Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:18

Сирияга аскердик сокку уруунун жышааны


БУУнун Коопсуздук кеңеши Сирия боюнча жыйынга 9, 10-апрелде эки күн катары менен чогулду.
БУУнун Коопсуздук кеңеши Сирия боюнча жыйынга 9, 10-апрелде эки күн катары менен чогулду.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Сириядагы соңку химиялык чабуул катары болжолдонгон окуяны иликтөө маселесинде мунаса таба албай, туңгуюкка кептелди.

Ал арада АКШ химиялык чабуулдан улам Сирияга аскерий сокку урушу мүмкүндүгүнүн белгилери көбөйүүдө. Орусия болсо АКШдан Сирияга аскердик сокку уруудан баш тартууну Улуттар Уюмундагы элчиси аркылуу өтүндү.

Сириядагы химиялык чабуул катары сөз болуп жаткан соңку окуяны жана ага карата жооп иретиндеги чараларды талкуулаш үчүн Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши 10-апрелде кайрадан чогулду. Бул отурумда Орусия менен АКШнын өз ара атаандаш резолюциялары добушка коюлду.

Москванын резолюциясын Коопсуздук кеңешинин он беш мүчөсүнүн алтоо гана колдоп, жетөө каршы чыкты, экөө калыс калды.

Резолюция кабыл алынышы үчүн Улуттар Уюмундагы эреже боюнча аны тогуз өлкө колдоп, Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсүнүн эч кимиси вето койбошу керек эле.

Ал эми химиялык чабуулду иликтеш үчүн долбоорун АКШ даярдаган резолюцияны он эки өлкө жактаса да аны Орусия вето укугу аркылуу өткөрбөй койду. АКШнын резолюциясына Орусия менен Боливия каршы чыкса, Кытай арсар добуш берди.

Никки Хейли.
Никки Хейли.

- Орусия бул күнү Сирия элинин эсебинен желмогузду коргоону тандап алганы тарыхта калат. Орусиянын резолюциясы иликтөөчүлөрдү ал өзү тандашына, жыйынтыгын өзү чыгарышына жол берет. Бул өз алдынчалык эмес. Кошмо Штаттар иликтөөчүлөрдү тандоону суранган жок, аны Орусия да жасабашы керек. Кошмо Штаттар акыркы тыянак чыкмайынча кайсыл бир иликтөөдө билингендерди кайра кароону суранган жок, аны Орусия да жасабашы керек. Баарыбыз өз алдынча иликтөө зарыл экенин айтып жатабыз. Биздин резолюция ошол максатка жетет, Орусияныкы андай эмес, - деди АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли өз сөзүндө.

АКШнын резолюциясы БУУнун “Биргелешкен иликтөө механизми” деген мурдагы тобунун ишин жандандырмак. Топтун иши былтыр ноябрда Орусия анын мандатын узартуучу резолюцияга вето койгондон кийин токтоп калган.

Бул топ былтыр апрелде Хан-Шейхун деген шаарчада 100дөй кишинин өмүрүн кыйган химиялык чабуул учурунда курамында зарин газы бар бомбаны "Сириянын аба күчтөрү таштаган" деген бүтүмгө келген.

Хан-Шейхундагы химиялык чабуулдун артынан былтыр 7-апрелде АКШ Сириянын аскердик базасына канаттуу ракеталар менен сокку урган.

Орусиянын элчиси Василий Небензя Коопсуздук кеңеши чечим кабыл ала албай жатканы үчүн АКШ баштаган Батыш мамлекеттерин күнөөлөп, алар "Сириянын бийлигине каршы чара көрүүнүн аргасын гана издеп жатышканына" токтолду:

Василий Небензя.
Василий Небензя.

- Эгер силер мыйзамсыз аскердик авантюрага барууну чечип койгон болсоңор, буга өзүңөр жооп бересиңер. Биз силер али эсиңерге келесиңер деп үмүттөнөбүз. Силер көптөн бери текчеде жаткан резолюцияны Коопсуздук кеңешинде жөн эле жүйө табыш үчүн түртүп жатасыңар. Коопсуздук кеңеши чечим кабыл албаса, силер өзүңөр чечим кабыл ала турганыңарды буга чейин бир нече жолу айткансыңар. Силер биз кабыл албай турган резолюцияны түртүү аркылуу Коопсууздук кеңешинин аброюн түшүрүүгө эмне үчүн чечкиндүүлүк менен аракеттенип жатасыңар?

Орусиянын БУУдагы башкы дипломаты Коопсуздук кеңешинин 10-апрелдеги олтурумунда АКШ элчисине “Сирия боюнча даярдап жаткан пландарыңардан карманууну кайрадан суранам, кайрадан өтүнөм” деп да кайрылган.

11-апрелде АКШны Сирияга сокку урбоого Кремль да чакырды. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, “ракеталык сокку Жакынкы Чыгыштын туруктуулугун олуттуу бузат".

Трамптын эскертүүсү

"Сирияга аскердик сокку урулушу мүмкүн" деген эскертүүлөр Чыгыш Гута аймагында козголоңчулардын колундагы Дума шаарчасында 7-апрелде болгон, айрым тараптар химиялык чабуул катары баалаган окуядан кийин айтылууда.

Анда активисттердин, оппозиция өкүлдөрүнүн, куткаруучулардын айтымында кеминде 40тай кишинин өмүрү кыйылган, арасында жаш балдар да бар.

"Химиялык чабуул учурунда жабыркады" деген баланы Думанын ооруканасында кароо учуру. 7-апрель, 2018-жыл.
"Химиялык чабуул учурунда жабыркады" деген баланы Думанын ооруканасында кароо учуру. 7-апрель, 2018-жыл.

Дамаск менен Москва болсо "эч кандай химиялык чабуул болгон эмес" деп билдирип жатышат.

Ак үй президент Дональд Трамп “Cирияга АКШнын жообун координациялап, эл аралык абалга байкоо жүргүзүш үчүн” Түштүк Америкага да барбай калганын билдирди.

11-апрелде "Твиттердеги" баракчасында президент Трамп “Орусия даяр бол”, себеби ракеталар “келет”, “силер өз адамдарын газ менен өлтүрүп, андан ырахат алган айбан менен өнөктөш болбошуңар керек эле",- деп жазды.

Мурдараак Думадагы химиялык чабуулдун “куну өтө чоң болорун” эскерткен Трамп буга чейин британ премьери Тереза Мэй, француз президенти Эммануэл Макрон менен бир сыйра кеңешкен:

Эммануел Макрон Сирия маселесине Саудиянын ханзаадасы Мохаммед бин Салман менен жолугушуу учурунда кайрылды. Париж, 10-апрель, 2018-жыл.
Эммануел Макрон Сирия маселесине Саудиянын ханзаадасы Мохаммед бин Салман менен жолугушуу учурунда кайрылды. Париж, 10-апрель, 2018-жыл.

- Бизде "кызыл чек" бар. Ал "кызыл чек" режим өз жарандарына жана козголоңчул топторго каршы көргөн чараларга тиешелүү. Биз өнөктөштөрүбүз, өзгөчө АКШ, Британия менен техникалык стратегиялык маалыматтарды алмашууну улантып жатабыз, чечимибизди жакынкы күндөрү жарыялайбыз, - деди президент Эммануэл Макрон 10-апрелде.

"Сирияга абадан сокку урулушу мүмкүн" деген кооптонулардан улам Европанын Аба каттамдарын көзөмөлдөө агенттиги авикомпанияларга Жер ортолук деңизинин чыгыш бөлүгүндө сак болуу зарыл экенин 10-апрелде эскерткен.

"Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы" Дамасктагы бийлик армияны, бардык аскер базаларын, аэропортторду күжүрмөн даярдыкка келтиргенин кабарлады.

Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG