Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:51

Тынчтык саммити: Бишкектин билдирүүсү, Орусиянын таасири


Бишкек.
Бишкек.

Расмий Бишкек Украинанын 15-июнда Швейцарияда өткөрө турган Тынчтык саммитине барбай турганын билдирди.

Мунун алдында украин президенти Владимир Зеленский Борбор Азия лидерлерине кайрылып, саммитке чакыруу жолдогон. Киев уюштуруп жаткан Тынчтык митингинин геосаясаттагы орду кандай жана бул иш-чара Борбор Азиядагы абалга кандай таасир берет?

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов германиялык Deutsche Welle басылмасына курган маегинде өлкө президенти Тынчтык саммитине катышпай турганын, мунун себептери украин тарапка негиздеп берилгенин айтты.

“Украина менен көп убакыттан бери эле тыгыз байланыштабыз. Кыргызстандын президенти башында эле биз Орусияга да, Украинага да бирдей эле мамиле кыларыбызды айткан. Экөө тең бизге жакын өлкөлөр жана Кыргызстанда орусиялык да, украиналык да этникалык азчылыктар жашайт. Биз бул кырдаалды токтотууга жан үрөйбүз. Украина бизди түшүнөт жана биз анын (ред.: Тынчтык саммитине катышпоонун) себептерин негиздеп бердик”, - деди Байсалов.

Маекте ал Москвага Батыш салган санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берүүгө расмий Бишкек кызыкдар эмес экенин, өлкөдө эркин базар калыптангандыктан бардык жүктөрдүн кирип-чыгуусун, багытын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк жоктугун белгилеген.

Киев демилгелеп жаткан Тынчтык саммити 15-16-июнь күндөрү Швейцарияда өтөт. Бул жыйынга өкмөт башчылардын жана президенттердин деңгээлиндеги 160 мамлекеттин делегациялары чакырылган. Анда украин президенти Владимир Зеленский сунуштаган “тынчтык формуласы” талкууланары кабарланган.

Зеленский 24-майда борборазиялык журналисттерге берген брифингде саммитте бул аймактын лидерлерин да көргүсү келгенин айткан.

"Биз бардык лидерлерди чакырып жатабыз, баарын. Алардын кызыкчылыгы ар кандай, санкция киргизгени, киргизбегени бар. Борбор Азия лидерлерин да чакырдык. Биз аларды бул саммитте көргүбүз келет. Бул жерде эмнеден коркушат? Путиндин жок болушу гана коркунуч жаратат. Эмне, алар келип койсо, Путин Борбор Азиянын бир мамлекетине танктары менен жөнөйбү? Жок, бул аздык кылат. Алар Кремл менен азыркы алакасын жоготуп алуудан коркот. Бул согуштун аякташына жардам бербейт. Кудай сактасын, элестетип көрсөңөр, биздин позицияда болсоңор, колдоо көрсөтпөгөн, кошулбаган өлкөлөргө кандай карайт элеңер? Өкмөттөр санкция киргизет, бирок саммитте тынчтык тууралуу, диалог тууралуу сөз болот. Кайсы бир агрессорго каршы согушта жалгыз экениңерди элестетип көрсөңөр. Менимче, бул алсыздык. Мен Борбор Азиянын бардык лидерлери сөзсүз болуп, бул окуяны колдоп коюшун каалайт элем”, - деген Зеленский.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги саммит боюнча Байсаловдун айтканын бышыктай да, төгүндөй да элек. 4-июнда Швейцариянын Тышкы иштер министрлиги жыйынга чакырылган 160 өлкөнүн 80и макулдугун бергенин билдирген.

АКШнын Ак үйү саммитке вице-президент Камала Харрис барарын, Кытайдын Тышкы иштер министрлиги катышпай турганын тактаган.

Борбор Азия мамлекеттери саммитке чакырууга азырынча расмий жооп бере элек. Украинадагы согушта “нейтралдуу позицияны” карманып келаткан бул аймактагы бийликтердин Орусия менен тыгыз кызматташтыгы Киевдин чакыруусунан баш тартууга аргасыз кыларын айткандар бар. Евразиянын стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору Бакытбек Жумагулов буларга токтолду:

“Кичинекей Кыргызстан чоң геосаясий оюнчулар катышкан абалга кандай таасир эте алат деген суроо турат. Менимче, Кыргызстан бул маселе боюнча Орусия менен Кытайдын позициясын четке кагып, башка позицияны жактай албайт. Бул кырдаал Кыргызстан үчүн эле эмес, жалпы аймакка да мүнөздүү. Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстан да ушундай эле позицияда болот”.

Жумагулов Борбор Азия өлкөлөрү Украина маселесинде обочолгон позициясы менен Кремлдин каарына калгысы келбей турганын, Орусиянын энергетика, миграция маселесинде бул аймактагы өлкөлөргө таасири күч экенин кошумчалады.

Берлиндеги Карнеги борборунун илимий кызматкери Темур Умаров да ушундай эле пикирде.

"Негизинен буга прагматизм себеп. Бирок, албетте, мындай прагматизмде кайсы бир деңгээлде коркунуч да бар, себеби эгер Орусиянын ачуусуна тийсе кесепети болорун [Борбор Азия өлкөлөрү] түшүнүп турушат", - деп түшүндүрдү Орусияны жана Евразияны изилдөө боюнча борбордун илимий кызматкери.

Алматылык саясат таануучу Досым Сатпаевдин баамында, Орусияда чөлкөмдөгү мамлекеттерге таасир эте турган жолдору бар:

"Өзбекстан менен Казакстан энергия ресурстарынын жетишсиздиги жагынан болсо, Кыргызстан менен Тажикстан Орусиядагы эмгек мигранттарынын акча которууларынан, ал эми Түркмөнстан Орусиянын сатып алууларынан көз каранды. Орусиянын колунда алардын баарына таасир этүүчү ар кандай мүмкүнчүлүктөр бар".

Сатпаев Кремлден коркуу тууралуу сөз болгондо көпчүлүк учурда көз жаздымда калып жаткан дагы бир факторду – Кытайдын аймактагы эбегейсиз ролуна көңүл бурат.

"Алар өздөрүн Зеленскийге караганда Путинге көбүрөөк окшошпуз деп гана эсептебестен, Си Цзинпинге окшоштурса керек. Андыктан, Зеленский көп жагынан туура айтууда", - дейт ал.

Украинадагы согуш башталганы Борбор Азияга геосаясий процесстин таасири байкалып, Батыш өлкөлөрү катышын бекемдөө ниетин билдире баштады. Буга 2023-жылы Вашингтондо өткөн АКШ жана Борбор Азия лидерлеринин С5+1 форматындагы саммити, андан кийин аймактагы мамлекет лидерлери ушундай эле форматта Германиянын жана Кытайдын бийлиги менен да жолугушууларды өткөргөн.

Анткен менен Батыш мамлекеттери Борбор Азия өлкөлөрү Москванын санкциядан кыйгап өтүшүнө мүмкүнчүлүк түзүп бербеши үчүн тыкыр көз салып турат. Мындан улам санкция маселеси боюнча кыргыз бийлиги менен бир катар жолугушуулар өтүп турду. Бир жагынан мамилесин бекемдөөгө ынтызар болуп, экинчи тараптан санкциялардын аткарылышында Борбор Азияга күмөн менен караган Батыш мамлекеттери Тынчтык саммитинде бул аймактын лидерлеринин позициясына канчалык көңүл бурат деген суроо турат.

Журналист жана талдоочу Адил Турдукулов буларга токтолду:

“Борбор Азия лидерлеринин позициясы мамилени кескин өзгөртпөйт деп ойлойм. Саммитке катышып-катышпоо биздин тандообузга калган иш. Мисалы, мамлекетте санкцияны буйтап өтүү аракеттери буга чейин да байкалганда Батыш лидерлери эч кандай санкция салган жок. Ошондуктан саммитке катышпай койгону үчүн катаал чараларды колдонбойт деп ойлойм. Зеленский бир гана Борбор Азия эмес, “бейтарап” позицияны карманып жаткан өлкөлөрдү да өзүнө имерүүгө аракет кылган, бирок мындан толук майнап чыккан жок. Анткени алар позициясын өзгөртүп, Украинаны жактап кеткен жок. Баягы эле Батыш, Жапония, Түштүк Корея, Австралия колдоп жатат. Алар күчтүү мамлекеттер. Биздин мамлекеттер бир жагынан Орусиянын каарына калбай, экинчиден Кытайдын позициясын эске алганга аракеттенүүдө”.

Зеленский бул саммитте өзөктүк, энергетикалык коопсуздук, азык-түлүк маселеси, туткундарды айырбаштоо маселеси карала турганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG