Кытайдын түндүк-батыш чек арасындагы "Алашанкоу" топоними кыргызча "Ала-Тоо өткөөлү" деп аталганы эп
(2012-жылдагы журналисттик сапар маалында кезилген чек арадагы жайды эскерүүдөн улам)
Жер-суу аталышы – Евразиянын ар кыл аймактарына чачыраган элибиздин тарыхынын бир үзүмү. Бул блогдо кытайча “Алашанкоу” деп аталып жүргөн “Ала-Тоо өткөөлү” жергесинин аталышы жөнүндө азыноолак кеп салмакчыбыз. Тарыхчынын кезектеги блогу.
Кеңири тарыхый мейкиндик
Адатта, кыргыз элинин жана ага жуурулушкан бир катар этностук бөлүктөрдүн тарыхын кичирейтип, Кыргызстандын аймагына гана, Алтайга гана же Миң-Суу өрөөнүнө гана чегерип алган замандаштарды учуратпай коё албайбыз.
Чын-чынында, бүгүнкү саясий кырдаал жана чек аралар гана эмес, орто кылымдардагы мамлекеттердин жайгашкан аймактары дагы элибиздин байыртадан берки тарыхый кеңири мейкиндигин эч чектей алышпайт. Бул этностук тарых мейкиндиги – азыркы Кыргызстандын аймагынан дагы, орто кылымдардагы Кыргыз каганатынын аймагынан дагы алда канча кеңири.
Ошондой кеңирсиген чөлкөмдүн бир бучкагы – азыркы Кытай Эл Республикасынын (КЭР) түндүк-батыш өңүрү менен постсоветтик Казакстандын түштүк-чыгыш аймагында жайгашкан тарыхый Жуңгар ойдуңу болуп саналат.
Бул ойдуң байыртадан түрк тилдүү көчмөн элдердин мекени болгон.
Орто кылымдардын кеч мезгилинде гана ал батыш монгол тилдеринин биринде сүйлөгөн ойроттор башка элдер менен ирегелеш мекендеп калган жайга айланган.
Бул аймактагы жер-суу аталыштары орусиялык географтар жана топографтар тарабынан XVIII – XIX кылымдардан бери моңгол тилдүү ойроттор түзгөн Жуңгар хандыгынын атынан гана “Жуңгария” сөзүнө байланып аталган.
Жергиликтүү түрк калктары болсо чөлкөмдөгү жер-суу аталыштарын көөнө доорлордон бери өз салтына ылайык өз эне тилдеринде “жуңгар” сөзү жок эле атай беришкен.
Ала-Тоо өткөөлү жайгашкан аймак
Эми Ала-Тоо өткөөлү жайгашкан аймакка кыскача сереп салалы.
Ала-Тоо өткөөлүн заманбап орус адабиятында “Жуңгар дарбазасы” (“Джунгарские ворота”) деп аташат.
Бул табигый тоо өткөөлүнүн узундугу 80 чакырымдай (айрымдар 50 чакырымдай дешет). Анын дөңсөөрөөк бөлүгүнүн бийиктиги деңиз деңгээлинен болгону 300–400 метрдей гана жогору турат. Өткөөлдүн эң кууш жери – 10 чакырымдай.
Өткөөл батышында Жети-Суу Ала-Тоосу (орустар аны “Жуңгар Ала-Тоосу” дешет) деген тоо кыркасы, чыгышында Бирлик-Тоо (Барлык) жана Майлы-Тоо тоо кыркалары менен чегеленген.
Өткөөлдүн түштүк-чыгышында Жуңгар ойдуңу (азыркы казакча “Жоңғар жазығы”) деп аталган жана азыркы тапта КЭРдин Шинжаң Уйгур автоном районуна (ШУАР) караган чөлдүү аймак жайгашса, түндүк-батышында Балхаш жана Ала-Көл көлдөрүнүн кең ойдуңу камтылган казакстандык өрөөн кеңирсип жатат.
Казакстан тарапта түндүк-чыгышта Жылаңач-Көл (казакча “Жалаңашкөл”) деген туздуу көл да бар. Ал Казакстандын Жети-Суу облусунун Алакөл районунун аймагында жайгашкан.
Эми эки миңден ашуун жылды алып салсак, б.з.ч. I кылымда бул аймактарда байыркы түрк тилдүү калктардын бабалары байырлашкан. Ал кезде бул аймактарда монгол тилдүү ойроттор да жок эле, орустар таптакыр жок болчу.
Ал эми жергиликтүү калктар б.з.ч. III кылымдын соңунда Ички Азиянын көпчүлүк аймактарын ээлеп, улам кубаттанган жана б.з.ч. I кылымда ич ара жиктеле баштаган түрк тилдүү Хун дөөлөтүнүн үстөмдүгүнө баш ийип, удулу келе калганда бул үстөмдүккө каршы күрөш жүргүзүп жатышкан.
Ала-Тоо өткөөлү – ханзуча Алашанкоу
Жети-Суу Ала-Тоосу, Бирлик-Тоо (Барлык) жана Майлы-Тоо аттуу тоо кыркаларынын ортосундагы өткөөл аймак азыркы тапта кытайча “Алашанкоу” деп аталып келет.
Бул географиялык аталыш кыргыз тилиндеги “Ала-Тоо өткөөлү” деген эле байыркы топонимдин сөзмө-сөз котормосу болуп саналат. (Бул тоо өткөөлү азыркы уйгурча “Алатав ӓғызы”, башкача айтканда, “Ала-Тоого кетчү ооз” делет; мында экинчи сөз арап уйгур жазмасында ئېغىزى деп жазылат).
Пикирибизде, бул өткөөл аймакты Кыргызстандагы атамекендик географиялык аталыштарыбызда орусча адабияттагыдай (“Джунгарские Ворота” – “Жунгар дарбазасы”) деп да атабастан, же ханзуча “Алашанкоу” деп аталып чектелбестен, өз эне тилибизде “Ала-Тоо өткөөлү” деп гана атаганыбыз эп.
Биз бул топоним жаатында Кыргызстандагы белдүү географ, картограф жана жер-суу аттары боюнча адис, Кыргызстан Географиялык Коомунун президенти, профессор Саламат Аламанов агай менен да баарлаштык.
Саламат агай ханзуча “-коу” деген топонимдик формант ашуу, бел, дабан, дарыя куймасы, өтмөк жана өткөөл аймактарга арбын колдонулаарын белгилеп, ал эми “Алашанкоу” сөзүнүн кыргыз тилине “Ала-Тоо өткөөлү” деп которулушун толук ылайыктуу деп кубаттады.
Дегиңкиси, кыргыздар, ошондой эле кыргыздарга акырындап ширелген жана аларга коңшулаш байырлаган тектеш түрк элдери өздөрү байырлаган далай жерлерди “Ала-Тоо” деп атай беришкен (вариант: Алатау, Алатав, Алатаг, ж.б.).
Мисалы, Батыш Шибердин түштүгүндө азыркыга чейин “Темирчи Ала-Тоосу” деген хороним – тоо аталышы сакталып келет (аны орусча “Кузнецкий Ала-Тау” деп жүрүшөт).
Орусча “Джунгарский Ала-Тау” деген тоо кыркасынын аталышын ата-бабаларыбыз “жуңгар” сөзүн кошпостон жөн гана “Ала-Тоо” деп атагандыгы түшүнүктүү.
Мурдагы Жуңгар хандыгынын аталышын орус географтары өздөрүнө бул аймакты тактоо үчүн жер-суу аталышына кошумчалашкан. Московия падышалыгынын улам илгерилеген оторчул аскер кошуундары (анын ичинде казак орустар) XVII–XVIII кылымдарда Алтай, Шибер менен Борбордук Азиянын бир катар аймактарында Жуңгар хандыгы менен жер талашып атаандашкан эмеспи.
Айтмакчы, орус адабиятында колдонулуп келе жаткан “Джунгарские Ворота” (“Жуңгар дарбазасы”) деген аталышты казакчага “Жети-Суу дарбазасы” (“Жетісу қақпасы”) деп да дээрлик сөзмө-сөз которуп алышкан.
Азыркы тапта Бишкекте илимпоздор жана коомдук ишмерлер баш кошкон атайын Топонимиялык комиссия өз ишин улантып жатканы тууралуу кабардарбыз.
Буюрса, бул комиссия жалаң гана Кыргызстандын чеги менен алектенбестен, Борбордук жана Ички Азия жана жалпы дүйнө жүзү боюнча кыргызча жер-суу аталыштарын ирээтке салат болушу керек.
Бул топонимиялык комиссиядагы кесиптештерибизге чыгармачыл жүрүм маалында “Ала-Тоо өткөөлү” терминине да назар салууну сунуштаар элек.
Ала-Тоо өткөөлүн КЭР тарабынан кезген элек
2012-жылы 11–6-сентябрда КЭРдеги ШУАРдын бир катар аймактарына, анын ичинде Алашанкоу шаарына, ушундай эле аталыштагы темир жол бекетине жана эркин соода аймагына чейин кыргызстандык медиа өкүлдөрүнүн саякат тобун жетектеп барган элем.
Бул Алашанкоу шаары жана темир жол бекети Үрүмчүдөн 450 чакырымдай түндүк-батышта, Алматыдан 580 чакырымдай түштүк-чыгышта жайгашкан. Анын казакстандык тарабындагы бекет “Достук” (казакча “Достық”) деп аталат.
ШУАРдын Боро-Талаа (Бортала) Моңгол автоном аймагындагы Алашанкоу бекетиндеги эркин соода түйүнү азыркы мунайзат чыккан кытайлык Карамай шаарынан кыйла батышта, кытай-казак чек арасынан анча узак эмес жайгашкан.
Советтер Биримдигиндеги айтылуу “брежневдик доордо”, 1969-жылдын 13-августунда, дал ушул аймакка жакын жерде – Түштүк-Чыгыш Казакстандагы Жылаңач-Көл (Жалаңашкөл) көлүнө жакын Теректи (казакча “Теректі”) суусунун жанында советтик-кытайлык чек ара жаңжалы болуп өткөнү эсибизде.
1994-жылдын 26-апрелиндеги казак-кытай келишимине ылайык, Теректи суусунун аймагынын бөлүгү (келишимде 37-чек ара чекитинин бөлүгү) Кытайга өткөрүлгөн.
Арийне, Алашанкоу – Достук эркин соода аймактары 2020-жылга карата ар тараптуу өнүгүүгө ээ болду. Азыр да бул соода нугу эки таап үчүн тең өзгөчө натыйжалуу улантылууда.
Бул жаңы жагдай 1992–2012-жылдары Кытайдан ар кыл товарларды пост-советтик мейкиндикке арзаныраак ташып, өз пайда үлүшүнө ээ болуп келген жана Кыргызстан Бажы Биримдигине кирген соң, бир катар мурдагы мүмкүнчүлүктөрүнөн кол жууган кыргызстандык соодагерлерге кыйла оорчулук келтиргендигин да калыстык үчүн айта кетүү абзел.
Жакынкы болочокто Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу курулуп, ишке берилсе, анда кыргызстандык тарап дагы соода алакаларында кыйла утушка ээ боло баштайт.
Тасма. Назира Аалы кызы. "Мен көргөн Кытай". 2012.
“Миң уккандан – бир көргөн артык” демекчи, 2012-жылдагы Ала-Тоо өткөөлүнө жасалган саякаттан соң ШУАРдагы Боро-Талаа Моңгол автоном аймагы жана Ала-Тоо өткөөлү, ошондой эле жалпы Жуңгар ойдуңу, Тарбагатай жергеси (мындагы айрым айылдарда бутпарас дининин ламаисттик жолун туткан тарбагатайлык кыргыздар тобу байырлашат эмеспи), Иле-Казак автоном аймагы, Чанцзи-Хуэй (Дунган) автоном аймагы ж.б. жөнүндө таасын түшүнүктү жеринен алдык.
Ушул өтө кызыктуу жана байсалдуу чыгармачыл сапарды уюштурган кытайлык бийликтерге, кытайлык медиа өкүлдөрүнө (анын ичинде Үрүмчү шаарында жарык көрүүчү “Контимост” журналынын директорунун орун басары Цзян Хуэй айымга), ошондой эле мамлекеттик ишмер жана дипломат Роза Исак кызы Отунбаева эжекеге жана Кыргызстандагы “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук коруна терең ыраазычылык билдирем.
P.S. Кийинки блогдорубузда Ала-Тоо өткөөлүнөн түштүк-чыгышыраакта жайгашкан Манас шаары, Манас көлү, Манас дарыясы жана бул дарыя башат алган айтылуу Эрен-Кабырга (казакча “Еренқабырға”) тоо кыркасы, анын батышындагы Боро-Хоро тоо кыркасы жөнүндө, андан тышкары Чыгыш Теңир-Тоо аймагын байыркы хун доорунда эле кыргыздар байырлагандыгы тууралуу илимий жоромолдорун сунушташкан синолог Людмила Боровкованын жана археолог Юлий Худяковдун олуттуу илимий пикирлери жаатында сөзүбүздү улантмакчыбыз; ошондой эле, Манас дарыясынын башаттык бөлүгүнө чейин саякат кылган географ агайыбыз Саламат Аламановдун фото сүрөттөрүн да ортого салмакчыбыз).
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.