Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Чүйдөгү мушташ: Президент Жапаров чет элдиктерге эскертүү берилгенин айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 18-ноябрда мамлекеттик "Кабар" маалымат агенттигине кыска маек берип, Чүйдүн Константиновка айылынын жанындагы кыргыз-кытай айдоочулары катышкан мушташ боюнча суроого жооп берди. Жапаров бул окуяны чагым деп атаган жана мамлекеттин чет элдиктерди көзөмөлдөөгө толук күчү жете турганын белгилеген.

Мамлекет башчы "шайлоо алдында бир нерсе уюштурууну көздөгөн чагымчыл топтор бар экенин, алар катуу кетсе камалышат" деп айткан.

"Турмушта баары болот. Бишкектин көчөлөрүндө деле эки кыргыз жол талаша кетип, күндө мушташ болуп жатпайбы, соцтүйүндөрдөн көрүп эле жатабыз го баарын. Турмуш-тиричиликтеги мындай талаш-тартышты эки өлкөнүн проблемасы катары жогорку деңгээлге чейин көтөрүштүн кереги жок. Экинчиден, албетте, чет өлкөлүктөрдү жетиштүү түрдө эле эмес, ашыкча да көзөмөлдөөгө күч жетиштүү. Мыйзам бузган же визасынын мөөнөтү өтүп кеткен чет өлкөлүктөрдү керек болсо бир күндө тазалап салсак болот. Бирок, азыр мамлекеттин алдында андай муктаждык жок", - деген ал.

Президенттин айтымында, Чүйдөгү окуядан кийин чоң-чоң долбоорлор боюнча келип, иштеп жаткан чет өлкөлүктөргө "катуу эскертүү" берилди.

Жапаров Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда визалык режим бар экенин, ансыз бир дагы жаран өлкөгө кире албай турганын кошумчалады. Жергиликтүү элге кайрылып, башталган долбоорлор бүткөнчө кылдат мамиле кылууга чакырган.

15-ноябрда “Чайна-Роуд” жана “Чжунзцы” компанияларынын айдоочулары Константиновка айылынын четиндеги карьерден кум-шагыл ташуу маалында жол талашып, жаңжал чыкканы аныкталган.

Жаракат алгандардын бири - 2005-жылы туулган К.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну учурда ооруканада, Саламаттык сактоо министрлиги анын абалы орто оор деп билдирген. Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы мушташ боюнча Кылмыш кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча иш козгоп, бир нече адам милицияга жеткирилген.

Бул окуядан кийин коомчулукта антикытайлык маанай күчөгөн. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG