“Кемпир-Абад” иши боюнча айыпталып жаткандардын бири Жеңиш Молдакматов менен Эрлан Бекчоро уулунун адвокаты Кантемир Турдалиев соттун жылып калганын себебин түшүндүрдү.
“Айыпталуучулардын бири Перизат Суранова бели ооруп, отура албай жаткан экен. Ошого байланыштуу сот бир аптага жылды. Соттук отурумга айыпталуучулардын бардыгы келди. Отурум бир жылдан ашык убакыттан бери баштала албай жатканынын себептери ар кандай болуп жатат. Айрым учурда айыпталуучулар, кээде адвокаттар ооруп калууда”.
Аталган иш боюнча 22 саясатчы, активист айыпталып жатканы белгилүү. Алардын ичинен экөө башка иштер боюнча камакта отурат.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Равшан Жээнбековду Бишкектин Биринчи май райондук соту 3-июнда “Кой-Таш” иши боюнча 7 жыл 8 айга кескен. Ал эми укук коргоочу Рита Карасатова жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулуна байланыштуу камакта отурат.
3-сентябрдагы отурумга Жээнбеков менен Карасартова жаза аткаруу кызматкерлеринин коштоосунда келди.
Шаардык сотто Кемпир-Абад боюнча иш 2024-жылдын 6-августунан тарта карала баштаган. Буга прокуратуранын 12-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы апелляциялык арызды өзгөртүүлөр менен жаңыдан сунуштаганы себеп болгон.
Ага чейин былтыр 14-июнда Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчы жана активисттер Биринчи май райондук сотунда акталган.
Коомчулукта көпчүлүк сот иши дээрлик эки жылга созулган саясатчылардын акталышы күтүүсүз болгонун айтып, ар кандай талкууларга жем таштаган.
Эртеси, 15-июнда президент Садыр Жапаров сот чечимине комментарий берип, “эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация” деген.
Саясат талдоочу Турат Акимов буларга токтолду.
“Булардын ишин создуктуруп жатканынын себеби, алардын саясий амбициясын, кайратын мокотуу аракети болуп жатат. Сот жообунан толук кутулпоонун амалы. Жок дегенде шарттуу түрдө кесип, пробацияны моюндарына илиш керек. Себеби кайсы бир сот актаса, ага карата даттануу келтирип убакытты созуп жүрө берсе болот”.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад ишине байланыштуу “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчыны, активистти былтыр 4-июнда актаган. Мамлекеттик айыптоочулар алардын ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын соттон сураган.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Алардын баары күнөөсүн мойнуна алган эмес.
Кемпир-Абад ишине Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы “жашыруун” деген гриф койгон.
Шерине