Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Threads социалдык түйүнүнүн колдонуучусу кармалганын 18-ноябрда Фейсбук баракчасына жазды. Анын жазганына караганда, pregator4407 аттуу колдонуучу "интернет аркылуу чагымчыл маалыматтарды таратып, бийликти күч менен басып алууга чакырыктарды жасаган".
Аны кайсыл укук коргоо мекемеси, кайсыл берененин негизинде кармаганы айтылган эмес.
Ушул эле колдонуучу өзү дагы "мени кармашты" деп жазып, сүрөтүн жарыялаган.
УКМК жана ИИМ Орунбековдын билдирүүсү боюнча маалымат бере элек.
“Азаттык” 2020-жылдын ноябрь айынан бери социалдык түйүндөргө жазган билдирүүсү, бөлүшкөн маалыматы, жаcаган материалы үчүн суракка чакырылган, кылмыш жоопкерчилигине тартылган 50дөн ашуун жарандын ишин тизмектеген.
Kloop.kg басылмасы пикири үчүн соңку төрт жылда 140 киши камалып же куугунтукка алынганын эсептеп чыккан (анын ичинде 38 активист, 34 саясатчы, 21 журналист, 20 соцтармактардын колдонуучусу бар).
Бул жагдайлар жергиликтүү жана эл аралык коомчулукта сөз эркиндигине байланыштуу камтамачылык жаратып келет. Бийлик өлкөдө сөз эркиндиги бар деген маалымат таратат.
Шерине