Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:17

Сириянын аба базасына сокку урулду


Сирияда химиялык чабуул жасалдыбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:30 0:00

Президент Башар Асадга каршы чыккан козголоңчулардын колундагы Дума шаарчасына "химиялык чабуул коюлду" деген маалыматтар чыккан.

Сириядагы өкмөттүк аскердик базага абадан урулган соккулар үчүн Дамаск менен Москва Израилди айыптады. Сириянын мамлекеттик медиасынын жаңылыктарына караганда, андан бир нече адам мерт болду же жаракат алды. Ага чейин Сириянын президент Башар Асадга каршы чыккан козголоңчулардын колундагы Дума шаарчасына "химиялык чабуул коюлду" деген маалыматтар чыгып, Дамасктагы бийлик кайрадан эл аралык коомчулуктун сын пикирлерине кабылган болчу. Бул окуяга байланыштуу Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши бүгүн чукул жыйынга чогулганы жатат.

Сириянын мамлекеттик САНА агенттиги кабарлагандай, өлкөнүн борбордук бөлүгүндө Хомс шаарынынын жанындагы "Тайфур" же Т4 базасына 9-апрелге караган түнү ракета менен сокку урулган.

Мамлекеттик медиа андан канча адам жабыркаганы тууралуу эч нерсе айткан жок. Бирок Сириядагы жарандык согушка башынан байкоо жүргүзүп келе жаткан "Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы" аттуу уюмдун эсебинде, абадан урулган соккудан өкмөттү колдогон күчтөрдүн кеминде он төрт согушкери, анын ичинде ирандык күчтөрдүн өкүлдөрү да мерт болгон.

Сирия жана анын өнөктөшү Орусия маалымдагандай, Израил F-15 учактары менен Ливандын аймагынан сокку урган. Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Израилдин учактары аткан сегиз ракетанын бешөөнү Сириянын коргонуу системасы абадан талкалоого жетишкен.

Сириянын аскердик жайларына жана Иран колдогон кошуундардын ал жердеги базаларына буга чейин да абадан сокку уруп келген Израил азырынча окуяга комментарий бере элек.

Мунун алдында Чыгыш Гута аймагынын президент Башар Асадга каршы козголоңчулар кетүүгө мажбур болуп жаткан Дума шаарчасында Сириянын өкмөттүк күчтөрү химиялык курал, атап айтканда хлор газын колдонгону маалымдалган. Ошондон улам Дамасктагы бийлик эл аралык айыптоого кабылган эле.

Оппозициянын активисттери менен куткаруучулардын айтымында, 7-апрелдеги химиялык чабуулдан кеминде 40 кишинин өмүрү кыйылган, арасында жаш балдар да бар. Сириянын, Орусиянын жана Ирандын өкмөттөрү болсо бул маалыматтарды “жасалма” деп четке кагышты.

Ак үй билдиргендей, президент Дональд Трамп француз президенти Эммануел Макрон менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө бул “үрөй учурган чабуулга” алардын жалпы жообу катаал болорун убадалашкан.

Бен Кардин.
Бен Кардин.

- Бул жерде эл аралык деңгээлде жооп кайтарылышы керек экендиги анык. Анткени бул эл аралык нормаларга каршы иш. Эң башкысы -жоопкерчиликке аскердик кылмыштары үчүн президент Асад тартылышы керек. Сирияда химиялык курал биринчи эле жолу колдонулуп жаткан жери жок. Экинчиден, Конгресс Орусия менен Иранга каршы катаал санкция киргизиши абзел. Президент Ассадын режими Орусиянын колдоосу, Ирандын Сириядагы ишмердиги болмоюнча жашай албайт, - деди АКШда демократ-сенатор Бен Кардин Си-Би-Эс телеканалы менен болгон маегинде.

Президент Трамп "Твиттердеги" баракчасында Сирияда кайрадан химиялык курал колдонулушун “мыкаачылык”, президент Асадды “айбан” деп атап, аны колдогону үчүн Иран менен катар орус президенти Путинди, Орусияны түздөн-түз айыптады.

Ал эми Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан Дамаскка химиялык курал колдонуу “кызыл сызыктан” өткөнгө тете болоорун жана бул учүн француз аскерлери аскердик сокку ураарын эскертип жүргөн. Ал эгер Думадагы чабуул ырасталса, Париж “өз милдетин аткарат” деп белгиледи.

Германиянын өкмөтү "жагдайлар уулуу газды Асаддын режими колдонгонун көргөзүп жатканына" токтолсо, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Дамаскты "химиялык зат колдонду" деп айыптоону "чагым" деп атады.

Буга чейин Хан Шейхун деген шаарчада зарин газы колдонулуп, сексендей кишинин өмүрү кыйылган соң АКШ былтыр 7-апрелде Сирия өкмөтүнүн "Шейрат" аба базасына канаттуу ракеталар менен сокку урган болчу. Сирия өкмөтү ал чабуулга да тиешеси жоктугун билдирген.

АКШнын кемеси Сириянын аба базасына "Томагавк" ракеталары менен сокку урган учур. 7-апрель, 2017-жыл.
АКШнын кемеси Сириянын аба базасына "Томагавк" ракеталары менен сокку урган учур. 7-апрель, 2017-жыл.

​Химиялык чабуул тууралуу соңку маалыматтардан улам АКШ, Британия, Франция, дагы алты өлкө 9-апрелге Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын чакырды.

"Химиялык курал колдонулду" деген Дума шаарчасын өзүнө камтыган Чыгыш Гутаны Сирия өкмөтү акыркы кездери режимге каршы козголоңчулардын топторунан тазалап, алардын айрымдары аймактан сүйлөшүү аркылуу чыгып кетип да жатышкан. Дума шаарчасынан козголоңчулардын алгачкы топтору кете баштаганын Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары 8-апрелде кабарлашкан.

Президент Башар Асаддын күчтөрү өкмөт 2013-жылдан бери камалоодо турган, 400 миңдей киши жашаган Чыгыш Гутага февраль айында чабуул коюп киришкен.

БУУнун жана укук коргоочу топтордун эсебинде, андан бери абадан урулган соккулардан 1600дөн ашуун жайкын тургун кырылып, дагы миңдеген адамдар үй-жайынан айрылып, ачарчылыкка да кабылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG