Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Борбор Азия өлкөлөрү боюнча сапарынын алкагында Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Бердымухамедовду "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алды.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров менен Гурбангулы Бердымухамедовдун эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, бир катар маданий иш-чараларга катышуусу күтүлүүдө.
Дүйнөдөгү эң жабык мамлекеттердин бири деп саналган Түркмөнстанды 2006-жылдын аягынан бери бери башкарып келген Гурбангулы Бердымухамедов 2022-жылы бийликти уулу Сердарга өткөрүп берген.
Кийин ал Халк Маслахатынын төрагалыгына дайындалып, улут лидери макамын алган.
Түркмөнстанда көз карандысыз орган катары түзүлгөн Халк Маслахаты мыйзамдарды кабыл алуу тууралуу сунуштарды кароого, аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, өлкөнүн ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктоого, экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүү программаларын иштеп чыгууга жана тынчтык, коопсуздук маселелерине баа берүүгө укуктуу.
Шерине