Орусияда журналист Карен Шаинян Коррупцияга каршы күрөшүү фондуна кайрымдуулук иретинде акча которгону үчүн беш жылга сыртынан соттолду. Ага "экстремизмди" каржылоо беренеси боюнча айып тагылды. Айыптоо корутундусунда белгиленгендей, Шаинянды айыптоого 2022-жылдын 13-январынан баштап эки жолу бир миң рублдан акча которгону себеп болгон. Сот 4-сентябрда Москванын Савёлов райондук сотунда өттү.
Айыптоочу тарап журналистти 6 жылга кесүүнү сураган.
Орусиянын Ички иштер министрлиги август айында Шаинянга издөө жарыялаган. Алгач анын аты-жөнү издөөдө жүргөндөрдүн маалымат базасында экенин "Медиазона" аныктаган. 2023-жылдын июль айында Шаинян Федералдык финансылык мониторинг кызматынын экстремисттер тизмесине киргизилген.
2020-жылдан бери Шаинян YouTube каналын алып барат жана анда ЛГБТ жамаатынын жашоосун чагылдырып келет. Ошондой эле Орусиянын Украинага басып киришинин кесепеттери тууралуу видеолорду жарыялайт. Согуш башталгандан кийин Шаинян Германияга көчүп кеткен. Көп өтпөй Орусиянын Юстиция министрлиги аны “чет элдик агенттердин” тизмесине кошкон.
"Медиазона" басылмасынын эсебинде Орусияда соңку үч жылда Коррупцияга каршы күрөшүү фондуна кайрымдуулук кылганы үчүн 70тен ашуун кылмыш иши козголгон.
Шерине