыргызстанда аскерде кызмат өтөп жатып каза болгон окуялар буга чейин да бир нече жолу катталган.

  • 20-августта 2022 аскер бөлүгүндө катардагы жоокер (И.у.А.) асынып алганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) караштуу Чек ара кызматы билдирген. Ачык булактардагы маалыматка караганда, 2022 аскер бөлүгү Баткендеги Төрт-Гүл айыл аймагында жайгашкан.
  • 14-августта Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринде күжүрмөн даярдык боюнча сабак учурунда келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскер кызматчысы (Б.Б.Т.) каза болгон. Аны ошол эле аскер бөлүктүн жоокери куралга этиятсыз мамиле кылып, атып алганы маалымдалган.
  • 16-июлда Жалал-Абад шаарында Жаза аткаруу кызматынын Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү бөлүгүнүн 20 жаштагы жоокери өз өмүрүнө кол салып, каза тапканы айтылган. Маркумдун жакындары ал ур-токмоктон жан бергенин айтып, арызданышкан.
  • "Азаттык" буга чейин медициналык кароодон "кызмат өтөөгө жарактуу" деген корутундусуна карабай кийин аскер бөлүктө ооруп калган Бакыт Базарабевдин окуясын тарткан. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG