Эми жасалма интеллект (AI) колдонулуп тартылган тасмалар да "Оскар" сыйлыгына талапкер боло алат. Бул тууралуу Американын кино академиясы 21-апрелде жарыялады. Бул чечим мекеменин Илим жана технология боюнча кеңешинин сунушунун негизинде кабыл алынган.
Жаңы эрежелерге ылайык генеративдүү AI колдонулган тасмалар номинацияга көрсөтүлүүгө жарактуу деп эсептелет. Бирок жеңүүчүлөрдү тандоодо адамдын чыгармачылык салымы негизги фактор бойдон калат.
Жасалма интеллекттин колдонулушу кино тармагында чоң талкуу жаратууда. Буга быйыл март айында "Оскарды" алган актёр Адриан Бродинин "Бруталист" фильминде AI аркылуу венгер акценти жакшыртылышы себеп болду.
Ушундай эле технология быйыл "Оскар" алган "Эмилия Перес" музыкалык тасмасында дагы колдонулган. Ал жерде жасалма интеллекттин жардамы менен ырчынын үнү жакшыртылып, ырдоо стили туураланган.
2023-жылы Голливуддагы иш таштоо маалында актёрлор жана сценаристтер AI алардын ишин тартып алышы мүмкүн деген кооптонууларын ачык айтышкан.
Анын жыйынтыгында AI колдонууга байланыштуу атайын чектөөлөр жана эрежелер иштелип чыккан, бул актёрлор жана студиялардын келишимине киргизилген.
Анимация боюнча адистер билдиришкендей, азыркы генеративдүү AI жараткан эмгектер сапат боюнча адамдардыкына жетпейт.
Шерине