Акыйкатчынын өкүлдөрү Бишкектеги №1 тергөө абагындагы аялдар корпусунда кармалгандардан кабар алды. Бул тууралуу 22-апрелде аталган институттан билдиришти. Маалыматка ылайык, анда кармалып турган айрым аялдар медициналык жардам жетишсиз болуп жатканына нааразы болгон.
Ошондой эле институттун кызматкерлери укук коргоочу Рита Карасартова менен да жолуккан. Акыйкатчынын билдиришине караганда, Карасартова кармоо шарттарына жана кызматкерлердин мамилесине даттанган эмес, бирок жакында эле операция болгонун жана учурда медициналык кароого муктаж экенин билдирген.
Мониторингдин жыйынтыгында тергөө абагындагыларга тийиштүү медициналык жардам көрсөтүү сунушу берилген.
Буга чейин Рита Карасартованын жакындары ага операциядан кийинки процедураларды жасоо үчүн клиникага алып чыгууга уруксат берилбегенин айтып чыгышкан.
Карасартова 14-апрелде кармалып, эки айга камалган. Кармалардын алдында Карасартова өз үйүндө тинтүү жүрүп жатканын Фейсбукка жазып, буга Тилекмат Кудайберген уулуна (Куренов) таандык делген катты өзүнүн социалдык баракчасына жарыялаганына байланыштырган.
Прокуратура Карасартовага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Массалык башаламандыктар”) 3-пункту ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") боюнча айып тагылганын жарыялаган.
Укук коргоочунун кармалышына байланыштуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары тынчсызданып, кыргыз бийлигин аны бошотууга чакырган.
Шерине