Шаршембиде Түркиянын Анталия аймагындагы Манавгат районунда башталган өрт кеминде 600 гектар жерди жалмады. Жергиликтүү бийлик Аксеки аймагындагы турак үйлөрдүн 80% күйүп кеткенин кабарлады. Өрттөн 58 киши жараат алып, бир киши каза болгон. Жабыркагандардын арасында кыргызстандыктардын бар-жогу тактала элек.
Кырсык
Акыркы эки күндө суу ташкыны Сузак районунда алты жашар наристенин, Лейлекте 16 жаштагы өспүрүмдүн өмүрүн алды. Өткөн жумада Аксы районунда сегиз кишини сел агызып кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аймактарда сел коркунучу сакталып жатканын эскертүүдө.