Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

Кыргызстанда ВИЧ жуккан балдардын саны 878ди түздү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2025-жылдын 1-июлуна карата адамдын иммундук жетишсиздик вирусу (ВИЧ) аныкталган балдардын саны 878ди түздү. Алардын 90 пайызы 14 жашка чейинкилер. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин "2026-2030-жылдарга ВИЧ эпидемиясын жана кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жеңүү” программасында белгиленген.

Документте айтылгандай, ВИЧ жуктурган балдардын 95% вируска каршы терапиядан өткөн. Балдардын 52% вирусту 2006-2009-жылдары саламаттык сактоо мекемелеринде медициналык кызмат алып жаткан учурда жуктурган, ал эми 41% вирусту энесинен алган. Калган 7% ВИЧ кандай жол менен жукканы аныкталган эмес. Жалпысынан 136 бала каза болду.

Министрликтин программасында бейтаптарды вуруска каршы терапияга тартууда көйгөйлөр бар экенин белгиленген. Алар социалдык, экономикалык тоскоолдуктар, маалымдуулуктун төмөндүгү, ыңгайлуу жагымдуу чөйрөнүн жоктугу, миграциялык көйгөйлөр менен байланыштуу. Документте айтылгандай, Орусияда жана Казакстанда иштеген эмгек мигранттары ВИЧке байланыштуу дарылануу, камкордук жана колдоо кызматтарын ала алышпайт. Алар айрым учурларда депортация болуп кетүү коркунучуна кириптер болушат.

Саламаттык сактоо министрлиги бул программанын алкагында эпидемиологиялык көзөмөл боюнча улуттук системаны жакшыртып, өлүм көрсөткүчүн 30% кыскартууну көздөп жатат.

Жыл башындагы расмий маалыматка караганда, ВИЧ жуктургандардын саны өлкөдө 14322 адамды түзгөн. Алардын 850дөйү чет элдик жарандар. Эпидемия башталган учурдан тартып 3581 киши каза болду.

ВИЧ үч жол менен жугат:

-корголбогон жыныстык катнашта;

-кан аркылуу (ийне сайылганда);

-энеден балага (тийиштүү медициналык эрежелерди сактоо менен кош бойлуу аялдан түйүлдүктөгү балага жукпаган учурлар бар).

Калктын бул дарт тууралуу кеңири маалыматы болгонуна карабастан адистер коомдо ВИЧ инфекциясын жуктургандарды басмырлоо дагы эле бар экенин белгилешет. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG