Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:53

"Салим байбача" Мирзиёевдин тилин таптыбы?


Салим Абдувалиев.
Салим Абдувалиев.

Өзбекстанда Салим Абдувалиев Улуттук Олимпиада комитетинин жетекчи орун басары болуп дайындалды. Анын Кыргызстандагы саясий күчтөр менен байланышы бар экени буга чейин айтылып келген. АКШ дипломаттарынын ачыкка чыгып кеткен каттарында ал Өзбекстандагы мафия башчысы катары сүрөттөлгөн.

Салим Кыргызбаевич Абдувалиев Өзбекстандын Улуттук Олимпиада комитетинин жетекчи орун басары кызматына келди. Буга чейин ал Күрөш федерациясын жетектеп келген.

Өзбекстандыктар аны көбүнесе "Салим байбача" деп таанышат. Аны ири ишкер, Өзбекстан тургай Борбор Азияга таасири бар "криминалдык төбөл" деп да айтып, жазып жүрүшөт.

Буга чейин АКШ бийлик адамдарынын кат алышууларын ашкерелеген "Викиликс" сайты Абдувалиев тууралуу да маалымат тараткан. 2004-2007-жылдары АКШнын Өзбекстандагы элчиси болгон Жон Пурнеллдики делген дипломатиялык катта Салим Абдувалиев таасирдүү мафия жетекчиси катары көрсөтүлөт. Ошондой эле ал бийликтегилер менен жакын мамиледе экени, мамлекеттик кызмат орундарына бирөөлөрдү дайындоодо жана мамлекеттик келишимдери түзүүдө чечүүчү роль ойноору камтылат.

Бирок, азыркыга чейин Абдувалиев да, өзбек бийлиги да ага жооп кылган эмес.

Абдувалиев узак жылдардан бери спорт тармагында да эмгектенип, спорт жаатына демөөрчүлүк кылып келет. А тургай 2008-жылы өзбек спортуна кошкон салымы үчүн президент Ислам Каримовдун колунан сыйлык алган.

Ушул аралыкта ал даңазасы алыска кеткен, Өзбекстанда бирден-бир таанымал, каратаман адамдар үчүн баатырга, иш-аракеттери уламышка айланган киши дейт өзбекстандык журналист Шухрат Бабажанов:

- 90-жылдары бир чайканасы болгон. Адамдар доктур, милиция, прокурорго барбай эле Салимге барышчу – балам ооруп калды, дары таап бер же күйөөм камалып калды, чечип бер, карызымды бербей жатат, алып бер дешип. Ошентип Салим 90-жылдан бүгүнкү күнгө чейин адамдардын арзуусундагы образга айланган.

Бирок, акыркы жылдары Салим байбачаны каримовдук бийлик кысмакка алып, теледен көп көрсөтүлбөй калганы да айтылат. Ал эми Ислам Каримовдун көзү өткөндөн кийин ал жаңы президент Шавкат Мирзиёевдин тилин тапкандай.

Салим Абдувалиев президент Мирзиёевдин сүрөтү түшүрүлгөн футболка кийип турат.
Салим Абдувалиев президент Мирзиёевдин сүрөтү түшүрүлгөн футболка кийип турат.

​Журналист Бабажановдун оюнча, премьер-министр Абдулла Арипов да аны президенттин көрсөтмөсү менен комитетке бекитиши мүмкүн.

Бул Өзбекстанда эл аралык деңгээлде коррупциялык жаңжалга аралашкандар, криминалга шектелгендер кайра бийликке келе баштаганынын кезектеги мисалы дейт өзбекстандык журналист:

- Мойнуна миллиондогон долларлар коюлуп, ал акчаларды уурдады делген Ташкен шаарынын акими бийликке кайтты. Эл аралык коррупциялык жаңжалдын борборунда калган Абдулла Ариповдун өзү премьер-министр болду. Алты жыл мурда коррупциялык чатак менен камалган "Зеромакс" ишканасынын мурдагы директору Миродил Жалалов жакында эле түрмөдөн чыкты. Криминалдык лидер делип, чет өлкөгө качып кеткен Вафур Рахимов Интерполдун издөө тизмесинен алынды. Каримов доорунда камалган, мафияга тиешеси бар делген адамдар бүгүнкү күндө бийликке кайтууда. Макул, Өзбекстандын сот-укуктук системасы балким ишеничсиздир. Бирок, бу адамдар – Арипов, Абдувалиев же Жалолов эл аралык коррупциялык, чуулгандуу иштеринин чордонунда болушкан да.

Салим Абдувалиев Өзбекстандагы мамлекеттик кызмат орундарына эле эмес, Кыргызстан, Орусиядагы шайлоого таасир этүү аракеттери буга чейин жазылган.

Тагыраагы, 2015-жылкы Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун алдында Абдувалиевдин ишенимдүү адамы делген Шомурод Шофайзиев Ысык-Көлдө өзбек диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушкан. Ал тууралуу видео интернетке тарап, жолугушууну “Кыргызстан” партиясынын лидери, Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Шаршенбек Абдыкеримов уюштурганы айтылган.

Ошондой эле Абдувалиевдин катыштыгы бар деген ишканалардын Кыргызстандагы өкүлдөрү аталган партия менен шайлоого баратканы белгиленген. Партиядагылар Абдыкеримов Абдувалиев менен спорт боюнча гана тааныш деп жооп айтышкан эле.

XS
SM
MD
LG