Бээжин кубатын көрсөттү
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин шаршемби күнү Бээжиндеги Чанъань проспектисинде аскерлерди кыдырып, Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганына 80 жыл толгонун белгилеген парадды ачып берди.
Ал парад алдында аскерлердин даярдыгын көрүп жатып, «Кытай улутунун кайра жаралышын эч ким токтото албайт» деп айтып, дүйнө өлкөлөрү «согуштун түпкү себептерин жоюуга жана тарыхый трагедиялардын кайталанышына жол бербөөгө тийиш» экенин белгиледи.
«Бардык адамдар бир эле планетада жашайт жана биз ынтымакта жашап, тынчтыкта бирге өнүгүшүбүз керек. Дүйнө эч качан күчтүү өлкөлөр алсыздарды басынткан “жапайы мыйзамга” кайтып барбашы керек. Биз ар дайым тынчтык жолу менен өнүгүү багытын карманууга жана дүйнөлүк тынчтыкты жана бейпилдикти бекем коргоого тийишпиз», - деди Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин.
70 мүнөткө созулган парадга 10 миңден ашуун аскер кызматкери жана жүздөгөн аскердик техника катышты. Жаңы курал-жарактар көргөзүлдү. Би-би-си билдиргендей, Бээжиндеги аскердик парадда көрсөтүлгөн жаңы курал-жарактардын арасында DF-5C континенттер аралык баллистикалык ракета, AJX002 суу алдындагы дрондору жана лазердик жабдуулар бар.
Парад Кытайдын Экинчи дүйнөлүк согуштагы курмандыктарын жана Коммунисттик партиянын салымын даңазалоо менен коштолду. Бирок бул иш-чара жөн гана аскердик шоу эмес, дипломатиялык жана тарыхый билдирүүлөрдү дүйнөгө таратуу аракети катары мүнөздөлүүдө.
Түз эфирде өткөн иш-чарада орус президенти Владимир Путин, Ким Чен Ын жана Си Цзиньпин парад башталар алдында трибунага чогуу чыкты. Жалпысынан 20дан ашуун мамлекет башчысы катышкан парадда көпчүлүктүн көңүлү үч лидердин жолугушуусуна бурулду.
Парадда үч лидер биримдиктин жана АКШнын дүйнөдөгү үстөмдүгүнө альтернатива түзүү аракетинин белгисин ишарат кылганы айтылды.
"Бул Евразиядагы аскерий блоктун кайрадан түзүлүшүндөгү бурулуш учур катары кабыл алынышы мүмкүн. Кытай дипломатиясы ар дайым кылдат пландалат, бирок бул жерде да Кытай үчүн Орусиянын жанындагы Түндүк Кореянын стратегиялык маанисин көрсөтүү аракети орун алды",- дейт Лондондогу биргелешкен кызматтар институтунун ага илимий кызматкери Сари Архo Хаврен “Эркин Европа / Азаттык” радиосуна берген маегинде.
«Кытай бул парадды өзүнүн тарыхка болгон көз карашын жана бүгүн түзгүсү келген дүйнөнүн моделин жайылтуу үчүн колдонууга аракет кылып жатат — ал дүйнөнүн башында турган держава катары орун алгысы келет», — деди Кытай боюнча адис, Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун (CSIS) кеңешчиси Скотт Кеннеди.
Кеннединин айтымында, Бээжин бул парадга дүйнө лидерлеринин катышуусун каалап, муну менен ал тышкы саясаттагы максаттарын бекемдегиси келди.
"Быйылкы парад жөн гана аскерлерди жана курал-жаракты көрсөтүүчү салтанаттуу иш-чара эмес. Бул кылдат уюштурулган стратегиялык иш-чара. Анда аскердик күч, дипломатиялык позиция жана тарых тууралуу билдирүүлөр камтылып, алар ички жана тышкы аудиторияга багытталганы байкалып турат", - деп жазган кытайлык журналист Дэн Юйвэн Foreign Policy журналына иш-чаранын алдында.
Бээжинде Түндүк Корея менен Орусиянын лидерлеринин жолугушуусу да өттү.
"Орус элинин атынан сиздерге неонацизмге каршы биргелешкен күрөшкө кошкон салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем", - деди Путин Ким Чен менен болгон жолугушууда.
Өз кезегинде Ким Чен Ын Украинадагы согушта Орусияга "колунан келген бардык жол менен" жардам берүүнү убада кылып, Орусияга жардам берүүнү "бир туугандык парз" деп атады.
Жабык жолугушуудан кийин Путин Кимди Москвага чакырганы белгилүү болду.
Түндүк Кореянын болжол менен 12 миң аскери 2024-жылдан бери Орусиянын тарабында согушуп келет. Батыш чалгын кызматынын маалыматына караганда, алардын үчтөн бири өлгөн же жаракат алган. Бээжинде Путин менен Кимдин жолугушуусу өтүп жатканда, Түндүк Корея Орусияга кошумча 6 миң аскер жиберүүнү пландап жатканын Түштүк Кореянын Yonhap маалымат агенттиги кабарлады.
Трамп үн катты
АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth Social Бээжинде Жапониянын багынышына жана Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына карата өтүп, Орусия менен Түндүк Кореянын башчылары да барган аскердик парад тууралуу комментарий берди.
Трамп анда Си Цзиньпинге кайрылып: "Силер Америка Кошмо Штаттарына каршы кутум уюштуруп жаткан чакта, Владимир Путин менен Ким Чен Ынга менден ысык салам айтып коюңуз", - деди.
"Си Цзиньпин Кытайдын эркиндигин камсыз кылууда АКШ көрсөткөн зор колдоону жана “кан төгүүсүн” эстейби же жокпу чоң суроо. Кытайдын жеңиш жана даңкка жетүүсү үчүн көп америкалыктар курман болушкан. Алардын эрдиги жана курмандыгы татыктуу эскерилет деп үмүттөнөм!" -деп жазды Трамп.
АКШ президенти Германия менен Жапонияны жеңүүдө Американын өнөктөштөргө берген жардамы чечүүчү болгон деген пикирин айтып келген.
Путин менен Си Цзиньпин параддын алдында жеңишке чечүүчү салымды СССР менен Кытай кошконун белгилешти.
Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков Кремль Трамптын кутум тууралуу жазганы тамаша иретинде деп ишенгиси келерин журналисттерге айтты.
Ал Путин, Си Цзиньпин жана Ким Чен Ындын АКШга карата жаман ою жоктугун, кутумдан алыс экенин белгиледи.
Дональд Трамп буга чейин Путин жана Си Цзиньпин менен мамилеси жакшы экенин айтып келген, Ким Чен Ын менен мурдагы президенттик мөөнөтүндө жолугушкан. Путин экөөнүн Украинадагы согушка байланышкан кездешүүсү быйыл 15-августта Аляскада өткөн.
Бээжин АКШ менен Батышка каршылыгы тууралуу белги бердиби?
Бул парад ушул жумада өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинен кийин уюштурулду. Саммит да Кытайды Түштүк-Чыгыш жана Борбор Азияда таасири артып жаткан дүйнөлүк лидер катары көрсөтүүнү максат кылган.
Өткөн жолугушууга эл аралык изоляцияда калган өлкө лидерлеринин башын кошту. Ошондой эле бул саммитке Кытайдын регионалдык атаандашы саналган Индиянын премьер-министри да келди. Бул жыйынга ШКУнун мүчөсү болгон Борбор Азиянын беш лидери тең катышты.
Батыш менен мамилелер чыңалып турган чакта өткөн бул саммитте негизинен аймактык коопсуздук жана соода маселелери талкууланды. Ошол эле маалда Орусиянын саммитке катышуусу эл аралык аренада кызуу талкуу жаратты.
ШКУ саммитинде Владимир Путин Украинага каршы кол салуусун актоого аракет кылып, Батыштын Украинаны НАТОго кошуу аракети Орусиянын коопсуздугуна түз коркунуч туудурарын дагы бир жолу кайталады.
Орус президентинин Кытайдагы билдирүүлөрү эмнени билдирет деген суроого Орусиянын БУУдагы өкүлчүлүгүнүн мурдагы кеңешчиси Борис Бондарев жооп берди.
"Бул жерде, албетте, бири-бирине дал келбеген түшүнүктөр бар. Мисалы, Путин "алар биздин коопсуздугубузга шек келтирүү менен өзүн коргой албайт, бирок бизге андай кылсак болот" деген маанини айтып жатат. Орус президентинин аң-сезими ондогон жылдар бою ушундай түшүнүк менен калыптанып калган. Ошол эле кезде ал дайыма "Орусия чоң держава, бизде өзөктүк курал бар" деген позицияны карманууда. Анын ою боюнча, Украина жана башка өлкөлөр өз алдынча чечим чыгара алышпайт. Путиндин түшүнүгүндө Украина ири мамлекеттердин куралына айланып калды. Мындай билдирүүлөр, албетте, акылга сыйбаган нерсе. Орус бийлиги ШКУну Азиядагы НАТО сыяктуу уюмга айланткысы келет. Анткени Орусия 1990-жылдардан бери эле өзүнүн НАТОсуна окшош түзүмдү курууну көздөп келет. Ошол демилгенин натыйжасында ЖККУ түзүлгөн. Москва дайыма ШКУну НАТОго каршы койгусу келет. Бирок бул жерде Бээжиндин да өз кызыкчылыктары бар, Кытай Евробиримдик жана НАТО менен мамилесин үзгүсү келбейт. Ошондуктан Батышка каршы маанайдагы Орусиянын позициясын ШКУнун башка мүчөлөрү толук колдойт деп айтуу кыйын."
Шанхай кызматташтык уюму түзүлгөнүнө дээрлик чейрек кылым болду. 2001-жылы уюмду Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан негиздешкен. Ага чейин бул өлкөлөр бир нече жыл атайын форматта жолугушууларды өткөрүп турушкан.
Саммитке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия, Кытай, Иран жана Беларустун лидерлери, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф катышты.
Шерине