Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Өзбек бийлиги мигранттарына кол сунду


Вологодс авто-тетик заводунун директорунун орун басары Виктор Попов. Ташкент 2017-жыл
Вологодс авто-тетик заводунун директорунун орун басары Виктор Попов. Ташкент 2017-жыл

Расмий Ташкент миграцияда жүргөн жарандарына мамилесин өзгөртүп жаткандай.

Өзбекстандын мамлекеттик органдары жарандарын Орусиядагы ири завод, ишканаларга жумушка орноштурууга аракет кылып жатышат.

Миграция агенттигинин ырасташынча, Өзбекстандан эки миңдей жумушчу жана адис Орусияда эң ири деп саналган Вологодск авто-тетик заводуна ишке алынмай болду.

Агенттиктин маалымат катчысы Карим Бахриевдин айтымында, 3-май күнү Ташкентке келген Вологодск авто-тетик заводунун директорунун орун басары Виктор Попов эки жүздөй өзбек жараны менен маектешүү өткөргөн. Ошондой эле Миграция агенттигинин өкүлү орусиялык "Ренесанс" курулуш ишканасына 12 миң өзбек жаранын жумушка алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын кошумчалады.

Эмгек министрлигиндеги Миграция агенттигинин маалымдашынча, акыркы мезгилде Өзбекстан өлкө сыртында эмгектенген жарандарынын маселелерин чечүүгө аракет кылып жатат. Өткөн жылы миграция агенттигинин өкүлдөрү Орусиянын бир катар аймактарын кыдырып, бир нече эмгек келишимдерине кол коюп келген.

Орусиядагы эмгек мигранттары.
Орусиядагы эмгек мигранттары.

Ал эми апрель айынын башында Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Орусияга сапары маалында кызматташуу боюнча 55 документке кол коюлган. Ал документтерде өзбек жарандарын Орусияда убактылуу ишке орноштуруу, миграция маселелерин жөнгө салуу сыяктуу келишимдер камтылган.

Өзбекстандын туңгуч президенти, маркум Ислам Каримов өлкө сыртында эмгектенген жарандарды сындап келгени белгилүү. Каримов сыртка жумуш издеп кеткен мигранттарды "өлкөнү уят кылгандар, жалкоолор, даңгеселер” деп атаган. Президенттин мындай сындарынан кийин ошол кездеги өкмөт чет жакка кеткен эмгек мигранттарынын санын кыскартуу максатында үгүт топторун түзүп, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Орусияда Борбор Азиядагы Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстандан барган миңдеген мигранттар эмгектенишет. Бул өлкө бийликтери мигранттардын ал жактагы жашоосун жеңилдетүүнүн ар кандай жолун издеп келишет.

Жакында эле Орусия Тажикстандын жарандарына миграциялык амнистия жарыялаган. Ага ылайык, учурунда миграциялык каттоого тура албай калган тажикстандыктарга 25-марттан 24-апрелге чейин, бир ай ичинде документтерин мыйзамдаштырууга, ошондой эле “кара тизмеден” чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Жарыяланган амнистия боюнча Орусиядагы тажикстандыктар ИИМдин жергиликтүү органдарына паспорттору менен кайрылып, миграциялык каттоолорун жаңыртып, толук мыйзамдаша алышмак. Бүгүнкү күндө Тажикстандын расмий органдарынын маалыматында 102 миң тажик мигранттары миграциялык мунапыска илиништи. Ошондой эле тажик жарандарынын Орусияда убактылуу жүрүү мөөнөтү 30 күндөн 90 күнгө чейин узартылган.

Өткөн жылдын аягында Орусияда жалпысынан 10 миллионго чукул эмгек мигранты катталса, алардын 8 миллиондон ашууну КМШ өлкөлөрүнөн баргандар.

Башка жылдарга салыштырмалуу Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан жана Молдованын мигранттарынын саны азайса, Кыргызстандан баргандардын саны көбөйүп, 593 миңди түзгөн.

Былтыр Орусиядагы чет элдик мигранттардын 2,5 миллиону гана тийиштүү документтерди алып, мыйзамдуу иштешкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG