Ош шаарындагы "Касиет" жана Кара-Суу районундагы "Авангард" менчик медициналык борборлору мамлекетке кайтарылды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 5-сентябрда кабарлагандай, атайын кызмат жүргүзгөн текшерүүнүн алкагында аталган эки медициналык борбордун жер тилкелери мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталган.
Ага ылайык, жер тилкелерин менчиктештирүү учурундагы коррупцияга байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча 2005-2007-жылдары медициналык борборлор жайгашкан жер тилкелери соттун мыйзамсыз чечимдеринин жана жасалма документтердин негизинде муниципалдык менчиктен чыгарылганы аныкталган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде "Касиет" медициналык борбору Ош шаардык мэриясынын, ал эми "Авангард" медициналык борбору Кара-Суу райондук акимчилигинин балансына кайтарылды.
УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин, мекеме- ишканаларды аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштер уланып жатканын маалымдады.
Коопсуздук кызматы буга чейин да Союз таркагандан берки убакта жеке менчикке чыгарылган айрым имараттарды, жер тилкелерин "мыйзамсыз менчиктештирилген" деген негиз менен мамлекетке кайтарган.(ZKo)
Шерине