Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Шайлоо: Үгүт талаптарын бузган деген негизде үч талапкер айыпка жыгылды


Шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузган үч талапкер, Нуркан Койчуманова (№12 шайлоо округу), Жумабек Салымбековго (№24 шайлоо округу) жана Казыбек Эргешовго (№24 шайлоо округу) айып пул салынды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Бул маселени БШКнын кароосуна үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ киргизген.

Маалыматка караганда, аталган талапкерлер Facebook социалдык тармагында жана Whatsapp мессенжери аркылуу үгүт иштерин жүргүзүү шарттарын бузган маалымат таратышкан.

Натыйжада Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү (7,5 миң) административдик айып пул салынды.

Мындан сырткары №25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эркеайым Сейтказиеванын ар-намысына шек келтирген маалыматтарды камтыган маалыматтар таратылганы аныкталып, Таалай Ашканбаев аттуу социалдык тармактын колдонуучусуна 12,5 миң айып пул салынды.

10-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. Үгүт өнөктүгү 20 күнгө уланып, 29-ноябрда аяктайт. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого катышуу үчүн жалпы 467 талапкерди каттады, алардын 276ы эркектер, 191и аялдар.

Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган. “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзам боюнча, өлкөдө 30 округ түзүлгөн. Эми ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет жана алардын бири аял болушу, эки аял болсо бири эркек болушу шарт. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG