Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Амангелдиев: “Керемет банкты” мамлекетке алууну көздөп жатабыз


АКШ эл аралык санкцияларды кыйгап өткөн схемаларды жүзөгө ашыруу үчүн орусиялык расмий өкүлдөр жана АКШнын “кара тизмесиндеги” банктар менен кызматташкан деп санкция салган “Керемет банкты” өкмөткө өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Азаттыкка” маегинде билдирди. Анын айтымында, аталган банкты АКШнын “кара тизмесинен” чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек. Ошого байланыштуу кыргыз өкмөтү “Керемет банктын” 100 пайыз акциясын өкмөткө алып, аны санкциядан чыгарып, андан соң кайра сатуу планы каралып жатат.

"Учурда биз “Керемет банктын” 100 пайыз акциясын мамлекетке кайтаруу керек деген позицияда турабыз. Эгер банкты кайра мамлекетке алсак, санкциядан чыгарып бересиңерби деп АКШ менен сүйлөшүп жатабыз. Антпесе, банк үчүн эч ким кепилдик бере албайт. Биз “Керемет банктын” активдерин сатканда бөлүп сатканбыз. Каржынын биринчи гана бөлүгү бизге келип түшкөн. Биз ал каражатты бюджетке отургузганбыз. Бирок банк санкция туш болгон үчүн анын активдеринин баалуулугу төмөн түшүп калды. Ошондуктан, биздин акыркы иш-аракеттерибиз мурдагы сатуу боюнча келишимди жокко чыгарып, банкты мамлекетке 100 пайыз өткөрүүгө багытталууда. Андан соң санкциядан чыгарып, “Керемет банктын” мүмкүнчүлүктөрүн ачсак, анын баалуулугу көтөрүлөт. Ошондо аны башкаларга сунуштасак болот", - деди Амангелдиев.

15-январда АКШнын Каржы министрлиги чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын жаңы санкциялар топтомун жарыялаган. Анын ичинде Кыргызстандагы “Керемет банкка” да санкция салынган.

АКШ “Керемет банктын” расмий өкүлдөрү 2024-жылдын жай айларынан бери эл аралык санкцияларды кыйгап өткөн схемаларды жүзөгө ашыруу үчүн орусиялык расмий өкүлдөр жана АКШнын “кара тизмесиндеги” “Промсвязьбанк” менен иштешип, аталган банктын атынан сыртка каражат которуп турганын” кабарлаган.

“Керемет банк” мындай чечим боюнча АКШнын Каржы министрлигине даттануу жолдогонун билдирген.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык болгон “АзияУниверсалБанк” 2010-жылдан кийин Улуттук банкка өткөрүлүп, кийин ал “Залкар Банк”, “Росинбанк” жана “Керемет банк” болуп бир нече ирет аталышын өзгөрткөн.

2024-жылы март айында банкты Кыргызстандын Финансы министрлиги сатып алып, кайра күзүндө жеке колго саткан. Айрым басылмалар “Керемет банк” люксембургдук компанияга сатылганын жазса, кээ бир депутаттар банк орусиялык ишкерлерге өткөнүн айтып чыгышкан. Банк өзү бул маалыматты четке каккан.

Шерине

XS
SM
MD
LG