Катар жана Египет Израил менен ХАМАС (АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун ортосундагы согушту токтотуу максатында жаңы сунуш киргизишти. Бул тууралуу Би-Би-Си дүйнөлүк кызматы сүйлөшүүлөргө катышкан булакка таянып билдирди.
Маалыматка караганда, жаңы демилгеде тынчтык келишимин беш жылдан жети жылга чейин узартуу мүмкүнчүлүгү камтылган. Бул убакыт ичинде согуштук аракеттер токтотулушу керек. Мындан тышкары, ХАМАС бардык израилдик туткундарды, ал эми Израил палестин туткундарын бошоушу керек болот.
Сунушта согушту расмий түрдө токтотуу жана Израил аскерлеринин Газа тилкесинен толук чыгып кетүүсү каралган.
Израил бул сунушка азырынча расмий комментарий бере элек.
Ошол эле учурда, ХАМАСтын делегациясы жакынкы күндөрү Каирге келип, сүйлөшүүлөрдү улантары күтүлүүдө. Бир нече күн мурун ХАМАС Израилдин алты аптага убактылуу ок атууну токтотуу сунушун четке каккан. Анда Израил ХАМАСты куралын таштоого чакырган.
Акыркы ирет жетишилген тынчтык келишими бир ай мурда бузулуп, тараптар бири-бирин ок атууга айыпташкан.
Газанын Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, апта башынан бери Израилдин аба чабуулдарынан кеминде 22 палестин каза болуп, дагы 45и жараат алган. Аба соккулар Хан-Юнис, Жебалия, Бейт-Лахия жана Газа шаарларына урулган.
19-апрелде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху согуш ХАМАС толук жок болуп, бардык туткундар кайтарылмайынча токтобой турганын билдирген. ХАМАС болсо Израил ок атышууну токтотмоюнча туткундарды бошотпой турганын айтып жатат.
Шерине