Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Сауд Арабиясында жол кырсыгынан 45тен ашуун зыяратчы набыт болду


Сауд Арабиясы
Сауд Арабиясы

India Today басылмасы полицияга жана расмий маалыматка таянып кабарлагандай, Сауд Арабиясында Индиядан барган 45тен ашуун зыяратчы жол кырсыгынан набыт болду.

Маалыматка караганда, кырсык 17-ноябрдын таңында Медина шаарына жакын аймакта катталган. Меккеден келе жаткан автобус дизел ташып бараткан унаа менен кагышкан соң өрт чыккан.

Индиянын Телангана штатынын бийлигинин маалыматына караганда, автобустун ичинде болжол менен 46 киши болгон. Алардын арасында 20 аял жана 11 бала бар экени айтылды. Баштапкы маалыматтарга ылайык, бир гана адам аман калган, калгандары кырсык болгон жерде мерт кеткен.

Индиянын Жиддадагы консулдугу менен Эр-Рияддагы элчилиги каза тапкан жана жабыркаган адамдардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүп жатканы кабарланды.

Сауд Арабиясынын тергөө органдары кырсыктын чоо-жайын тактап жатат. Кырсыкка техникалык себептер жана жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелеринин бузулушу себеп болгону айтылууда.

Жыл сайын Сауд Арабиясындагы Мекке менен Медина шаарларына 180дей өлкөдөн эки миллиондон ашуун зыяратчы барат. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG