Президент Жапаров Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө жүргүзүүгө, иштетүүгө уруксат берген мыйзамга кол койду. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Үрүмчүдө ири металлургиялык компания менен титаномагнетит иштеткен ишкана куруу боюнча меморандум түзүп келди.
Расмий таратылган маалыматта Акылбек Жапаров Кытайдын Синцзянь-Уйгур автономдуу районундагы Хами шаарында жайгашкан Синцзянь Сяншэнь Нью Материал Техноложи (Xinjiang Xiangsheng New Material Technology Co., Ltd) компаниясынын жетекчилиги менен жолугушканы айтылат. Тараптар Кыргызстандын аймагында титаномагнетитти кайра иштетүү боюнча металлургиялык завод куруу маселесин талкуулашкан.
Акылбек Жапаров бул тармакта кызматташуунун келечеги кенен экенин, Кыргызстандын аймагында титаномагнетитти өндүрүүгө мүмкүнчүлүктөр жогору жана чет элдик ишканалар, инвесторлор, ишкерлер үчүн кыргыз бийлиги жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө бардык күч-аракетин жумшаарын билдирген.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө жакынкы мезгилде Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнөн жана тармактык адистеринен турган жумушчу топ түзүлүп Кыргызстандын аймагында изилдөө иштерин жүргүзүү макулдашылган.
Жолугушуунун жыйынтыгында “Кыргыз алтын” ачык акционердик коому менен Синцзянь Сяншэнь Нью Материал Техноложи компаниясынын ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү меморандумуна кол коюлган.
Кызматташуунун шарттары жана инвестициянын көлөмү тууралуу маалымат азырынча белгисиз.
Парламент уран казууга салынган тыюуну алып салуу мыйзамын кабыл алып жатканда министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров титанды иштетүү боюнча кытайлык компания менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, алдын ала даярдык иштери да болуп келгенин билдирген.
“26-27-июнда Өзбекстандын премьери менен мен Үрүмчүгө барганы атабыз. Евразия жана Борбор Азия боюнча чоң экспо болгону турат. Ошондон кийин ушу СУАРда эле 50 миң тонна титаномагнетит чыгарган заводго баратам. Алар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Геологиялык изилдөөлөргө биз даярбыз. Сиздер биздин бюджетти бекитип жатканда бир миллиард сом бөлүп бергенбиз. Азыр жабдыктардын баары алынып, лабораториялар бекемделип, химико-технологиялык анализдердин баарын жүргүзгөнгө даярданып жатабыз. Эгерде биз алтындан башка дагы, титаномагнетитти сыртка сатканга жана өзүбүздүн ички пайдаланууга алып ала турган болсок, өлкөнүн өнүгүүсүнүн бөлөк этабына өтөбүз. Бул биржалык товар, титан деген темирге караганда эки эсе катуу жана алюминге караганда эки эсе жеңил болот”.
Кызыл-Омпол Кыргызстандын өнүгүүсүнө жаңы түрткү береби?
Акылбек Жапаров жыл башында Кызыл-Омполдогу титаномагнетит кенин иштетүүдөн 300 млрд долларга чейин киреше табууга болорун айткан. Ал эми президент Садыр Жапаров болсо “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде руданын курамындагы ар бир элементти өзүнчө бөлүп алып, торийден башкасын бүт сатышарын билдирген.
Тоо-кен боюнча эксперт Дүйшөнбек Камчыбеков Кызыл-Омпол кенинде аныкталган 1,6 млн тонна титаномагнетит бар экенин, ошондой эле дагы бир нече участоктор толук изилдене электигин айтат. Мындан тышкары, Таласта аныкталган 240 млн тонна титаномагнетити (болжолдуу кору 1 млрд тонна) бар “Бала-Чычкан” кени жатат. Эксперт дүйнөдө титанга жана сейрек кездешүүчү металлдарга суроо-талап өсүп жаткан маалда, бул кендерди иштетүү туура деп эсептейт.
“Эгерде Кыргызстанга келип, титаномагнетит иштетебиз десе, бизде кендер бар. Бул жерде титаномагнетит иштеткен компания керек. Кенди казып алып, аны кайра иштетип, титанын өзүнчө бөлүп, магнетиттен темирди өзүнчө бөлүп алып чыкканга технология керек. Эгерде Кытайдын компаниясы ошол технология менен келип, иштетип беребиз десе, бизде кендер бар, иштетсе болот. Биринчи кезекте алтын кенин иштетүү боюнча, анан алтындын жанында кошулмасы бар күмүш, күмүштүн жанында жези бар кендерди иштетүү боюнча эле маселе болуп келген. Керек болсо бизде сейрек кездешүүчү металлдарды иштетебиз деген дагы сунуштар болгон эмес. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк базарда сейрек кездешүүчү металлдарга, мүмкүн титаномагнетитке – ушундай кен байлыктарга ушундай муктаждык пайда болуп жатышы мүмкүн. Эгер муктаждык пайда болсо, анда ошол боюнча иштер болот, иш-аракеттер жүрөт”.
Синцзянь Сяншэнь Нью Материал Техноложи Кытайдагы Wujo Group компаниялар тобуна кирет. Компания титанды жерден казып алуудан тарта, кайра иштетип, колдонуучунун колуна жеткен акыркы буюмдарга чейинки товарды чыгарган толук циклдүү технологиялык өндүрүшкө ээ. Сайтындагы маалыматка карасак, ал Кытайдагы аэрокосмостук, химиялык, жарым өткөргүч, медициналык жана башка өндүрүшкө керек болгон жогорку сапаттагы титан куймалары менен продукцияларын чыгарат.
Стратегиялык кенди инвесторго берүүдө ачык-айкындык керек
Инвестициялар боюнча эксперт Шумкарбек Адилбек уулу стратегиялык жактан да, финансылык жактан да маанилүү кен байлыктарды иштетүүдө өкмөт дыкат иштеши зарыл деген пикирин билдирди. Мындай долбоорлорду иштетүүгө өзгөчө тартип жана талаптар болуш керек. Ал кенди өзү казып, кайра иштетип сатуу үчүн Кыргызстанда технологиялык жактан жабдылган өндүрүш жок болгондуктан, стратегиялык өнөктөш мамлекеттер менен бирге иштетүүгө мажбур экенин айтат.
“Дайыма, кандай гана мамлекеттик кызыкчылык болбосун же бир мамлекеттик ресурс болбосун, аны ачык-айкын жүргүзүү бир гана кыргыз эли үчүн эмес, ошол эле бийликтеги адамдар үчүн дагы пайдалуу. Себеби, эртең же бүрсүгүнү бирөө келип, бир нерсеге айыптай албайт же доомат коё албайт. Себеби, ачык-айкын болгон. Ачык-айкын өткөн ушундай конкурстук тендерлерде эл аралык репутациясы бийик компаниялардын келүү ыктымалдыгы жогору болот. Эгерде ушундан алып карай турган болсок, мына “Манас” аба майданы дагы бир канча жолу ачык тендер өткөрөбүз деген аракеттер болду. Бирок, болбой калды. Ошол компаниялар алыс кетпей эле биздин эле коңшуларда өздөрүнүн долбоорлорун ишке ашырып келет. Ошондуктан, бул жерде ачык-айрым иш жүргүзгөн инвестор, өнөктөш тандап алуу жакшы болмок. Балким мен билбеген бир маалымат, мен билбеген жагдайлар бардыр. Ошону эске алуу менен мүмкүн түздөн-түз сүйлөшүүлөр болгондур. Бирок, кайра эле тажрыйбаны алсак, тилекке каршы, биздин өлкөдө ушундай болгон – түздөн-түз сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен дагы бир нече долбоорлордун ишке ашышы сапатсыз жана бир кыйла саясий жаңжалдар менен коштолгон. Ошону дагы эске алсак”.
27-май күнү президент Садыр Жапаров Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзамга кол койду.
Муну менен өлкөдө уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө мыйзам күчүн жоготту деп табылды.
Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Кызыл-Омполдо болжол менен 14 млн 757 миң тонна кен бар. Анын ичинен 95% титаномагнетит, 3% фосфор, 2% цирконий, 0,22% торий жана 0,17% уран.