Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:18

Борбор Азия

Асман шаарынын экономикасы менен экологиясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:21 0:00

Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде түн ортосунда чыккан өрттөн бир үй-бүлөдөн алты киши, анын ичинде беш бала каза болду. Президент өлкөдө өрттү алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды. Украинанын Киев баш болгон аймактары кайрадан орус армиясынын жапырт соккуларына туш болуп, алты адам мерт болду. Ал арада АКШ жана Орусия президенттеринин саммити өтүшү белгисиз болуп калды. "Асман" шаарын куруу боюнча кытайлык компания менен меморандум түзүлдү. Шаар куруу демилгесинин башталганына төрт жылдан ашса да азырынча курулуш иштери баштала элек.

Кыргызстанга күйүүчү майды ким берет?
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:53 0:00

Бишкекте жол кырсыгында каза болгон өспүрүмдүн энеси бийликке кайрылып, авария жасаган балдардын ата-энелеринин да жоопкерчилигин мыйзам алкагында кароого чакырды. Үч күн мурда Бишкектеги жол кырсыгынан бир өспүрүмдүн өмүрү кыйылып, үч киши жабыркады. Владимир Путин Дональд Трамп менен сүйлөшүүдө согушту токтотуу үчүн Украина Донбасстын калган бөлүгүн Орусияга өткөрүп бериш керек деген талабын кайталады. Трамп “азыркы майдан сызыгында "согушту токтотууга чакырса, Киев Донбассты берүүгө макул эместигин билдирди. Камактагы ишкер Имамидин Ташов абактагы басым-кысымга даттанып 22 күндөн бери ачкачылык кармап жатканын айтып чыкты. Жаза аткаруу мекемеси ишкердин дооматын четке какты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG