Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:26

Сингапурдагы саммит: Зеленскийдин сыны, Кытайдын жообу


Ллойд Остин менен Владимир Зеленский Сингапурдагы жолугушууда, 2-июнь, 2024-жыл.
Ллойд Остин менен Владимир Зеленский Сингапурдагы жолугушууда, 2-июнь, 2024-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Азия-Тынч океан аймагындагы коопсуздук маселелерине арналган "Шангри-Ла диалогу" форумунда 100дөн ашык өлкө Швейцарияда өтө турган тынчтык жолугушуусуна катышууга убада бергенин айтты.

Сингапурдагы жыйын алкагында Зеленский менен АКШнын коргоо министри Ллойд Остин менен жолугушту.

Анда Зеленский Пентагондун башчысы менен Киевдин коргонуу муктаждыктарын, Украинанын абадан коргонуусун чыңдоо, F-16 согуштук учактарын жеткирүү, ошондой эле эки тараптуу коопсуздук келишимин даярдоо маселелерин талкуулады.

Украина лидери АКШ президенти Жо Байденге коргонуу үчүн Орусиядагы буталарга америкалык курал-жабдык менен чабуул коюуга уруксат бергени үчүн ыраазычылык билдирди.

Украинанын президенти Владимир зеленский.
Украинанын президенти Владимир зеленский.

"Биз президент Байденге жакында эле америкалык курал менен Орусиянын Харьков облусуна жакын жайгашкан аймагына сокку урууга уруксат бергени үчүн ыраазыбыз. Бул жетиштүүбү? Жок. Мен буга чейин Украинаны бомбалабай турган аэродромдорду мисал келтирдим, анткени бизде коргонуу үчүн андай система жок", - деди Зеленский.

30-майда АКШнын маалымат каражаттары өз булактарына таянып, президент Жо Байден америкалык курал менен Харьков шаарын коргоо максатында Орусиянын аймагына сокку урууга уруксат бергенин жазышкан.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Азия-Тынч океан аймагындагы коопсуздук маселелерине арналган "Шангри-Ла диалогу" форумунда 100дөн ашык өлкө Швейцарияда өтө турган тынчтык жолугушуусуна катышууга убада бергенин, Кытай жооп бере электигин айтты.

"Тилекке каршы, Орусия Кытайдын аймактагы таасирин, кытай дипломаттарын пайдаланып, Тынчтык саммитин үзгүлтүккө учуратыш үчүн баарын жасап жатат. Кытай сыяктуу чоң, көз карандысыз жана күчтүү мамлекет Путиндин колундагы куралга айланганы өкүнүчтүү", - деди ал.

Өз кезегинде Сингапурдагы жыйынга Кытайдын коргоо министри Дун Цзюнь катышып, анын өлкөсү бейтарап позицияда экенин кайталады:

Дун Цзюнь
Дун Цзюнь

"Украина кризисине байланыштуу Кытай тынчтык сүйлөшүүлөрүн алдыга жылдырууга жоопкерчиликтүү мамиле кылууда. Биз жаңжалдашкан тараптардын бирине эч качан курал берген эмеспиз. Биз кош максатта колдонулуучу товарларды экспорттоого катуу көзөмөл киргиздик жана жанжалды күчөтө тургандай эч нерсе кылган жокпуз. Биз тынчтыктын жана диалогдун тарабында бекем турабыз".

Зеленский Швейцариядагы эл аралык конференциянын алдында, Украинанын позициясын бейтарап өлкөлөргө, анын ичинде Азияга жеткирүү максатында Сингапурга барууга ниеттенип жатканын маалымат каражаттары жазышкан.

Украина президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, Зеленский жолугушуунун катышуучуларына соңку кырдаал, Украинага курал-жарак жеткирүү жана санкциялык демилгелер тууралуу маалымат берди.

"Шангри-Ла диалогу" - Сингапурдагы Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институту (IISS) көз карандысыз аналитикалык борбору жыл сайын өткөрүүчү өкмөттөр аралык форум. Уюштуруучулардын айтымында, жекшемби күнү Зеленский “Глобалдык тынчтык жана аймактык стабилдүүлүк үчүн чечимдерди кайра карап чыгуу” аттуу талкууга катышат.

Форумга АКШ жана Кытай баш болгон аймактагы 30га жакын мамлекеттен жогорку даражалуу өкүлдөр катышууда. Орусия "Шангри-Ла диалогуна" 2022-жылдан бери Украинага бастырып киргенден бери бара элек.

Украина: Орусиянын чабуулунан кийин электр жарыгы өчүрүлүүдө

Украинада 2-июндан тарта энергетика тармагындагы оор кырдаалга байланыштуу электр жарыгы өчүрүлгөнүн «Укрэнергонун» басма сөз кызматы билдирди.

"Тилекке каршы, Орусиянын аткылоосунан жабыркаган энергетика системасындагы абал өзгөрө элек. Ошондуктан "Укрэнерго" ишканасынын көрсөтмөсү менен авариялык өчүрүүлөр жүргүзүлүүдө. Энергетиктер кырдаалды турукташтыруу үчүн колдон келгендин баарын жасап жатышат", - деп айтылат билдирүүдө.

Yasno камсыздоочу компаниянын башкы директору Сергей Коваленко да өлкө боюнча авариялык өчүрүүлөр болуп жатканын ырастады.

1-июнга караган түнү орус армиясы Украинанын энергетикалык инфрастуктура түзүмдөрүнө кайрадан чабуул жасаган.

31-майда Украина жана Орусия ортосунда үч айдан берки кезектеги туткун айырбаштоо жүргөнүн эки өлкөнүн өкүлдөрү билдиришти. Айырбаштоо тууралуу сүйлөшүүлөргө Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) ортомчулук кылган.

Орусия 75, Украина 71 жоокерин жана төрт жай тургунун кайтарып алганы маалымдалды.

Ошондой эле эки өлкө каза болгон жоокерлеринин сөөгүн бири-бирине өткөрүп беришти. Орусия 45, Украина 212 маркумдун сөөгүн алды. Алар Донецк, Запорожье, Луганск жана Харьков багыттарында курман болгондор экени кабарланды.

26-апрелде Орусия 36, Украина 140 жоокеринин сөөгүн айырбаштаган.

Украинадагы, Орусиядагы соңку чабуулдар

Украинанын аба күчтөрү жекшембиге караган түнү 25 учкучсуз учактын 24ү атып түшүрүлгөнүн жарыялады.

2-июнга караган түнү орус аскерлери Украинага “Искандер-К” канаттуу ракетасы, С-300 зениттик ракетасы жана 25 дрон менен чабуул койгонун Украинанын Аскердик аба күчтөрүнүн командачысы Николай Олещук билдирди.

Анын айтымында, 24 учкучсуз учак Николаев, Одесса, Херсон, Киев, Хмельницкий, Днепропетровск, Кировоград, Винница облустарында атып түшүрүлгөн.

Украинанын Аскердик аба күчтөрүнүн билдирүүсүнө ылайык, ракеталарды атып түшүрүү мүмкүн болгон эмес.

Орусиянын Коргоо министрлиги жекшембиге караган түнү Курск жана Белгород облустарынын үстүндө абадан коргонуу системалары үч дронду жок кылганын билдирди.

Дагы бир учкучсуз учак Азов деңизинин үстүндө атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков эртең менен өзүнүн Телеграм-каналында бир нече дрон атып түшүрүлгөнүн жазды.

Дрон калдыктарынан Белгород облусунун бир катар айылдарында автоунаалар, үйлөрдүн фасаддары жана тосмолор талкаланган.

Бийлик Шебекино шаарында алты карапайым тургун жараат алганын, аткылоо маалында алардын бешөө автобуста, алтынчы киши көчөдө бара жатканын, баары бейтапканага жеткирилгенин жарыялады.

Маалыматка караганда, Корочанский районунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жарылбай калган снарядды текшерип жаткан учурда ал жарылып кетип, райондук администрация башчысынын орун басары Игорь Нечипоренко каза болгон. Райондун жетекчиси, эки кыштактын башчысы жеңил жараат алган.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG