Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:41

Украина турак жайларга сокку урууну токтотууну сунуштайт


Украинадагы орус армиясынын соккуларынан талкалаганган турак-жай
Украинадагы орус армиясынын соккуларынан талкалаганган турак-жай

Киев турак жай жана жарандык инфраструктурага cокку урууну токтотуу сунушунан кайтпайт жана Москвадан бул боюнча так жооп күтөт. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский 22-апрелге караган түнү жасаган видеокайрылуусунда билдирди.

“Украина өз сунушунан кайткан жок... жарандык инфраструктураны сокку урбоого даяр. Биз Москвадан бул боюнча так жана ачык жооп күтөбүз. Бул максатта кандай гана сүйлөшүү болбосун биз даярбыз”, — деди Зеленский.

Мунун алдында, ошол эле күнү, Орусиянын президенти Владимир Путин согуш башталгандан бери биринчи жолу Украина менен түз сүйлөшүүгө даяр экенин айткан.

Зеленский Путиндин сөзүнө түз жооп берген жок, бирок тынчтык орнотуу үчүн кандай гана сүйлөшүү болбосун Украина даяр экенин кайталады.

23-апрелде Лондондо АКШ, Европа жана Украинанын өкүлдөрү жолугуп, ок атышууну токтотуунун жолдорун талкуулашат.

Зеленский белгилегендей, алардын эң негизги максаты согушту токтотуу боюнча эч кандай шарт коюлбаган тынчтык келишимине жетишүү.

Буга чейин үч тараптын өкүлдөрү Парижде жолугушкан. Андан соң WSJ басылмасы АКШ согушту токтотуу боюнча сунушталган планга Киевдин расмий жообун күтүп жатканын жазган. Эгер Вашингтон менен Киевдин позициясы дал келсе, бул сунуштар Москвага жөнөтүлүшү мүмкүн.

Ал эми АКШнын президенти Дональд Трамп 21-апрелде Ак үйдө өткөн жыйында сүйлөп жатып, бул жумада Украина менен Орусия ортосунда келишим түзүлөт деген үмүтүн билдирген.


Шерине

XS
SM
MD
LG