Кошмо Штаттардын миграциялык мыйзамдарын бузганы үчүн депоратицияланган 25 кыргызстандык 9-августта атайын каттам менен Бишкек шаарына келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 10-августта маалымдады. Шарттар катаалдашып, мыйзамдар күч алып жаткан учурда да Америкага кирүүгө аракет кылган кыргызстандыктардын арты суюла элек.
Борбор Азия
Коррупцияга айыпталган мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов Орусиядан кармалып, 7-августта Кыргызстанга жеткирилгенин ИИМ ырастады. Бишкектин Көк-Жар конушунун 172-контурунда жашаган тургундар президентке, УКМК төрөгасы Камчыбек Ташиевге кайрылды. Буга чейин ал жердеги мыйзамсыз делген курулуштарды бузуу учурунда бир нече кишини милиция кармап кеткен. Президент Садыр Жапаров коомчулукта талаш жараткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамга кол койду. Эми анын медиа чөйрөгө реалдуу таасири кандай болушу мүмкүн?