Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Орусиянын Днепрге соккусунда эки киши жараат алып, бир нече райондо өрт чыкты


Днепрге болгон чабуулдардын биринин кесепети. (Архивдик сүрөт)
Днепрге болгон чабуулдардын биринин кесепети. (Архивдик сүрөт)

18-ноябрга караган түнү Орусиянын Днепрге болгон чабуулунан эки адам жабыркады. Облустук администрациянын башчысы Владислав Гайваненко 59 жаштагы аял жана 67 жаштагы эркек орто оор абалда ооруканага жеткирилгенин билдирди.

Маалыматка караганда, шаардын бир нече жеринде өрт чыгып, алты турак үй, административдик имарат, дүкөн жана бир катар коммерциялык жайларга зыян келтирилди.

Жергиликтүү “Суспильне” жана “Украин үналгысы” жайгашкан эки кабаттуу имарат да зыян тартты.

«Өрт тутанып, эшик-терезелер сынып, имараттын чатыры бузулду. Чабуул маалында редакцияда кызматкерлер болгон эмес», — деп жазды “Суспильне”.

Днепрдин темир жол инфраструктурасына да сокку урулганы кабарланды. Мындан тышкары, Днепропетровск облусунун Самаров жана Павлоград райондорунда да бир катар инфраструктуралык объектилерге залакасы тийди.

Ушул эле күнү Харьков облусунун Берестин шаарына жасалган чабуулдан 17 жаштагы кыз каза болуп, кеминде 10 тургун жаракат алганын өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар кызматы билдирди. Чабуул маалында бир нече жеке жана көп кабаттуу үйлөр, административдик имараттар жана башка жарандык объектилер талкаланган.

Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, өткөн түнү өлкөгө 114 дрон жана төрт ракета менен сокку урулду. Анын 101и атып түшүрүлгөн.

2022-жылдын февралынын аягында Орусия Украинага ар тараптан басып киргенден бери миңдеген украин жараны набыт болуп, миңдеген турак жайлар талкаланды, жүз миңдеген карапайым калк жер которууга аргасыз болду.

Москва “атайын аскердик операция” деп атаган согушта Украинада бир гана аскердик объектилер бутага алынарын билдирип, карапайым тургундар жашаган аймактарга сокку урулганын мойнуна албайт. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG