АКШ жана Батыш өлкөлөрү 7-апрелдеги химиялык чабуулдан улам Сирияга жооп чара көрүү маселесин бир аптадан бери талкуулап жаткан.
- Өткөн ишемби күнү Асаддын режими бул ирет борбор Дамасктан алыс эмес Дума шаарында бейкүнөө жайкын тургундарды жок кылуу үчүн кайрадан химиялык курал колдонду. Аталган кыргын бул коркунучтуу режим тарабынан химиялык куралды колдонуунун кыйла күчөшү болду. Биздин бүгүнкү аракеттердин максаты - химиялык куралды колдонууну, өндүрүүнү, таратууну токтото турган күчтүү факторду түзүү, - деди Трамп америкалыктарга жасаган кайрылуусунда.
Ал Сириянын химиялык курал жасоо үчүн колдонулуучу жайларын бутага алуучу аскерий аракеттерди "таамай сокку” деп мүнөздөдү. Аскерий чарага АКШ менен бирге Британия, Франция катышууда.
АКШ армиясындагы штаб башчылардын Бириккен комитетинин төрагасы, генерал Жозеф Данфорддун билдиргенине караганда, алгачкы ракеталык соккуларда борбор Дамасктын аймагынан Сириянын химиялык жана биологиялык курал боюнча изилдөө борбору, Хомс провинциясынын эки химиялык курал кампасы алынганын маалымдады.
Бул арада Сирия армиясы алар ракеталардын он үчүн бутага жеткирбей атып түшүрө алганын билдирүүдө.
Жети жылдан берки жарандык согушта президент Асаддын бийлигин колдоп келе жаткан Орусиянын президенти Путин АКШ менен анын өнөктөштөрүнүн Сирияга соккусун “суверендүү өлкөгө карата агрессия” деп баалады. Иран дагы бул аракетти айыптап, анын “аймактык кесепеттери” болорун эскертти. Жапония менен Австралия АКШ баштаган аба соккуларды толугу менен колдой турганын жарыялашты.
Франциянын өкмөтү аба күчтөрүнүн Башар Асаддын режиминин объекттерине сокку уруу алдындагы видеосун жарыялады.
Бир күн мурда
7-апрелдеги химиялык чабуул деген окуяда кеминде 43 кишинин өмүрү кыйылган, арасында балдар да бар. Москва менен Дамаск бул окуяны “чагым” деп атап, эч кандай химиялык чабуул болбогонун ырасташкан.
Ушул апта ичи эле БУУнун Коопсуздук кеңеши үч отурумга чогулган.
Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Сирия боюнча бир апта ичиндеги үчүнчү олтурумун 13-апрелде өткөргөн.
Коопсуздук кеңештин 13-апрелдеги чукул олтуруму Орусиянын талабы менен өткөн.
- Вашингтон Сирияга карата бир тараптуу аскерий сценарийди ишке ашыруу багытын кармангандай таасир калтырып жатат. Буга жол бербөө абзел. Көз алдыбызда Ирак менен Ливиянын жакындагы эле тажрыйбасы турат. Баарынан мурда бул Коопсуздук кеңешине америкалык өнөктөштөр керектөөчү катары гана мамиле кыларын көргөзүүдө. Бизде болжолдой ала турган негиздерибиз, атүгүл кээ бир мамлекеттердин атайын кызматтарынын катышуусу менен чагым болгон деген маалыматыбыз да бар, - деген Орусиянын элчиси Василий Небензя.
Орусия-Британия кайым айтышы
Ага чейин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров дагы Сириянын Дума шаарчасындагы химиялык чабуул делген окуя чет элдик чалгын кызматтын жардамы менен уюшулганын билдирген эле.
Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги бул үчүн Британияны айыптаган. Министрликтин расмий өкүлү, генерал Игорь Конашенковдун 13-апрелде айткандарына караганда, аларда “Чыгыш Гутадагы чагымды уюштурууга Британия тикелей катышканын күбөлөндүргөн далилдер бар”. Бирок орус армиясынын өкүлү ал кандай далилдер экенин ачыктаган жок.
Британиянын Улуттар уюмундагы өкүлү Карен Пирс москвалык расмийлердин айткандарын “чектен чыккан калп”, “орусиялык пропагандалык машинанын эң жалган жаңылыгы” деп атаган.
Жети жылдык жарандык согуштун жүрүшүндө Асадды колдоп келе жаткан Москва Дамаск режими “эч кандай химиялык чабуул жасаган жок” деп ырастоо менен ага аскерий сокку уруунун кесепети “өтө оор” болорун, мунун арты чоңураак согушка алып барышы ыктымалдыгын да эскертип жатат.
13-апрелге карата Жер ортолук деңиздин чыгышына АКШнын ракеталык крейсеринин экинчиси жылганы, аймакта Британия менен Франциянын учактары жүргөнү белгилүү болду.
"Элүү жолку" химиялык чабуул
АКШнын бийликтери билдирип жаткандай, алар 7-апрелдеги химиялык чабуулду Сирия режими жасаганы боюнча "жогорку ишенимде" турушат.
Кошмо штаттардын БУУдагы элчиси Никки Хейли Коопсуздук кеңештеги сөзүндө Башар Асаддын режими бир эмес, ондогон химиялык чабуул жасагандыгын эске салган:
- Келгиле, туурасын айталы. Асаддын Думада өз элине каршы уулуу газды чачышы, химиялык куралдын биринчи, экинчи, үчүнчү же 49-ирет колдонушу эмес. Асад химиялык куралды Сирия согушунда кеминде 50 жолу колдонду, коомчулукта болсо 200гө чейин жетери айтылып жатат. Биздин президент Сириядагы ыктымал аракеттер боюнча азырынча чечим кабыл ала элек. Бирок эгер АКШ жана анын өнөктөштөрү Сирияда аракеттенүүнү чечсе, биз баары макул болгон эл аралык норманы коргогон болобуз. Асад химиялык куралды колдонгонун айыптоого жол бербөө үчүн Орусия алты ирет вето салды. Асаддын режимин коргоо үчүн эле Орусия вето укугун он эки ирет пайдаланды. Мындан да жаманы - Орусия Сириядан бүткүл химиялык куралдын чыгарылуусуна кепилдик алган. Орусия эгер өзүнүн милдеттемелерин аткарганда, Сирияда химиялык курал болмок эмес, биз бул жерде олтурмак эмеспиз.
Франциянын БУУдагы элчиси Франсуа Делатр Асаддын режими «артка кайтпай турган чекке» жеткенин, Париж «жамааттык коопсуздук үчүн келишүүгө болбой турган коркунучту токтотуу үчүн жоопкерчиликти бөлүшө турганын» белгилеген.
12-апрелде француз президенти Эммануэл Макрон аларда Сирия режими 7-апрелде Чыгыш Гута аймагынын Дума шаарчасында химиялык курал колдонгонунун далилдери бардыгын айткан.
Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун билдиргенине караганда, Думада мерт болгон 43 адам «өтө уулуу химиялык заттын таасирине шайкеш келген симптомдордон» жабыр тарткан.
Башкатчынын чакырыгы
Улуттар уюмунун башкатчысы Антонио Гутерреш Коопсуздук кеңеште сөз алган учурунда кансыз согуштун учкундары тууралуу эскерип, төмөнкүлөргө токтолгон:
- Ырасталган химиялык чабуул үчүн жоопкерчиликти камсыздоо анын курмандыктарынын эмес, биздин милдет. Жоопкерчиликтин жоктугу мындай куралды колдонгондорду шыктандырып, аларды жазасыздыкка ишендирет. Бул өз кезегинде, химиялык куралды колдонууга тыюу салган эл аралык норманы, куралсыздануунун жана куралды жайылтпоонун эл аралык архитектурасын алсыратат. Мен Коопсуздук кеңештин бардык мүчөлөрүн мындай коркунучтуу шарт-жагдайда жоопкерчилик менен аракеттенүүгө чакырам.
Ал эми Улуттар уюмунун Сирияда иликтөө жүргүзө турган эл аралык комиссиясы келечектеги потенциалдуу сот жараяндарга шек кетпөөсү үчүн далилдерди азыртан сактоо зарылдыгын айтып чыкты.